Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошого чейин Маргалан вилаятынын беги болучу Алымкул. Тезинен Мала хандын 12 жашар Султан-Сейид деген уулун «хан» деп жарыялап, өзү бала ханга аталык, ордо эгеси болуп калды.
Алымбектин тындым болгону Алайга, Курманжанга да жетип, урук-тууган чогулуп, чуу көтөргөн өкүрүктөн тоо арасы кошул-ташыл теӊселип турду.
«Кадырлуу бек айым, дозоку болгон кутумдардын колунан мерт болуп, кайран бегибизден айрылып калдык. Келип өзүӊүз башында туруп, бектин ариетин кылып кетиӊиз...» деген куш тилиндей кабар алып, ордодон чабарман келди. Аяр Курманжан «баскан турганы чектелүү аял» экенине шылтап, өзү барбай, «эл аксакалдарынан» жиберип, бектин сөөгү алынып келинген соӊ Кокон ордосуна ыкрарлыктан ачык баш тартты.
Эми Кокон ордосунан жакшылык болбосун, баягыдай арачы түшөр тууганы Алымбектин көзү жок, аркада Байтик баатыр озунуп аракетке өтүп, Бишкек чебинин беги Рахматулланы сыяпатка чакырып алып, кырк нөкөрү менен кырдырып салды.
Жантай бий да ордо жактан чочуп, жакшы чыкма уулу Шабдан Түркстанда ордо атынан бек болуп турганына карабай Байтик баатырдын ыгына көндү да, Верныйдан бир отряд орус аскерин чакырууга мажбур болду. Мейли, кокус ордо тараптан кысым болуп калса булар айбат болсун!
Ушул айла кеткендеги «чакырууну» өзүнө укук кылып алып, убакытты бошко кетирбей 1863-жылы зарделүү полковник Черняевдин башчылыгында «экспедиция» деп аталган накта жортуул уюштурулду. Биринчи Токмок, Бишкек чебин катуу кыргындап басып алды да, андан батышка жылып, 1864-жылы Ниязбек, Оулия-Ата, Түркстан, Чымкен, Сайрам ка­лааларын кыйратып отуруп, 1865-жылы Ташкен босогосуна жетти генерал Черняев.
Өз ичинен бак талашкан көй туугандарынын тымызын аткан огунан Алымкул аталык капилет өлүм болуп, ошол Ташкен дубалынын түбүндө генерал Черняевдин аяк алдына, тагдырдын келме кезек деген катаал оюну ушубу, бүк түшүп жыгылды.
Бул маселе амир Музаффардын да көӊүлүн бөлүп, колунда жүргөн Кудаярды жанына алып, Коконду алмакчы болуп келди. Не курал кезеп, не керней бапылдатып алдынан чыккан жан болгон жок. Ордо бош калган!
Тээ бир убакта атасы амир Насрулла кылып көргөндөй «Кокон өлкөсү Бухара-и-Шарифтин Бактияр өкүмдарынын кол алдына өттү» кылгысы келбеди. «Ыйык ата мурасын өз эгесине кайра алып берген» болуп, анын көзүн карабаска чарасыз Кудаяр аркылуу өлкөгө өз өкүмүн өткөрмөктү көздөдү. Ким каршы Кудаярдын ордого огожо болушуна? Дагы баягы өчүккөн кыргыз-кыпчак! Ким алардын ушу тапта биригип баш коёр адамы?
Андай адам бирөө гана болучу. Күнүмдүк тириликке керек­түү­лөрдөн артык баш буюм жок өргөө Бухаранын амири Музаффарга өтө эле жупуну көрүнүп, «Мал издеген бирөөгө жатак конок бергенсип кембагалдын жакыр үйүнө киргизип коюшканыбы?» деген кине көӊүлүнө кетип, булардын ымга келишпестигинин белгисиби деп ой жоруп отурду. Жанындагы Кудаяр да сарсанаа, жер тиктеп «эми не кыямат кеп болунар экен? Оо, Жараткан, бу катындын оозуна биртке алтын шилекей салып коёр бекенсиӊ?!» деп күйгүлтүктө отурду. Бир кезде адеп сактай, жүйүртө басып Курманжан жесир кирди.
– Арыбагыла... Келгиле, азирети...- деп жумшак саламдашты. Сый көрсөтүп ордунан козголумуш этип учурашкан амир башка сөзгө өтүшө электе өзү кыраатын келтире куран окуду.
– Кайран датка кара ниет кутумдардын колунан бөөдө мерт болгон экен, ылайым жаннати болсун, биз укпай калдык дей албайбыз. Жердин ыраактыгына карабай келип топурак салуу
мусулмандык карызыбыз эди, чүнки ошол мезгилде Кокон ордосун ошо карасанатай адамдар ээлеп алып, ортобузда караманча кастык болуп, мына эми келип отурабыз, бек айым. Кайрат кылгайсыз. Датканын калган өмүрүн, ооматын сизге жана да угул балдарыӊызга берсин бир Аллам...- деди жай, салабаттуу үн менен.
Жылуу-жумшак үзүр сурашуудан соӊ:
– Энди, бек айым, сизге бир тартуу ала келген элек, - деп тышка алакан уруп, дабыш кылды. Ошол замат жылтылдаган кү­мүш табакка салынган бирдеменин үс­түн үлбүрөгөн кара
шайы менен жаап, нөкөр алып кирип, сыӊар тизелей таазим кыла Курманжан жесирдин алдына тосо кармады. Ал элтейип өлүмтүк жытын сезип, иреӊи мостоё түштү.
– Көрүӊ, өз колуӊуз менен ачып көрүӊ, бек айым,- деди амир.
Курманжан жесир кара шайыны чымчып ачып чочуп, кайра таштап жиберди. Оозу кыйшайган, түктөйгөн сейрек мурут, белбаскак таӊыракай мурун... «Чотон!..» деди купуя.
– Көрүп көкшүнү суусун, өчү кансын деп ала келдик.

(Уландысы кийинки сандарда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Adilettikenek
2015-01-11 19:21:59
Эң жакшы жазылган курч роман! Чыныгы жазуучун чыгармасы!
0
Adilettikenek
2015-01-11 19:25:02
Не бир сонун керемет сөздөр, элестүү, сүрөттөлүшү. Окусаң тимеле кошо аралашып кетесиң! Ошол заманда туулуп калсам эмне?! Бул чыгарманы бери дегенде эле 5-6 жолу окудум. Дагы деле окуп жатам! Эң сүйүктүү, жакшы көргөн, баалагн чыгармам ушул
0
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан