«Курманжан датка» тасмасындагы Азиз Мурадиллаевдин «атың ким, чырагым?» деген суроосу учурдун трендине айланып баратат. Бүгүнкү коногубуз таланттуу актёр Азиз мырза бул жыл ийгиликтүү болгонун айтат.
– Азиз, саламатсызбы? Гезитибиздин тандоосу боюнча «Жылдын супер актёру» наамын алышыңыз менен куттуктайбыз! Өтүп бараткан Жылкы жылы сиз үчүн дагы кандай жагымдуу көз ирмемдер менен коштолду?
– Саламатчылык, кандайсыздар? Негизи бул жыл актёрлук карьерамда гана эмес, жеке жашоомдо да жемиштүү жылдардан болду. Улуу балам Шаа быйыл медициналык академиянын лицейин жалаң «5» деген баалар менен бүтүрүп жатат. Кызыл диплом алса, мени өтө бактылуу кылмак. Кичүү уулум болсо эрке, ал экиге окуса деле баары бир, чоңойгондо өзүм бутуна тургузуп алам. Мындан сырткары быйыл «Курманжан датка» тасмасынын бет ачары болуп, көп өлкөлөрдү кыдырдым, силердин гезитиңерден «Жылдын супер актёру» наамын алып отурам, бул деле эмгегимдин акыбети. Добуш берүү жүрүп жатканда аябай кабатыр болдум, мага добуш бере турган адамдар көп эле болчу, бирок сайттын шарттарын түшүнбөй бере албай калышты. Ошентсе да сурамжылоодо бир топ алдыга озуп кетипмин, мага добушун берген күйөрмандарыма рахматымды айтам.
– Бул тасмага кантип тартылып калдыңыз эле?
– Алымбек датканын ролун алып калганым өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Мен негизи өзүмдү тарыхый тасмаларга, андан да Алымбек датканын ролуна жарабайт болушум керек деп ойлоп жүргөм. Эл сыяктуу эле кастингге бардым, айтканын аткарып бердим, болгону ушул. Кийин телефон коңгуроо кылып, менин Алымбек датканын ролуна бекитилгенимди айтышты. Кастингдеги актёрлорду Акылбек Абдыкалыков, Садык байке (ред. Садык Шер-Нияз), Жылдызкан Жолдошевалар кабыл алышкан. Мени тандашканына караганда менден кандайдыр бир «изюминканы» табышса керек.
– Алымбек датканын ролун жеткире аткардым деп ойлойсузбу?
– Жок, жеткире, оюмдагыдай аткара алган жокмун. Мен кинону жети жолу көрдүм. Бирок негедир мага бир нерсе жетишпегендей туюла берет. Балким, бул монтаждандыр же башка бир себептен, кээ бир учурлар бар, көргөн сайын өзүм кыжалат боло берем. Дагы бир нерсе айтайын, эч бир артист каарманды толугу менен ачып бере албайт. Себеби мен башка адаммын, ал эми Алымбек датка башка адам. Толук ачып бериш үчүн Алымбек датканын өзү болушу керек. Миң аракет кылсам да Алымбек датка боло албайм.
– Аткарган ролуңуз тууралуу кандай пикирлерди уктуңуз?
– Кино тармагында көп жылдан бери иштеп жаткан тажрыйбалуу адамдар чалып, «буга чейинкилериң баарын кошкондо да Алымбек датканыкына жеткен жок, буга чейинки ролдоруң бир тең, Алымбек датканын ролу бир тең болду» деп ачык эле айтышты. Өзүм деле муну танбайм, бул роль актёрдук карьерамдагы эң ийгиликтүү ролдордун бири болду. Балким, мында Алымбек датканын колдоосу бардыр, балким, өзүмдүн аракетимдир, ким билет. Бул киного тартылып жатканда баарынан Курманжан датка менен Алымбек датканын урпактарынан корктум. Мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү роль болду. Кудайга шүгүр, урпактары кино жарыкка чыккандан кийин жакшы кабыл алышты, мен ошого кубанам.
– Актёрлордо «кандай роль аткарсаң ошол нерсе башыңа келет» деген ишеним бар экен. Ушул сыяктуу түшүнүктөргө ишенесизби?
– Менин бир нерсеге ишенишим өтө кыйын болчу. Бирок Сыймык Бейшекеевдин клибинде мени атып кетишет. Ошол клипке тартылгандан кийин кырсыкка учурап, жеңил жаракат алгам. «Президент жана бомж» тасмасында досумду чаап жиберген эпизод бар. Мен чапкан актёрдун апасы кинонун бет ачарына келип мени «колуң сын» деп койгон экен, ошондон кийин колумду сындырып алдым. Ишенбей жүрүп эле азыр минтип ишенип калдым (күлүп).
– Популярдуулукка болгон мамилеңиз кандай, бул нерсе сиз үчүн эмне?
– Популярдуу адам – бул элдин адамы. Демек, сенден үлгү алып жаткан жаш муунга үлгү көрсөтүүгө, өзүңдү татыктуу алып жүрүүгө милдеттүүсүң. Учурунда мен башкаларга үлгү болууга аябай аракет кылдым. Машина алганым да ушул популярдуулуктун айынан болду. Өзүм дегеле машинага жакын адам эмес элем. Бирок коомдук транспортто элдер сага угузуп эле «ошол, жок, ал эмес» деп талашып калса, өзүңдү ыңгайсыз сезет экенсиң.
– Үйдө кандай атасыз, кожоюнсуз?
– Өзүмдү жарнама кылганга өтөйүнбү? Үйдө мээримдүү атамын, улуу баламды көп эркелетпесем керек, бирок кичүү уулумду аябай жакшы көрөм, бир көз карашын элестеткенде эле бүт дүйнөнү колуна карматкым келет. Негедир Кудайдан мен уул баланы эле тилене берген экенмин, минтип чырактай эки уулдун атасы кылып койду. Өзүм 18 жашымда группалаш кызыма үйлөнгөм, азыр уулум 18де. Эрте үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, кеч үйлөнсөм азыр баламдын памперсин алмаштырып отурмакмын да.
Тарбияга катуу эмесмин, балдарыма кол көтөргөн жокмун. Бирок сөзүм катуу, балдарым менин көз карашымды бир тиктешимден түшүнүшөт. Мисалы, улуу балам менин кинолорумду достору менен көргөндөн уялат. Жаштарда ич ара өздөрүнүн түшүнүктөрү болот. «Во, Шаанын паханы го» десе керек да достору мыскылдап (күлүп). Үйдө чарбачыл эмесмин, аябай жалкоомун, ошентсе да бир жумуш кылсам майын чыгара кылам. Бирок ар кимди жумшай бермейим бар.
– Актёрдун тапканы менен үй-бүлө бакса болобу?
– Көпчүлүк артисттер жыргап жатат деп ойлошот. Көп эмгектин артынан эптеп үй аласың, машина аласың, бизде шарт чет өлкөдөгүдөй эмес, аларга жакындабайт дагы. Керек болсо актёрлордун айлыгынын эсеби менен банктан насыяга акча да ала албайсың. «Сиз мынча айлык менен качан төлөп бүтөсүз, тамекиңизге да жетпесе керек» деп күлүшөт.
– Тасма талаасында көпкө чогуу иштеп, чогуу жүргөн өнөктөш актрисаларга сезимдер ойгонгон учур болгонбу?
– Кимге ыктаганыңды түшүнүп жатам. Айжан Акылбекованы айтып жатсаң керек. Көнүп калуу, жактыруу сезимдери болот, бирок чыныгы сүйүү эмес. Негизи эле мен тасма талаасында бардык өнөктөштөр менен мамилени жакындатып, ага тартылганга аракет кылам, болбосо кантип аткарасың?
– Анда ушуну улай эле суроо, «Чиркин өмүр» сериалында Айжан Акылбекова менен өбүшкөн эпизод бар, ошондо жубайыңыз кызганды беле?
– Азыр ал эпизод жок, алынып салынган. Аялым кызганбайт, анткени өзү да чыгармачыл адам, мени түшүнөт. Кээде эле «сенин эмнең калды экен?» деп тамашалап койбосо. Мен өзүм аялзатын өтө кызганам. Ошон үчүн да атам каза болуп, апам жалгыз калганда менин мүнөзүмдү билип турмушка чыккан жок. Аталган эпизод тууралуу кызыктуу окуя айтып берейин. Улуу балам анда кичинекей болчу, сыналгыдан ошол эпизодду көрүп калып «фу, папа, орустарга окшоп кантип өбүштүң?» деп жатпайбы. Кичинекей да, орустар эле оозу менен өбүшөт деп ойлогон окшойт.
– Жаңы жылга карата элге каалоо-тилегиңиз?
– Көпчүлүк «Жаңы жыл исламда жок, бизге туура келбейт» деп айтышат. Бирок бул майрам элге ырахат тартуулоочу кубанычтуу күн. Кадимки Нооруз, Айт майрамдарынан кем калышпайт. Элиме бул майрамда эң башкысы тынчтык каалайм. Токчулук, молчулук, бейкутчулук өкүм сүргөн жылдардан болсун деп – өзүңөр тандаган ушул «Жылдын супер актёру» Азиз Мурадиллаев.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg