«Салам, Нью-Йорктун» жаратуучуларынан «СҮЙҮКТҮҮМДҮН КААРМАНЫ» комедиясы

Кинотеатрларды кыргыз кинолору каптаган мезгил экенинен кабарыӊыз болсо керек. Бул жолу алардын катарын толуктоочу «Сүйүктүүмдүн каарманы» («Герой моей девушки») тасмасынын бет ачары болуп, көрөрмандарга сунушталды. Аталган тасма тууралуу фильмдин продюсери Эрмек Нурбаевге бир нече суроо узаттык.

Режиссёру – Руслан Акун
Продюсери – Эрмек Нурбаев
Сценаристтери – Бакыт Осмонканов, Жеӊиш Майрамбек уулу
Жанры – Романтикалык комедия
Башкы ролдордо – Жеӊиш Майрамбек уулу, Алия Телебарисова, Айбек Айтбаев, Айнагүл Байболова, Адилет Азиев жана башкалар

Тасманын узактыгы – 1 саат 25 мүнөт
– Эрмек, айтсаӊыз, фильмдин тарбиялык мааниси эмнеде?
– Аталган тасмада кө­рөр­ман­дар­ды тарбиялоочу көп эле окуялар, көйгөйлөр көр­сөтүлгөн. Тамашоучу Жеӊиш Майрамбек уулу аткарган баш каарман жашоодо бардык нерсеге жеӊил жол менен жетүүнү каалаган жалкоо жигит. Жеӊил ойлуулу­гу менен университеттин эӊ сулуу кызы менен жүрсөм, атасы бай болсо, ал аркылуу келечегимди түптөп алам деген кыска ойлорун ишке ашырууну каалайт. Бирок анын бул кыялдары тоскоолдукка учураганын окуянын жүрүшүндө билсе болот. Кино көрүүчүлөргө жашоодо оӊой оокат жок, бардык нерсеге ак эмгек менен жеткен жакшы деген ойду бергибиз келген.
– Кинону көргөндөр тасмадагы актёрлордун аткарганына жакшы баа беришүүдө, алар кандай критерийлер менен тандалып алынган?
– Баш каарман казак актри­сасы Алия Телебарисованы Руслан Акун сунуштаган, анын чыгармачылыгы менен үс­түр­төн тааныш экен. Дагы бир баш каарман Айбек Айтбаев өзү кыргыз, бирок Өзбекстанда чо­ӊойгон. Аны кас­тинг учурунда байкап, көрсөткөн оюнун баалады. Ал эми Же­ӊишти мен тандагам, Руслан Акун да менин тандоомо ишенип талашып-тартышкан жок. Көрөрмандар баамдагандай эле, актёрлордун бардык оюну өз деӊгээлинде болду. Мага актёрлордун арасынан Алиянын аткарганы жакты. Анткени ал, чынында, өз ишин так, кылдат, жоопкерчиликтүү аткарган актриса экен. Башында Жеӊиш үчүн да «жеткиликтүү аткара алабы, жокпу?» деп ичимден кабатыр болгон элем. Бирок Жеӊиш ишенимди актап жакшы ойноду. Көрсө, «Тама­шоу» мектебинин деӊгээли деле ишке жарай турган болуп калыптыр.
– Комедияны «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын режиссёру Руслан Акун тартыптыр, ошол тасмага деӊгээли жетеби же жетпей калабы деген кооптонуулар болгон жокпу?
– Эки тасманы салыштырууга такыр болбойт. Экөө эки башка жанрда, эки башка өлкөдө тартылган. Андыктан андай кооптонуулар болгон жок.
– Тасма тууралуу кинону көргөндөрдөн кандай ой-пикирлерди угуп жатасыз?
– Мактангандай болбоюн, бирок азырынча жалаӊ жакшы ойлор айтылууда. Көргөндөрдүн 99 пайызы «мыкты болуптур» деген баасын беришүүдө.
– Кино тартуу чоӊ түйшүк экенин билебиз, тартуу учурунда кандай кыйынчылыктарга тушуктуӊар?
– Бардык эле эпизоддорду тартууда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Кино да көп адамдын эмгегин талап кылат. Бирок биз – тартуучу команда биригип ынтымак менен кинону жыйынтыктадык. Эӊ башкысы, элге жакса, кинотеатрдан көрүп маанайы көтөрүӊкү чыкса, мына ошол биздин жеӊиш деп ойлойм.

Лунара Бекиева

 Кыстарылган видео 
“Герой моей девушки” тасмасы жарыкка чыкты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
suiuktuujar
2015-01-05 10:38:30
Кино залга качан чыгат болду экен.
0
Oceana
2015-01-05 11:25:23
Коруш керек экен.
0
jama9210
2015-01-05 18:41:50
Мага лично бул кино жаккан жок 4 деген баа бердим))
0
FSB
2015-01-06 04:39:37
Kyrgyzdan aktrisa jok kalgansyp!
0
sumaya
2015-01-09 05:44:01
мм коруш керек экен ...
0
№ 635, 2-январь-8-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан