БИР СААТТАЙ КАРЫШКЫР МЕНЕН АЛЫШЫП АМАН КАЛГАН ЖИГИТ

Кыш мезгилинде элет элинин башын ооруткан маселе – чөп менен ит-куш эмеспи. Айрыкча быйылкы жылы талаадагы малын жара тартып кеткен карышкырлар элдин айласын алты кетирип турган чагы. Атүгүл үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында карышкырдын адамга кол салуусу катталды.

«КАПЫСТАН КОЛ САЛДЫ»
Бул окуя тууралуу интернет айдыңында кызуу талкуу жүрүп жаткан чак. Мындан улам биз карышкыр менен 1 сааттай кармашып, ажал менен өмүрдүн ортосунда калган, «көйнөкчөн туулган» Мирбек Өмүракуновго байланышып, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Биздин айылдан 3 чакырымдай аралыкта токойго айыл тургундары малыбызды жаябыз. 23-декабрь күнү эртең мененки саат 8 жарымдар чамасында токойго уйларымды айдап барып, киргизип коюп, саат 10дордо өзүм кайра сыртка чыгып келе жаткам. Ошол убакта маңдайымдан 5 метрдей аралыктан карышкырдын дөбөтү чыкты. Карышкыр кишиден коркуп качып кетет деген ой менен кыйкырсам, качкан жок. Жанымда күчүк тайганым бар болчу. Айдактасам ал чуркап барып карышкырды тиштеди, бирок аны карышкыр бир эле тиштеп жулккан соң качып, четтеп туруп калды. Анан карышкыр мени көздөй бет алганда колумдагы таягымды ыргытсам да качкан жок. Чукул болуп калгандыктан качууга мүмкүн эмес эле. Жанымды тобокелге салып, өзүмдү сабырдуу кармаганга аракеттендим. Карышкыр желип келип бет жагыма секиргенде аны кекиртегинен кармаганга үлгүрдүм да, ошол бойдон жерге басып жыгылдым. Жан деген таттуу экен, ошону менен тургузган жокмун, ныгырып эле жерге басып, жарым сааттай «жардамга, карышкыр!» деп кыйкырып жата бердим. Балким, артымдан мал айдаган кишилер келип калабы деп ойлодум. Акырында колдорум карыша баштады. Айланамда эч ким көрүнбөгөнүнөн сол колум менен кекиртегин кармап, тизем менен басып туруп, күрмөмдүн чөнтөгүндөгү уюлдук телефонумду алып чыгайын десем, карышкырдын башы бошоп кетип тиземди тиштеп туруп алды. Экинчи колум менен аны көзгө чукуп жиберсем, жаагы бир аз бошой түштү. Ошол учурда карышкырды кайра ныгыра басып, телефондон бир эле кишиге чалууга жетиштим. Телефон чалып жаткан учурда оң колумдун билегин, сол колумдун манжаларын да тиштетип алдым. Же өлөм, же тирүү калам деп этим ачынып, жиним менен өлтүрөм деп ойлоп кекиртегинен бекем муунтсам, карышкыр киркиреп, күчүн жоготуп бара жатты.

«ҮЙ-БҮЛӨМДҮН БАКТЫСЫНА ИЧЕР СУУМ БАР ЭКЕН»
– Мен чалган киши айылда болгондуктан, ал Тараз аттуу айылдашыма чалыптыр. Тараз ошол маалда токойго мал айдап келген экен. Карышкыр менен кармашып отуруп дагы жарым сааттай өтүп, тиштелген колдорум шиший баштаган маалда бир кишинин карааны көрүндү. Аны көрүп тирүү калат экем деп сүйүнүп, ого бетер күчтөнө түштүм. Тиги караан жакындаганда гана Тараз экенин таанып «бол эле, бол!» деп кыйкыра баштадым. Ал байкуш чуркап келип коркконунан улам эмне кыларын билбей туруп калды. Ага «кел, экөөлөп муунтуп, алын кетирели» дедим. Экөөлөп муунтуп, карышкыр күчүн жоготкондо Тараз атынын чылбырын чечип келип тумшугун байлады. Анан экөөбүз туруп жинибиз менен карышкырды тээп-тээп алдык. Ошондо да башы менен бизди сүзүп жатпайбы. Биз күлүп, «мына, эми ишиң бүттү» деп анын моюнунан муунтуп байлап, атка сүйрөтүп айылды көздөй жөнөдүк. Дароо эле айылдагы ооруканага бардык. Ал жерден мага алгачкы медициналык жардам көргөзүлдү. Сыртка чыксам аймактык тескөөчү, айылдын эли чогулуп калыптыр. Алар «О-о, баатыр, карышкыр менен кармашкан мурда болгон эмес. Аман калганың жакшы болуптур» дешти. Анан райондун борборундагы ооруканага келсем, жаткырып коюшту. Ден соолугум жакшы болуп калды. Карышкырды азыр текшерүүгө алып кетишти. Анализдин жыйынтыгы чыккан соң дарыгерлер ошого жараша дарылайбыз дешти.
Өзүм жөнүндө айтсам 33 жаштамын, айылда дыйканчылык менен алектенем. Үй-бүлөлүүмүн, 2 эркек, 1 кызым бар. Ошолордун бактысына ичер суум бар экен деп өзүмдү аябай бактылуу сезип жатам. Таразга ыраазымын, ал болбосо бул күндү көрөт белем, ким билет? «Жакшылыкка жакшылык» деп коёт го, ооруканадан чыкканда ага кандай ыраазычылык билдирсем деп ойлонуп жатам. Бул окуяны азыр интернеттен окуп алып көп адамдар «жомок, калп» деп мени шылдыңдап комментарий жазып жатышат. Баштарынан өтпөсө, карышкыр менен тайганды көрбөгөндөр ар нерсе деп жаза беришет тура.

«10 МҮНӨТ КЕЧИКСЕМ, МҮМКҮН, БАШКАЧА АЯКТАМАК»
Ар бир эле киши өмүрүн тобокелге салып жардамга келе бербейт. Тараз Мааткеримов окуяга кандайча кабылып калганын бизге төмөнкүчө айтып берди:
– Токойго уй айдап баратып бирөөнүн кыйкырганын угуп калдым. Чапкылап барсам Мирбек карышкырдын чоң дөбөтүн кекиртегинен кармап, үстүнөн ныгырып отуруптур. Карышкыр аны тиштегилеп жатыптыр. Мирбек коркуп, колдору канап, карышып, бети-башынан бери шишип кетиптир. «Коркпо, коркпо» деп аттан секирип түшүп муунтушуп, анан аттын чылбырын чечип карышкырдын тумшугунан, моюнунан байладык да, айылга сүйрөтүп келдик. 10 мүнөттөй кечиксем, мүмкүн, окуя башкача аяктамак беле, ким билет? Айылдаштар «Кудай сактады, баладан айрылып кала жаздадык. Сен Мирбектин өмүрүн сактап калдың, ал сага бир өмүр карыз» дешүүдө. Мен аларга «мен сактап калган жокмун, Кудай себепчи болду» дедим. Карышкырды байлап койсок айылдагы жаш балдардын улам бири келип «малдын бардыгын ушул жеп жатат» деп тепкилеп жатышкан, акырында өлүп калды. Эртеси өлүгүн райондун борборуна «кутурмасы бар жогун текшеребиз» деп алып кетишкен. Учурда ит-куш күч алууда, айылга чейин кирип келип, күнүгө малды жеп кетип жатышат. Адамга кол салгандан кийин бүттү да.

"КАРЫШКЫР АТКАНДАРГА МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН СЫЙЛЫК БЕРИЛБЕЙТ"
Жогорудагы каармандарыбызга өкмөт тарабынан сыйлык берилеби же жокпу, билүү максатында Аңчылык департаментинин Нарын облусу боюнча өкүлү Сагынаалы Боогачиевге кайрылдык:
– Карышкырдын адамга кол салуусу мурда биздин облуста катталган эмес. Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын азайтуу үчүн биздин департаменттин жана облус губернаторунун атайын буйругу чыккан. Ошонун негизинде жергиликтүү мергенчилердин топтору түзүлгөн. Быйылкы жылы Нарын облусу боюнча 27 карышкыр, 6 бөлтүрүк, 8 чөө атылды. Мергенчилерге эч кандай айлык акы төлөнбөйт. Карышкыр аткандарга мурун өкмөттөн атайын акчалай сыйлык берилчү, 2011-жылдан тарта каражаттын жетишсиздигинен улам ал сыйлык берилбей калган. Кээ бир айыл өкмөттөрдө айыл тургундары өздөрү акча чогултуп, жергиликтүү бийликтегилер карышкыр аткан адамдарга атайын 5-10 миң сомдун тегерегиндеги кызыктыруучу сыйлыктарды беришет.

МЕКТЕП ОКУУЧУСУ КАРЫШКЫРДЫ ӨЛТҮРГӨН
Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Кара-Суу айылында 9 жаштагы кызга үйүнүн жанынан карышкыр кол салып, бетин тиштеп алган окуя да катталган. Бактыга жараша атасы келип калып кызын куткарып, карышкырды аткан.
Ал эми 28-октябрь күнү эртең мененки саат 9 жарым чамасында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын тургуну, Боогачы атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Болот Жунусалиев Көк-Күмбөз кыштоосунан карышкырды үзөңгү менен чаап өлтүргөн. Болоттун айтымында, тайгандары ээсине чоң жардам берип, карышкырдын өзүнө кол салуусуна жол берген эмес.

Карышкыр менен кармашкан Мирбек Өмүракуновдун учурда абалы жакшы.
Тирүүлөй кармалган карышкырды айыл тургундары тепкилеп өлтүрүшкөн.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
temirov76
2015-01-08 10:22:44
Мирбек азаматсын иним башкаларга кандай билбейм мен учун сен баатырлардын катарына кошуласын,карышкыр олтургонго окмот сыйлык берет дейт бирок финансы жок имиш,ошол олтургон карышкырды текшертип таза болсо озун сатсан окмот сыйлыгынан 2эсе коп сыйлык алмаксын.
0
al79mi
2015-01-08 11:27:48
Азамат экенсин! Ал карышкыр дагы канча малды кырат эле?! Бир топ адамдардын сообуна калыпсын.
+1
sumaya
2015-01-09 05:39:18
Баатыр экенсиз байкеси азаматсыз!
+1
Ravshan91
2015-01-09 06:29:05
Эрркек экенсиз е))
+1
Boldukan86
2015-01-10 00:01:48
озумду элестетип алып коркуп кеттим. эрк керек мынтип жырткыч менен тирешуугода. коркуп отурса жеп эле салмак
+1
Deniza88
2015-01-10 14:29:27
Boldukan86,ошону айтсан. Бир киши карышкыр эмес иттен аябай коркот, бул байкенин ордунда болсо мынакей мен сага деп жатып бермек болуш керек,.. Ой не могу))))))))))
+1
jumalieva
2015-01-10 02:38:11
ден соолугунуз болсун байке!
0
Deniza88
2015-01-10 14:34:32
Бир киши карышкыр эмес иттен да аябай коркот, бул байкенин ордунда болсо мынакей мен сага деп жатып бермек го , Байке азаматсыз, айылда авторитет болуп кеттиниз болуш керек ээ
0
bratanyn
2015-01-10 16:07:35
Азаматсын
0
TaLant.NooKeN
2015-01-10 16:14:57
Азамат экенсин омурун узун болсун.
0
AFRODITA-89
2015-01-10 22:43:15
Аман болунуз, Кудай сактаптыр
0
Kymbat-02-04
2015-01-11 15:49:01
Азаматсыз, баатыр экенсиз!
0
ak-buura
2015-01-12 03:39:34
Оркундой берин, кийин илбирсти женишинизди кутобуз
0
Dadasdasd
2015-01-12 07:56:09
ak-buura, Финалга отунуз дегендей каалоо айтасынго. Кой антпе. Аллах сактап эле журсун
+1
admin_superstan
2015-01-12 09:21:54
Adilettikenek, саламатсызбы!
Маалымат булагы сүрөттө көрсөтүлгөн.
0
kaducha-luk
2015-02-03 11:08:50
Аллах омур берсе мээримин токсо инсан кандай учурда болбосун сак-аман калат. Ден соолук каалаймын сизге.
0
asanova92
2015-02-12 19:48:38
Иии бактыныз бар экен! Азаматсыз
0
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан