(Башталышы өткөн сандарда)
(Кымбаттуу окурман, бул сандан тартып Жанаранын күндөлүгүнө күбө болосуз)
Менин ким экенимди билүү үчүн түпкү тегимди карап көрүү керек. Тилекке каршы, менин эсимде апам таптакыр калган жок. Анын алдында отурганымды бүдөмүк гана эстейм. Апамдын эмне болуп каза болгонун деле билбейм, билгендерден сурасам үн катпай, сырдуу тиктеп коюшат.
Ал эми атама келсек... Атам дээринен көңүлчөк, жумшак, элпек, ким кайсы жакка жумшаса, ошол жакка чуркаган адам эле. Эл арасында деле кадыр-баркы жок болчу. Апам мен төрт жашка чыкканымда каза болуп калыптыр. Кийин бир аз убакыт өткөн соң туугандар атамды бой жүрбөсүн деп бир аялды алып келип киргизип берип коюшкан экен. Өгөй энем Анипа аябай катаал, тажаал, айылдын аягынан кыйкырса башына чейин үнү жете турган аял эле. Бул жагы белгилүү эмеспи, атам байкуш өзү жоош болсо, мындай аялга туш болгондо караманча эле өзүн жоготуп салса керек. Кийин таптакыр ичип кетип, үйгө да жолобой калды. Анипа эже (негедир кичинемден эле эл канча үйрөтсө да апа дей албадым) бир туруп жыландай ышкырса, бир туруп аюудай бакырган, тили заар, өңү серт аял эле. Атам үйгө жолобой калгандан тартып толук өгөй энемдин колуна өттүм. Мен ушул кезге чейин аябай таң калам. Атам жоош болчу, элдин айтымында, апам деле токтоо адам болгон экен. А мен кайдан чыккам? Кичинемден тынчы жок, шок элем, кийин тыкылдаган тың кыз болдум. Бирок ошонун азабын аябай тарттым. Өгөй энемдин сабаганы да, кордогону да мени мокото албады. Ого бетер өчөшүп, “сен андай кылсаң, мен мындай кылам” деген көк беттик бар эле. Атам байкуш башында мага болушумуш болчу. Анипаны жалтак тиктеп:
– Баланы жайына койсоң боло,- деп калчу.
– Өлүгүңдү көрөйүн, сөлдүрөбөй ары турчу. Тим эле мени жыргатып салгансып арамдан туулган кызына болушуп калат,- деп салчу анда тиги. “Арамдан туулган” деген сөздү кичинемде түшүнчү эмесмин, кийин жөн гана кулагымдын сыртынан кетиргенге үйрөндүм. Мына, Жанара байкуштун балалыгы ушундай жагдайда өттү. Баса, балалыгымда мага коргоочу болгон Баяндын атасы Алым абанын үйү боло турган. Аялы өтө мээримдүү, боорукер, сулуу аял болчу. Босогодо үйгө киргенге батынбай турган мени көрөрү менен жылмайып үйүнө чакырар эле.
– Жамке, айланайын, сенсиңби? Баяның уктап жатат. Бир аз күтүп тур, азыр турат. Ага чейин мынабу айранды нан менен ичип алагой. Эмне эрте туруп алгансың?
– Уйду бадага кошуп келдим.
– Ий, куурагырым, сен кошуп келдиңби уйду? Тобо, баланы таттуу уйкусунан ойготуп, ушундай да адам болот экен, ээ? Макул, мен сүт тартып келейин, сен ага чейин курсагыңды тойгуз да, бул жерге жатып эс алып ал.
Чака-чукасын калдыратып чыгып кетери менен нандан бурдай уруп, айранды көңтөрө ичип, чалкалап жатып калчумун. Анан Баян турары менен ээрчишип жөнөп калчубуз. Жаныбызда Назик боло турган. О-о, кандай гана жыргап ойночу элек. Эртең менен чыгып кетип, кеч күүгүмдө гана үйдү ойлочубуз. Бадага кеткен уюмду таап алып, кечинде араң бутумду шилтеп
үйгө барам. Анипа эжем мени көрбөй калса экен деп уйду киргизип жиберип, көпкө туруп анан кирем.
Кайдан, көрмөк тургай санымдан оё чымчып какылдап кирет.
– Тентимиш, атасын тарткан акмак! Таң атпай бадага кеткен уй менен кошо келесиң. Мага келип бир жардам кылып койсоң боло.
– Мен тиги Баяндар менен ойноп...
– Ойногонду сага ким койду, куу жетим? Баян менен Назик ойносо жарашат, сага ойногонду суутуп коюптурбу?
Мындай сөздү укпаганга аракет кылып, кулагымды колум менен жаап алсам да болбойт. Кудум бүгүнкүгө чейин ошол сөздөр кулагыма жаңырып тургансыйт. Балким, ушул учурдан
баштап менде Назик менен Баянга карата ич күйдүлүк, эрегиштик, көрө албастык башталса керек. Ушул жашымдан баштап “мен дагы адаммын, мен алардан кем эмесмин, ашсам ашам, бирок кем болбойм” деген дымак жаралдыбы дейм. Менин балалык дүйнөмдү ууландырган ушул аялды каргыш урсун! Балким, менин жашоом таптакыр башкача болмок? Балапандай кезимде жаман сөзгө дүйнөм ууланып өстүм. Канчалык мени баскан сайын эрегише бой салып тарсылдаган, өз оюмду эч кимге бербеген, мыкты окуган кыз болуп чоңойдум.
Мен үчүн кымбат эки адам болсо, анын бири Баян эле. Баянды кандай сүрөттөсөм экен? Жүрөгүнө күн батырып алгандай жайдары, эч кимдин назарын сындырбаган боорукер эле. Анда түгөнбөгөн мээрим, терең акылмандык, адамгерчилик бар болчу. Анан аябай эле сулуу боло турган. Чындыгында, арабыздан сулуулук боюнча Назик эч кимди алдына салчу эмес, бирок аныкы муздак сулуулук эле. Мен экөөнөн тең эрте чоңойдум. Бул да болсо наристе көзү көрбөй турган көп нерсени көрүп калганымдан болсо керек.
8 жашка чыкканымда атам каза болду. Ата болуп мээримин төкпөсө да баары бир карааны бар эле, аябай жаман болуп жүрдүм. Бир аз убакыт өткөндө эле өгөй апама башка эркектер келе баштады. Эми акыл токтотуп көрсөм, ошол кезде менин психологиям бузулуптур.
Бир жолу түн бир оокумда эшиктин кыйч ачылганынан ойгонуп кеттим. Кимдир бирөөнүн далдайган карааны көрүндү.
– Эже-е!- деп кыйкырып жибердим. Анткени үйгө уруу кирдиби деп ойлоп кеткен элем.
– Тыс-с, жарыбагыр, эмне бакырасың?- деди Анипа эже мени бир уруп.
– Ууру кирди окшойт,- дедим мен шыбырай.
– Ууру эмес ал. Сенин эмне ишиң бар? Бала деген баладай болуш керек,- деген Анипа эже тура калып тигиге үйрүлө калды.
– Келдиңби? Сени күтүп жаткам...
– Келдим, тигиниң ким?
– Аны жөн койчу.
Ушинтип күбүрөгөн аял тигини колдон ала төркү үйгө жетелей баштады.
– Коё турчу, “жалгызмын, келе бер” дебедиң беле?
– Эми... Ой, жалгыз элемин, жаным, аны койчу...
Башымды жуурканга чүмкөп, канчалык экөөнүн үндөрүн укпайын десем деле угула берди. Ызаланып, жаздыкты тиштеп алып ичимден өксүп жаттым. Ошол күнү мен аял менен эркектин ортосунда кандай иш болорун түшүндүм.
Эртең менен турсам тиги байке биздин үйгө таптакыр жайгашып алгандай чалкалап жатат. Жактырбай бурула бердим да:
– Тиги кетеби эми?- дедим тартынбай.
– Үнүңдү өчүр, сенин кандай ишиң бар?
– Ишим бар, бул менин үйүм, мен дагы бул үйдө жашап жатам.
Дароо эле колуна тийген нерсе менен уруп калды. Мен дагы коркуп калган жокмун.
– Кетиресиң!
– Жогол, үйгө жолобо.
Анипа эже мени чачтан алды...
(Уландысы кийинки санда)