30-декабрдан тартып Кыргызстандын түштүк аймагына газ бериле баштады. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирди. Маалыматка караганда, «Газпром Кыргызстан» 2015-жылга карата жаратылыш газын ташуу боюнча «Gazprom Schweiz AG» компаниясы менен келишимге кол койгон. Аталган компания «Газпром» холдингинин курамына кирет жана Борбордук Азиядан Европага жаратылыш газды ташуу жана сатуу иштери үчүн жооп берет. Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү жана «Газпром» компаниясы бир канча жолу өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жургүзгөн. Бул жолугушуулардын жыйынтыгында Өзбекстандан Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүү чечими кабыл алынган.
Келишимдин шарттарына ылайык, 2014-жылдын 30-декабрынан баштап өлкөнүн түштүк аймагындагы облустарга газ берүү калыбына келтирилди. Ош шаардык мэриясы газ түтүктөрүн текшерүү, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу көгүлтүр от 30-декабрь кечке маал бериле баштаарын билдирди. Көгүлтүр оттун тарифи да өлкөнүн түндүк аймагындагы баанын деңгээлинде бекитилет. 2014-жылдын декабрь айындагы тариф калк үчүн 1 метр кубуна 13 сом 54 тыйынды түзгөн. Өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдарга 1 метр куб газдын баасы 16 сом 30 тыйын деп бекитилген.
Эске салсак, Өзбекстан 2014-жылдын 14-апрелинде Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү токтоткон болчу.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg