«Тамашоудон» алгач Актан менен Акылай деп таанылып, кийин Самат, Эмил катары белгилүү болгон «Ак-Өргөдөн» чыккан эки дос бар. Алар кайда болбосун бирге. Экөө менен маектешип отуруп, чыныгы достор ушундай болуш керек деп койдум. Эмесе, сиздерге Эмил менен Саматтын достук тууралуу кызыктуу маегин тартуулайбыз.
– Эмил, Самат, силерди кайда болбосун чогуу көрөбүз. Достугуңар кандайча башталды эле?
Самат: – Эмил экөөбүздүн таанышканыбызга 11 жыл, дос болуп жүргөнүбүзгө 8 жыл болуптур. Эмил менден үч жаш улуу. Мурун ал байкемдин досу болчу. Кийин байкемден аны тартып албадымбы (күлүп). Эми болсо доспуз, «подружкабыз», бири-бирибизге стилистпиз.
Эмил: – Саматтын бир тууган агасы менин жакын досум болчу. Экөөбүз Саматты ээрчитип алып ар ким менен мушташтырып эле жүрчүбүз. Агасы «жеңилип калсаң биз менен урушасың» десе, байкуш Самат бизден коркконунан мушташар эле. Мурун инимдей эле болчу да. Баса, «Тамашоуго» чейин экөөбүз ырчы болобуз деп да жүрдүк.
– Саматтын ырчы болом дегенин уккан эмес экенбиз...
С.: – Ырас эле ырчы болбой калыптырмын. Ырчы болсом Кыргызстандан депортация болуп кетмек экем (күлүп). Чындыгында, мен бала кезде ямаха чертип, музыкалык аспаптарды коюп жүрчүмүн. Анан Эмил "барып сабак албайлыбы" деп Асылбек деген агайды айтып калды. Ошол агайга мен ямаха үйрөнгөнү, Эмил ырдап ийримге барып жүрдүк. Кийин эле «Тамашоу» Лигасы ачылып, ал жакка өтүп кетпедикпи. Буюрса, келерки жылы Эмилге жакшы ыр жаздырып, эл алдына чыгарсакпы деп пландап жүрөбүз.
– Силерде деле түшүнбөстүктөр болуп турса керек, ошондо ким биринчи жарашуу кадамына барат?
С.: – Урушуп кетип, бет карашпай калып сен-мен деген учур боло элек. Бирок кээде жумуш учурунда түшүнбөстүктөр болуп калат. Эмилдин өзүнүн мүнөзү, меники дагы бар дегендей. Уруша кеткенде экөөбүз тең ары басып кетебиз да, өзүбүзгө келгенден кийин кимибизден кеткен болсо, ошол кечирим сурайт. Бирок таарынычыбыз көп болсо 5 мүнөткө жетет. Анан бири-бирибизди карап кызарып-татарып, жазылып кетебиз. Кээде Эмил "мен улуумун, унчукпай калбайсыңбы?" десе, "брат, кечирип кой, от души эле" деп коём.
– Азыр "итиңер чөп жеп турган" убак. Ошол нерсе таасир этип, силерди өзгөртүп, «жылдыз» деген илдетке кабылдырган жокпу?
Э.: – (Саматка кайрылып) Болду го, ээ? Же болгон жокпу? Ал нерсе өзүбүзгө билинбейт деле. Бирок бизге келип, "мындай болуп өзгөрүп кеттиңер" деп айткандар чыга элек. Чынында,
андайды Саматтан байкаган жокмун. Менде болушу мүмкүн. Себеби мен бала кезден орус мүнөзмүн. Бирөө-жарымга катуу сүйлөсөм, ошондой ойлоп алышы мүмкүн.
С.: – Андайдан Кудай сактасын. Эмил айткандай, өзгөрдүңөр деп уга элекпиз. Өзүбүз деле аны эске алабыз, команданын балдары дайыма чогулуп, жөнөкөй бололу деп сүйлөшүп турабыз.
– Ынак достордун кээде жүз карашпай калгандарын көрүп жүрөбүз. Силерде кийин андай нерсе болуп кетпейби?
Э.: – Мындай нерсе көрө албастык жана акчанын айынан болот. Бизде андай болгон эмес, болбойт дагы. Мисалы, Самат "мага акча жетпей жатат" десе, мен ойлонбой туруп ага берем. Кийин ал мага берет. Бири-бирибизди барчылыкта да, жокчулукта да колдоп келебиз.
С.: – Мисалы, машиналарыбызды деле ушинтип алдык. "Биринчи бирөөбүзгө, кийин башкабызга алалы" деп сүйлөшүп алганбыз. Эң жаманы, ортого бирөө кирип, эки жакты уруштуруп жибергени. Биз ошондой нерседен коркобуз.
– Бири-бириңерди мүнөздөй кетсеңер...
Э.: – Самат оор басырыктуу, жокко чөкпөгөн, барга көппөгөн бир деңгээлдеги адам. Үйгө, досторго бир карайт. Көп нерсеге мага окшоп нервин коротпойт. Достор бири-бирин толуктап турушу керек экен да, мен анын тескерисимин.
С.: – Эмилди көргөн адамдар кыялы чатак деп ойлойт. Корс мүнөзү бар, бирок ошол эле учурда боорукер. Кайгылуу кинолорду көрсө эмоцияга бат берилип, ыйлап калат.
– «Чыныгы дос кыйынчылыкта билинет» деп коюшат эмеспи. Силерде да бири-бириңерди сынай турган учур болдубу?
С.: – Андай учурлар экөөбүздө көп эле болгон. Башынан эле бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнүп, жардам керек болсо, колдон келгенин кылабыз.
Бир кызык окуя айтып берейин. Менин машинам ремонтто болчу. Эмилдин машинасын сурап, үч күн айдап жүрдүм. Күндө Эмилди үйүнө таштап коём да, үйгө айдап кетем. Үчүнчү күн дегенде ал чалып жатпайбы. «Кандайсың, досум, маанайың жакшыбы?» дейт. «Ооба, жакшы» десем, «маанайың жакшы болсо сенден бир нерсе сурайын дегем. Менин машинамды сени айдап жүрөт деп уктум. Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо, машинамды берип тура аласыңбы? Кайра берет элем» деп жатпайбы. Мен да алып барып бергенден кийин «кайра бергенди унутпа» деп таштап келгем.
Дагы бир кызык, экөөбүз күндө чалышып турабыз да. Бир күн чалбай койсом Эмил мага чалып, «сен мени унутуп калдыңбы?» дейт. «жок, унуткан жокмун, брат» десем, «Биз дагы деле доспуз да, ээ? Ошондой эле болсун» деп коёт. Кыскасы, көз тийбесин, экөөбүз дайым биргебиз.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg