«МЕН БАШЫН КАШЫК МЕНЕН УРДУРГАН АКАЕВ ЭМЕСМИН»

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге өткөргөн маалымат жыйынында талкууну жараткан негизги маселе Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу болду. Маселе боюнча суроо "Супер-Инфо" тарабынан берилип, ага узатылган ажонун жообунан жакынкы жылдарда бийликти чоң өзгөрүүлөр күтүп жатканы белгилүү болду. Конституция эми кандай көйнөк киет? Башкаруу парламент менен андан куралган өкмөткө оойбу же президенткеби?

– Буга чейин Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президенттерге да, калкка да жакшылык алып келген эмес. Акыркы күндөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгелер кайрадан айтылууда. “Мыйзам катаал, ал ошого мыйзам” деген накыл кепти эске алуу менен Баш мыйзамды өзгөртө берүү залалдуу прецедентке айланып кетпейби?
(Суроо “Супер-Инфо” гезитинен берилди)
– Менин мөөнөтүмдөн кийин калайын, мөөнөтүмдү узартайын деген оюм жок. Керек болсо Конституцияда каралган президенттин укуктарын азайтуу зарыл.
Буга чейин Баш мыйзамга колдон келишинче тийбешибиз керек деп айткам. “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизбей туруп, соттук реформа жүргүзө алабызбы?” деген бизде азыр тандоо турат. Мисалы, адамды өлтүрүүгө буйрутма берген кылмышкерлерди соттор үч жылдан кийин эркиндикке чыгарып жатышат. Соттук реформаны жүргүзүүгө ушуга окшогон учурлар, мыйзам жол бербей турат. Юристтер “Конституциянын конструктивдүү кемчиликтери жөнүндө” деген корутундуну колума карматышты. Бир айдын ичинде жазылган Конституция идеалдуу болбойт. Адилеттүү сот керек десек, Баш мыйзамдын кээ бир беренелерин оңдоо зарыл. Конституциянын маңызын кардиналдуу түрдө өзгөртпөшүбүз кажет.

– Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү экономикалык жактан канчалык негиздүү болду?
– Мейли, Бажы союзуна кирбей коёлу, анда эмне болот? Эмне үчүн азыр “Дордой” базарынын кожоюндары менен соодагерлери аталган биримдикке киребиз деп жатышат? Анткени товар алып өтүү жолдору жабылууда. Бүгүнкү күндө күйүүчү май, буудай, ун жана башка Бажы союзундагы өлкөлөрдүн товарлары экспорттук салыгы жок алынып келинет.
Украина менен Молдова коңшулары менен болгон мамилесин бузуп алып жыргап кеттиби? Биз аталган биримдикке ансыз да араң кирдик, Бажы союздун бир мүчөсү каршы болуп туруп алды. Бирөө-жарым чыгып, “андай эмес, мындай жол менен кетели” десе, мен макул болмокмун. Европалык союздун өкүлү Кыргызстанга келип, Бажы союзу боюнча нааразы пикирин айтты. Мен ага “анда бизди Европалык союзга алгыла” дедим. Ал “биздин жалпы чек арабыз жок” деди. Анда биз кайда баралы, Ооганстангабы? Өзбекстан менен Кытайга кошулуп кетелиби? Альтернатива айткыла...
Мен үчүн актай-карадай эле көрүнүп турат, Кыргызстан Бажы союзуна кирбесе, келечек абдан кыйын болот.

– Энергетика тармагындагы көйгөйлөр кантип чечилет?
– Электр энергиясынын тарифине нааразы болуп жаткандарга айтарым: ошол эле Нарын облусунун тургундары азыр мал-жанды 5 жыл мурункудай баа менен сатып жатышабы же башка баа мененби? “Нарынга тариф арзан болсун, башкалардыкы кымбаттай берсин” дегендерге такыр кошулбайм. Ансыз да Кыргызстан Нарын дубанын 23 жылдан бери багып келе жатат. Мына, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун тургуну 2 сотых жер алса, Нарын облусунун жашоочусу 2 гектар жер алган. Ошондо кимдин турмушу кыйын? Ооба, Ат-Башыда кыш катуу болот, бирок Ат-Башы Кыргызстандын керчөөсү, эң сонун жери, жайында чөп 2 метр болуп өсөт. Анан баткендиктер жыргап жатат деген туура эмес да. Кыргызстандыктар кыйынчылыкты чогуу башынан өткөрсө туура болот.
Жаратылыш газына келсек, 2015-жылдын күз мезгилине чейин Кыргызстандын түштүк аймагы көгүлтүр от менен камсыз болот. Мен мурунку президенттерге окшоп Өзбекстан менен жашыруун келишимдерге кол койбойм. Мен силерге башын кашык менен урдурган Акаев эмесмин, жашыруун келишимдерге кол коюуну буюрган Бакиев эмесмин. Биздин Өзбекстан менен 2001-жылы жана 2008-жылы кол коюлган эки жашыруун келишимибиз бар.
Ош жана Жалал-Абад облусунда газсыз күн кечирип жаткан тургундардын сабырдуулугуна рахмат айткым келет. Эмдиги жылы энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болобуз.

– Уулдарыңыз Сейтек менен Сейит далдалчы катары “АвтоМашЭнерго” ишканасы аркылуу электр энергиясын сатып алып, кайра кымбат баада сатат деген кептердин чын-төгүнү канчалык?
– Аталган ишкана Аскар Акаевдин убагында эле түзүлгөн. Уулдарымды чакырып алып “мени жаман атты кылбай ушундан кутулбайсыңарбы” деп айткам. Сейтек ишканадан кетип калды. Сейит болсо “Ата, Акаевдин кезинде кыйналсак да иштеп жаттык. Бакиевдин убагында да кордоого карабай иштедик. Таптаза иштеп жатсам, эмне үчүн кетишим керек? Таза эмес болсо, мени камашсын” деп айтты. Уулум Сейит намаз окуйт, орозо кармайт. Жаман иш кылып жатса, баламды камап эле салбайсыңарбы? Уулум күнөөлүү болсо, камап салгыла.

– Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды деген кеп тарады. Бул чынбы?
Аида Салянова башкы прокурорлуктан кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтайын, мурун Салянованын андай арыз жазган күндөрү болгон. Аны да түшүнүү керек, себеби иши оор. Аида Жеңишбековна төшүн тосуп, найзанын учунда жүргөндөй кызматта иш алып барат. Ал да чарчайт, анын үстүнө биздин башкы прокурор аял жана үй-бүлөсү бар.
Эс алып келейин деп суранган, мен уруксат бердим. Эмгек өргүүсүнөн кийин, албетте, ишине кайтып келет. Ошол эле учурда Башкы прокурор ким болбосун Атамбаев президент болуп турган чакта коррупцияга каршы күрөш токтобойт.
Кудай жалгасын, келечекте Кыргызстанда Аида Саляновадай президент болсо дейм.

– Парламенттик шайлоого карата КСДП кайсы бир партия менен биригүүсү керек деп ойлойсузбу?
(Суроо super.kg порталынан берилди)
– Аны партия өзү чечет. КСДПнын 20 жылдык тарыхы жана тажрыйбасы бар.
Башка күчтүү жана таза партия биригүүнү сураса, ал сунушту карап көрсө деле болот. Менимче, биригүүнүн кажети жок, КСДП өз жолу менен эле кете бергени туура.

P.S. Алмазбек Атамбаев жаңы жылдык эсте калган белек катары 1-январда кыз неберелүү болгонун айтты. “Жаңы жылды жубайым, бала-чакам менен Кыргызстанда эле тосом. Мындай көрүнүш биздин үй-бүлөдө калыптанып калган”,- деди.
Макалада маалымат жыйындын урунттуу учурлары берилди.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (134)
nurzat.71
2015-01-08 23:45:42
жашоо жакшы эле,элдин пейли кетти,азыр элдин кобу алдым-жуттум, тойдум деген бир жан жок,кудая тобооооо
0
nurzat.71
2015-01-08 23:49:55
Атамбаев эмне кылсын мындан артык.Кудайым куч-кубат берсин.
-1
KyrgyzstanTugoiloru
2015-01-09 00:45:49
Атамбаевти колдойм, Салямованы да колдойм.
-1
Afina
2015-01-09 02:15:58
Бироонун жаманын чукуп, аны баса белгилеп айтыш,бутундой Кыргыз элине улгу болчу адамдын оозунан чыкканы туура эмес болуп калыптыр.
Анан да айткым келгени элдер пейлибизди ондосок жашообуз да онолот эле. "жок" деп эле пейилибизди тар кылып алып, жашообуздун начарлыгына президентти куноолобой....
0
miia
2015-01-09 06:00:29
жаманды кормойун жакшынын жакшылыгы билинбейт го.
0
danyshman
2015-01-09 06:17:00
Президент болуп туруп Аскар Акаевдей башымды кашык менен ургузбайым дегени эмнеси тооба.Президент андай суйлобош керек,урматтуу Атамбаев мырза кичине болсо да ХХХХ суйлонуз,Акаев сизди айтбаса керек ХХХХ ХХХХ деп.
0
admin_superstan
2015-01-09 09:56:11
danyshman, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
sportsmen.boy
2015-01-09 09:26:30
интернетте отуруп сындагандан башка эч нерсе билбейсинер, кыйын болсонор иштегиле да
0
chopa-chopa
2015-01-10 19:23:38
Президент болуш оной эмес. мамлекет эмес бир уй-було маселесин аран чечебиз. Качан президенттерге асылганды токтотобуз. Иштегенди да иштебегенди да жон койбойбуз
0
tendikos1988
2015-01-11 01:01:17
kyiyndy kyiyn desh k.k tuugandar Askar Akaev m.n Aida Salyanova chynynda ele kyiyn adamdar uvazhayu
0
Fatimka
2015-01-11 13:55:23
Ото маданиятсыз суйлоп коюптур. Кашык мн урдурган деп. Бул эл башчысы суйлой турган соз эмес. Уят. Урматтуу президент, сиз коп окуп, билиминизди, интеллектинизди жогорулатышыныз керек деп ойлойм.
0
Adilettikenek
2015-01-11 19:01:55
Кандай немесиңер! Алмаз Шаршенович жакшы эле иштеп жатат. Бийликке өтө оор кырдаалда келди. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө аза да болсо өнүгүү бар. Ким кандай сүйлөйт, ал ошонун иши. Эң негизкиси Кыргызстан үчүн каруусун казык, канын азык кылып иштеп жатат. Жөн эле отуруп алып сындаганды токтоткулачы. Силер бир айылдын элин башкара албайсыңар, үйүңөргө а
0
Adilettikenek
2015-01-11 19:07:08
Кыйын экенсиңер, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкулачы, жок дегенде бир мектептин бөлмөсүнө парта, стол алып бергилечи көрөйүн күчүңөрдү. Президент болуп иштеш оңой эмес, туугандар түшүнгүлө
0
DBA.Patriot
2015-01-11 22:17:33
Adilettikenek, туптуура айтасыз, биз кыргыздар озубуздун колубуздан эчтеке келбейт, келсе да кылбайбыз. Кылып аткандарды да коро албай бут тозобуз. Келгиле жок дегенде кочодогу таштандыны тебелеп отпой, ала кетели, жок дегенде жашаган жерибиз таза болсун. Кочодо тукурбойлу, согунбойлу, карыларга орун бошотуп берели.
+1
Adilettikenek
2015-01-11 19:15:11
Кыргыз эли Алмаз Шаршенович менен! Ал эми А.Шаршенович Кыргыз эли менен! Бар болсун биздин жөнөйкөй, сабырдуу, акылдуу АЖОбуз! Көп жашасын! Президенттик кийинки мөөнөткө барбайм деп жатасыз, барышыңыз керек! Азыркы баштаган иштериңизди аягына чыгаруу керек. Сизден дагы кандай президент келет ким билет, Дагы бир ичкич-жегич немеге туш келип калсак шорубуз кайра катпайбы! Ар кимдин кебин укпай билек түрүнп иштей бериңиз!
-1
admin_superstan
2015-03-16 11:07:54
bakyt_2015, nusi1234890, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, мазактоого тыюу салынган!
10 күндөн БАН!
0
Shako-1
2015-10-09 22:56:35
Админ онугуу прогрес партиясынын он рулдуу машиналарды жоебуз деген маегин кайсыл жерден окуйбуз
0
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан