АШЫКЧА ТАМАКТАНУУДАН КИЙИН ОРГАНИЗМДИ КАНТИП КАЛЫПКА КЕЛТИРЕБИЗ?

«Жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын» деген сөз майрамдарда көп айтылат. Түркүн даамдар көз кызартып турса, «майрам эмеспи» деп ашказандын эртеңин эстен чыгарып жиберет эмеспизби. Майрамдарда ашыкча тамак жеп алып сиңире албай кыйналган учурда эмне кылуу керек? Жооп издеп көрөлү.

СУЮКТУКТАН КҮЧҮҢҮЗДҮ ЧЫГАРЫҢЫЗ
Адам ашыкча тамак жеп алганда ашказан иштете албай калган тамактар токсинге (уу заттар) айланат да, организмди уулай баштайт. Мунун аркасында адамдын жүрөгү айланып, кускусу келет, тамакка болгон табити жоголуп, алсырайт. Натыйжада ашказан бузулуп, өнөкөт ооруларга алып келет. Мындай маселелердин алдын алуу үчүн эң алгач сууну адаттагыдан ашыкча көлөмдө ичиңиз. Күнүгө эртең менен уйкудан ойгонгон соң бөлмөнүн температурасындагы суудан 1 стакан ичиңиз. Мындан соң жарым сааттан кийин тамактануу керек. 1 күндө 4 литрге чейин суюктук ичүү сунушталат.

КӨК ЧАЙ, СҮТ АЗЫКТАРЫ, МӨМӨ-ЖЕМИШ ШИРЕСИ
Уйкуңуз келип, жаздыктан башыңызды көтөрө албай жатсаңыз, сизге сүт азыктары, анын ичинен айрыкча айран жардамга келет. Ашыкча тамактанып алууда адамдын организминде зат алмашуу бузулары калетсиз. Бул процессти курамында белогу көп азыктар тез жөнгө салат. Ошондой эле мөмө-жемиштердин ширесин сыгып ичсеңиз, бул да ашказаныңызга жагымдуу азык болот. Жемиштен даярдалган ширелерге суу кошуп ичсеңиз да пайдалуу. Себеби апельсин сыяктуу кычкыл мөмө-жемиштердин ширелери ашказанында мандеми бар адамдарга зыян алып келиши мүмкүн. Кара чайга караганда көк чай абдан пайдалуу. Аны демдеп, колдон келсе бөлмө температурасына жараша муздатып алып ичкен оң. Татымына жараша лайм, лимон салып коюу ашыктык кылбайт.

АЛКОГОЛДУК ИЧИМДИКТЕРДЕН БАШ ТАРТЫҢЫЗ
«Майрамдын шааниси ичимдик» деп, тилекке каршы, зыян экенин билсе да, көпчүлүк адамдар алкоголдук ичимдиктерди көп колдонушат. Ашыкча тамактануу менен катар алкоголдук ичимдикти ичкендин эртеси өтө чоң зыян тарткан эң алгачкы орган – бул ашказан. Убактылуу алсыроо менен баш ооруну жазам деп кайрадан спирт ичимдигин ичүү айрымдар үчүн адатка айланып калган. Майрамдан кийин колдон келсе 3 күнгө чейин спирт ичимдиктеринен алыс болуу керек. Анын ордуна ченеми менен тамак ичүүгө аракет кылуу шарт. Эгер такыр эле жардам болбосо, 50 грамм кургак шарап же 50 грамм сапаттуу арак жутуп коюу оң.

АШКАЗАНГА ТААРЫНЫП ТАМАКТАНБАЙ КОЙБОҢУЗ
Ашказан ашыкча тамактарды иштете албай кыйналып жатса, ага өчөшүп тамак жебей койбоңуз. Көпчүлүк адамдар «тамакты көп жеп алдым, эми 2-3 күн эч нерсе жебейм» деп наар албай коюшат. Бул такыр туура эмес. Тамак жебегенибиз менен ашказан бош боюнча иштей берет. Көп жеп алып, эртеси кыйналганда алгач ашказан жеңил иштетип кете ала турган кызылча, сабиз, капустадан жасалган жеңил салат, тоок этинен кайнатылган шорпо ичүү керек. Мындай жеңил тамактарды ичүүдө колдон келсе кара мурч, калемпир жана тузду азыраак колдонгонуңуз оң.

ДАРЫ-ДАРМЕККЕ БАСЫМ ЖАСАБАҢЫЗ
Сыналгыда жаңы жыл майрамына жакын ар түрдүү тамак сиңирүүчү дарылардын жарнамалары көбөйө баштайт. Кээ бирибиз жаңы жылдык дасторконго азык-түлүк алганы барып, дарыканага кирип, мына ушундай дарыларды сатып алабыз. Кандай гана дары болбосун, анын башка бир жерге зыяны тиерин эске алыңыз. Андыктан ашыкча тамактанып алуудан жабыркап жатсаңыз, дене-бойго күч келтирбей, акырындан физикалык көнүгүүлөрдү жасап, таза абада сейилдеңиз. Мындай көнүгүүлөр да сизге оорчулук жаратып жатса, дарыканадан активдештирилген көмүр алып колдонсоңуз болот.
Тамак ичерден жарым саат мурун активдештирилген көмүрдөн 2 таблетка суу менен ичип, 3 күн колдонуңуз. Ашказан менен болгон маселени чечип алган соң жалпы организмди калыбына келтирүү үчүн мончого барып, мончонун буусуна отуруп коюңуз дагы, тер менен ашыкча токсиндин баарын чыгарып салыңыз. Эми куландан соо так секирип ишке кирише берсеңиз болот.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
suiuktuujar
2015-01-05 10:21:47
Пайдалуу кенеш учун рахмат супер инфо.
0
Oceana
2015-01-05 11:42:00
Ашыкча тамактан кийин,сакыч чайнасада пайдалуу болуш керек.
-2
adinai13
2015-01-05 20:23:15
Oceana, сакыч кара сакычпы ????
+1
Nazik96
2015-01-05 14:23:45
рахмат дагы коптогон пайдалуу кенештерди айтып турунуздар.
0
Kunbeken
2015-01-05 16:12:25
Сонун кенештер экен ...
0
bliznesy
2015-01-05 16:59:44
Менин азыр тамагымдан ачу бирдеке чыгып атат не кылсам болот экен.
0
uliana
2015-01-05 21:17:16
Аябай пайдалуу кенештер экен рахмат
0
Ibragim06
2015-01-06 14:32:00
орозо тутуш керек.1 кун болсода
0
Alina1707
2015-01-06 23:11:16
Зарна болгондо сода ичсе тып жоголот
0
Ayka1994
2015-01-07 12:52:08
сонун кенеш жакшы маалыматтар экен
0
jurnalistika
2015-01-07 13:16:25
Сооданы ичуу ото кыйын гоо((

0
beva63
2015-01-07 17:52:06
соода ичпейт ашказанды тытып салат
0
alchyn94
2015-01-08 10:40:59
чон рамат пайдалуу кенеш учун
0
Nur45
2015-01-11 12:07:22
Рахмат рахмат!
0
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан