ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-январдан 11-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Белгиленген ишти соңуна чыгарыңыз. Болбосо кийинки аптада башыңызга маселе үйүлүшү мүмкүн. Жумушта укуктук жана юридикалык суроолорду чечүүгө туура келет. Шейшембиде сезимге чок салган окуяга туш болсоңуз, ал эми шаршемби күтүлбөгөн белектерге бай. Жума күнү маанилүү кабарды өткөрүп жиберип өкүнүп калбаңыз. Апта соңунда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумуш издеп жүргөндөр активдүүлүгүн көрсөтүүгө жетишсе, аларга бул аптада ийгилик жылмаят. Жаңы иш баштоону каалагандардын да ою ордунан чыкмакчы. Өнөктөштөр да табылат. Шаршембиде жагымсыз кабар угасыз. Жума күнү тегерегиңиздегилер менен талашып-тартышуу жүз карашпас таарынышуу менен аяктап калуусу мүмкүн экенин эске алыңыз. Эс алуу күндөрү достордун кучагында болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын алгачкы жарымында бардыгы ойдогудай өтөт. Ал эми аптанын кийинки жарымында жаралган маселеде шашылыш чечим кабыл албаңыз. Жыйынтыгы жагымсыз жагдайга кептеп коюшу мүмкүн. Керек болсо белчеңизден карызга малынып калуу коркунучу бар. Андыктан терең ойлонуп кадам шилтеңиз. Аптанын соңунда бир кезде алдап кеткендердин бети ачылат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башкалардын пикирине кулак салбай, өзүңүз билгендей жасасаңыз, көп иш бүтүрүүгө жетишесиз. Кеңешиңизге муктаж болгондор чыгат, убакыт бөлүп коюудан качпаңыз, келечекте үзүрүн көрөсүз. Шейшембиде жолдо этият болуңуз, жаракат алуу коркунучу чоң. Ишемби айрымдардын маанайын көтөрсө, айрымдар капа кылган окуяга туш болушат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бойдоктор үчүн сүйүүгө мас болуп, көз тумандаган апта. Ал эми үй-бүлөлүү түгөйлөрдө таарынышуулар орун алышы мүмкүн. Шаршембиде түшкөн сунуштан күмөн санасаңыз, баш тартыңыз. Аптанын экинчи жарымында такталбаган маалымат чоң чырга жеткирерин эске алыңыз. Андыктан уктум деп эле муштум түйүп калбай, тактаганга аракет кылсаңыз, эс алуу күндөрүңүз да тынч өтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакыным, досум деп санагандар сатып кетиши мүмкүн. Сүйүү жаатында дагы маселелер жаралат. Бирок түгөйүңүз менен маселени жеринде чечүүгө тырышсаңыз, баарын калыбына келтирүүгө жетишесиз. Жума күнү капчыгыңызга акча агылып кириши күтүлүүдө. Эс алуу күндөрү жан дүйнөңүздү азыктандыруу менен алек болгонуңуз оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта ичинде жакын адамыңыз менен болгон мамилени муздатып алышыңыз мүмкүн. Ошондой эле алыңызга карап убада бериңиз. Болбосо капчыгыңыз жукарып калуусу ыктымал. Шаршембиде эч бир ишке кийлигишпей, сырттан гана байкоо салып, жайына койгонуңуз туура. Дем алыш күндөрү ден соолугуңузга зыян келтирип алуу коркунучу жогору. Андыктан өзүңүзгө этият болуңуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Унутта калган окуя козголуп, тынчыңызды алат. Буга эски тааныштардын кезигүүсү себепчи болмокчу. Айрымдар мындай ишке алыс сапарга чыкканда туш келишет. Көптөн бери бүтпөй келген иштер жума күнү соңуна чыгып, жаныңыз жай алат. Ал эми ишембиде жаңы адам менен таанышасыз. Жекшембиде көңүлдү чөгөргөн ишке кабылууңуз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ишенимдүү адамдардын колдоосуна ээ болуп, ишиңизди илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумушундагы жетишкендиктери үчүн айрымдар кызматынан жогорулашына жол ачылат. Аптанын экинчи жарымында акча иштеринде сак болуңуз. Ошондой эле ден соолугуңузга кам көрүүнү унутта калтырбаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта жемиштүү болот. Капчыгыңызды кампайтууга жетишесиз. Ошондой эле иш боюнча сунуштар түшүшү күтүлүүдө. Карызы барлардын доочулар шаршембиде эшигин каккылайт. Жума күнү араздашкандардын ортосуна түшүп, жараштырууга катышасыз. Ал эми эс алуу күндөрү түгөйүңүздү таарынтып алуудан этият болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айланаңыздагыларга жоопкерчиликтүү жана кең пейилдүү мамиле жасаганга аракет кылыңыз. Бул сиздин ишиңиздин илгерилешине өбөлгө болот. Бул аптада таарынышып жүргөн түгөйлөр табышат. Шаршембиде жолдо жүрүү сиз үчүн кооптуу болгондуктан, узак сапарга чыгууну кийинкиге жылдыруу сунушталат. Апта аягында көз карашыңызды өзгөртө турган окуянын күбөсү болосуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын алгачкы күнү санаага салган маселе менен башталып, бирок кийинки күнү баары өз ордуна келет. Шаршембиде сиз күтпөгөн жагымдуу жаңылыкка ээ болосуз. Бейшембиде акчаны үнөмдүү сарптабасаңыз, карыз сурап калууңуз мүмкүн. Ишембиде сизди көптөн бери тынчсыздандырып келген маселе чечилип, көңүлүңүз жайланат. Жекшембиде достуктун сыноосуна туш болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан