Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов «Республика» фракциясынын катарынан чыгып, «Замандаш» партиясына кошулгандыгын шардана кылды. Эл өкүлү: «Биз "Республика" партиясы менен депутат болуп шайланганбыз. Азыр ал партия жок. Партиянын мүчөлөрүнүн пикири менен эсептешпей туруп, "Республика" "Ата Журт" партиясы менен биригип кетти. Менин партиядан чыгышым ушуга байланыштуу»,- деп билдирди. «Замандаш» партиясынын саясий кеңешине Жогорку Кеңештин «Ар-намыс» фракциясынан депутат Замир Бекбоев да кирген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg