2015-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Жыл алмашкан сайын кирип келген жыл дүйнөгө жана Кыргызстанга эмне тартуулайт деген ой баарын кызыктырат. Бул жаатта кандай жоромолдор бар экенине биз да кызыгып көрдүк.

Кыргызстанда
САЯСАТТА ЖАНА КООМДО
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин божомолу:

  • Кой жылында өкмөт башчы жана өкмөт алмашышы мүмкүн.
  • Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо үч партия чыгышы мүмкүн. Негизи шайлоодо ар бир партиянын 20 миллион доллардын тегерегинде акча сарпташы болжолдонууда. Мынча акчаны 3 партия чогулта алат. Демек, кээ бир партиялар биригүүгө аргасыз, бириккенде деле көбү өтпөй калат да, майда митингдерди уюштурушат.
  • Бириккен «Республика» менен «Ата Журтка» келсек, 2 лидер бирине жол бошотсо 4-орунду алышат. Болбосо айтуу кыйын.
  • Рубль азыркы деңгээлинен бир аз көтөрүлөт, бирок көпкө кармалбай кайра түшөт. Кыргыз сомунун да куну түшөт.
  • Президент, өкмөт, депутаттар, министрликтер тарабынан текшерүүлөр катуу жүрөт. Демек, орун алмашуулар болот.

Негизи 2015-жыл Кыргызстан үчүн кыйын жыл болот. Буга Бажы биримдигине кирүү, экономикалык абал, инвестициянын аз келиши, шайлоо жана башкалар түрткү болот. Бузукулардын кебине кирбей, сабырдуу болуубуз кажет. Болбосо кыйын абалда калышыбыз ыктымал.

Көзү ачык Дилдара Буларкиева:
– Жазында Ош жана Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, Чүйдө сел жүрөт. Жер титирөөлөр жайында, күздө жана кышта күтүлөт. Очогу Токмокто, анан Өзбекстан, Тажикстандын чек арасына жакын аймактарда катталат. Күздө Ош, Талас аймактарында жана Бишкекте чакан митингдер өтүшү мүмкүн. 5 депутаттын жана 2 министрдин өмүрүнө коркунуч туулат. 6 партия биригет. Жыл ичинде өкмөт башчы кетип, 8 министр алмашат. 2-3 депутаттын үстүнөн кылмыш иши козголот. Кыш кыска болуп, жаз эрте келет. Жай орточо кургакчыл болуп, күз узун, анан жаанчыл болот. Түшүм орточо алынат.

Экстрасенс, астролог Индира Исманкулованын божомолу:
– 2015-жыл сюрприздерге бай жыл. Жаз, күздө саясатта өзгөрүүлөр күтүлөт. Өкмөт башчы алмашат, ал эми өкмөт курамы жарым-жартылай жаңырат. Март айында өлүм, алдоолор көп болот. 8-апрелден тартып 17-майга чейин газ, электр энергиясы же чек арага байланыштуу маселелер чыгат. Жайында Тажикстан менен болгон чек арада кооптуу кырдаал жаралат. 16-июнь-25-октябрь аралыгында бийлик жана андагыларга, социалдык жана түрмө маселелерине байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлөт. Чиновник жана депутаттардын кээ бирлери соттолот. Митингдер өтүшү мүмкүн. Март-август аралыгында кыймылсыз мүлк, нике жана курулуштарга байланыштуу маселелер натыйжалуу чечилбейт. Май-июнда идеологиялык системдердин бекемдиги сыналып, жаңылары түзүлөт. Декабрь – түрдүү кырсыктарга жакын ай.
Экономикада августка чейин кыйынчылыктар болуп, анан аздан көтөрүлө баштайт.
Август, сентябрда бөйрөк, тамак жана кан тамыр ооруларынан, март, августта муун, ал эми июль, декабрда жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактануу кажет. Негизи жыл ичинде жугуштуу оорулар күчөйт.

АБА ЫРАЙЫ
Санжырачы жана жыл санакчы Дастан Сарыгуловдун аба ырайы боюнча божомолу:
– Башкасын болбосо да кыш менен жазды так айтып берем. Быйыл жаз эрте келет. Январдын 20сынан кийин жаздын деми сезиле баштап, 10-15-апрелде жаз толук өз өкүмүн сүрүп калат. Февраль-март айлары жылуу болот.

Дүйнөдө
Орусиялык астролог Павел Глобанын божомолу:

  • 2015-жылы Евробиримдик акырындап талкаланууга өтүп, мүчө өлкөлөр андан четтей баштайт.
  • Италия, Франция, Испанияда төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн.
  • Түркия менен Ирандын ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, ага Орусия кийлигишип токтотушу ыктымал.
  • Орусия Украина, Азербайжан, Армения менен пайдалуу келишимдерди түзүп, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдү өзүнүн тегерегине топтоого өтөт.
  • Алгачкы 6 айда Европа нөшөрлүү жамгырдан, Орусия жайында өрттөн жабыркайт.
  • Африкадагы ачарчылыктын айынан көптөгөн эл Европага жер которот.

Көзү ачык Ванганын божомолу:
Европанын, Түштүк Американын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын көптөгөн бөлүгүн суу каптайт. Андыктан жылдын экинчи жарымында эл массалык түрдө Түндүк Америкага, Канадага жана Орусияга көчө баштайт.
Мишель Нострадамустун божомолу:
4 өлкөнүн өлкө башчысынын өмүрүнө кол салуулар болот.

ӨТКӨН ЖЫЛЫ ТУУРА КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР

Жыл жаңырарда артка кылчайып, болуп өткөн окуяларды анализдеп көрдүк. 2014-жылы бизди эмнелер күтөрү тууралуу көзү ачыктардын астротөлгөдөн айткан божомолдорунун көпчүлүгү туура чыгыптыр.
Кыргызстанда
Божомол: Жай ысык жана кургакчыл болот.
Тактасак: Жай кургакчыл келип, мунун айынан түшүм аз болду.
Божомол: Марттын экинчи жарымынан тартып апрелдин аягына чейин күтүлбөгөн жана жагымсыз окуялар бийлик кылат.
Тактасак: 24-марттан баштап өлкө боюнча бензиндин баасы 1 сомго кымбаттады.
25-мартта Жантөрө Сатыбалдиев отставкага кетүүгө арыз берди.
17-апрелде Баткен облусунун Зардалы айылына жакын жерде жарылуучу зат жарылып, 2 баланын өмүрүн алып кетти. 5 бала жаракат алып, ооруканага түштү жана башкалар.
Божомол: Айрым партиялар биригет.
Тактасак: «Бүтүн Кыргызстан» менен «Бир бол» жана «Республика» менен «Ата Журт» партиялары биригишти.
Божомол: Армияда жана күч түзүмдөрүндө тартипке келтирүүлөр башталат.
Тактасак: 6-февралда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы түзүлдү.
Божомол: Экономикада оорчулук апрель, август, октябрь, ноябрь айларында күтүлөт. Элде ушул аралыкта акча каражаты тартыш болот.
Тактасак: Октябрдын башында рублдун курсу 1.36, ал эми доллардын курсу 54.20 болуп, ноябрдын аягында рублдун курсу 1.20га түшүп, доллардыкы 57.50гө көтөрүлдү. Ал эми декабрда рублдун курсу түшүп отуруп 0.70 тыйынга бааланса, доллар 60 сомго чейин жогорулады.
Дүйнөдө
Божомол:
Орусия Крым жарым аралын бөлүп алуу максаты менен Украинага кысым жасап, куралдуу кагылышуулар жүрөт. Украина экиге бөлүнүп, чыгыш бөлүгү Орусиянын курамына кириши мүмкүн.
Тактасак: 2014-жылдын 16-мартында өткөн референдумдан кийин Крым Орусияга өттү. Украинанын аймактык бүтүндүгү азыркыга чейин суроо бойдон турат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргызстанда 2015-жылы эмнелер күтүлөт?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Oceana
2015-01-05 11:37:54
ХХХ ХХХ ХХХ ачырып койгондойго.
Бир гана Аллах билетта эмне болуп,эмне болбошун.
+6
admin_media
2015-01-05 12:05:10
Oceana, Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
+1
MikeTigr86
2015-01-05 13:11:00
chyn, bir Alladan bawka ech kim bilbeit erten emne bolorun.
+1
ilyamyrza
2015-01-05 15:28:26
Кыргызстанга эмне тартуулайт деген ой баарын кызыктырат.Бирок аны азыркы убакта керемет коч коргон бала да, божомолдоп айталатургандай денгээлде болуп калбадыбы ::: жаз ж/а куз айларында митингдер отот,кышында электр жарыгы танкыс болот, чон атка минерлер ардайымкыда бирин-бири чукулашып,куру убадаларын берет ,базар баалары которулот деп))) бул текстида божомолго кошуп койгула,кийинки жылы тууру чыгыщы мумкун)))
0
ilyamyrza
2015-01-05 15:30:46
Ванге качаан эле олгон бирок жылдале анын передсказанияларын ким каяктан угуп эле жазып жатыптыр ,магада кызык табыщмак боло баштадыго)))
0
K.Batken
2015-01-06 02:14:57
ilyamyrza, Ванганын айткан-дегендери интернетте роликтерине чейин чыгып кеткен..ошояктан табыштыда!туура баары Алланын колунда,бирок ванганын айткандары болууда!ужас..!!
0
uliana
2015-01-05 22:09:40
Албетте биринчиден кыргыз элимде тынчтык гана балсун! Ал эми козу ачыктарга келсек аларга такыр ишенууго болбойт деп ойлойм божомолдоону биз деле билебиз биздин деле создорубуз кээде туура чыгып калуусу мумкун, бирок бул деген ал адамга ишенуу керек деген соз эмес да. Эртен эмне болоору бир гана алланын колунда.
+2
zaika.tvo9.1990
2015-01-06 03:20:45
Ох, элимде, жеримде тынчтык болсунчу?
0
Ajar.
2015-01-06 11:10:37
Жазында сел болору турган иш да, жер титирөөлөр болуп турат дайыма эле, митингдер көбүнчө жазында болот го, чек ара маселеси, газ ж.б. көзү ачык эместерге деле белгилүү да. Жалпылап айтышыптыр, эл билген нерсени. Конкреттүү эч нерсе айтышпаптыр.
0
Гулжигит
2015-01-06 11:23:07
Март-август
аралыгында кыймылсыз мүлк, нике жана
курулуштарга байланыштуу маселелер
натыйжалуу чечилбейт.???
0
Ayperi94
2015-01-07 01:25:02
Баары Кудайдан болот го. Жер жузундо тынчтык жана токчулук -молчулук болсун!
+1
Ayka1994
2015-01-07 12:54:08
Буга ишене албайм баарын кудай берет кудай билетго э
0
bek-83kg
2015-01-07 17:05:11
Накти жейт баары
0
nurgul_1980
2015-01-07 18:44:36
Ойюо келгенин отой беришет ээк
0
nurzat.71
2015-01-07 21:35:36
215-жыл тынчтыктын, ынтымактын жылы болсун,эл аман болсун эличинде биз аман бололу туугандар.сабырдуу болгула жараткан алла озу колдосун бойдо кырсыктан.
0
tursunbaev2004
2015-01-08 01:46:08
Туура айтасынар баарына Аллах себепчи,жакшы ниет кылсак,баары жакшы болот,козу ачык,астрологторго ишенбеш керек,жаны жыл жакшы жыл болсун,баарыбызга ийгилик алып келсин,ЖАНЫ-ЖЫЛЫНЫЗДАР менен мекендештер!!!
0
Chikus93
2015-01-10 13:44:05
Эртен эмне болушун бир гана кудуреттуу Аллах гана билет!жогорудагы айтылгандардын баары ширк!
+2
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан