Балдар, жааган карды көрүп чана, лыжа тебебиз деп кубанабыз. Бирок ошол кар жөнүндө кызыктарды биле бербейбиз. Келгиле, кар тууралуу кызыктарга көз жүгүртөлү.
Карды баскан сайын кырч-кырч деген үн чыгат. Бул кар кристалдарынын сынышынан улам чыккан үн.
Жер бетинде жашаган элдин жарымы кардын кандай болорун көрүшө элек. Алар кар жаабаган жерлерде жашагандыктан карды сүрөттөн гана көрүшөт.
Эң чоң кар бүртүкчөлөрү 1887-жылы 28-январда АКШнын Монтана штатындагы Форт-Кео шаарында жааган. Бүртүкчөлөрдүн туурасы 38 сантиметрди түзгөн.
Миллиондоп жаап жаткан кар бүртүктөрүнүн арасынан бири-бирине окшошторун табууга мүмкүн эмес.
Кардын бүртүгүнүн курамынын көпчүлүк бөлүгү абадан турат. Ошондуктан кардын салмагы жеңил болуп, жерге өтө жай түшөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
suiuktuujar
2015-01-05 10:26:48
Кызык экен.
0
Oceana
2015-01-05 12:01:46
Жер бетиндеги жарым эл коро элек дейби кызыккоо
0
Aibo88
2015-01-06 07:02:39
Allanyn bergen keremetida
0
kalbek87
2015-01-06 14:22:26
Туурасы 38 см кар бир саат жааса баарын басып калбайбы ишенеалбадым
0
Ayperi94
2015-01-07 01:45:25
Карды сагындым. Карды куткон сайын каранын корсотпой кыйнады го. Эх !Бир жаап салса экен жердин бетин акка болоп.
+1
Bek94
2015-01-07 11:25:52
Африкада кар жабайт го.
0
Aisanat
2015-01-07 16:08:16
См эмес мм болуш керек.
+1
Kg.lady
2015-01-09 02:14:07
Жараткандын буйругу менен периштелер ар бир карды бирден которуп келип жерге таштап кетет деп окуган элем. Ошон учун тегиз кар жаайт. А эгер озу кулап тушкондо бир жергеле уйулуп, топтолуп калмак дейт. :)
+2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.