Күмөндөр Абылов: «МИТИНГДЕРДИН АЙЫНАН БАНКРОТ БОЛГОМ»

Мүнөзү чорт, бук болгондо көздөрүнөн мончок-мончок жаш агат. Жөн салды сүйлөсө эле күлкүң келет...
Бул сапаттардын ээси, КРнын Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов биздин төрдө конокто.

– Ден соолугуңуз жакшыбы, Кү­мөн­дөр байке, жакында бир аз кырсыктап калды деп уктум эле...
– Инимдин кайнатасы каза болуп Нарынга барган элек. Ошол жактан кайтып келатып, Токмоктон кырсыкка кабылдык, мен рулда болчумун. Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы. Ооруканага жатып бир аз дарыланып чыктым.
– Көптөн бери көрүнбөй кет­тиңиз. Кайда, эмне иштер менен алексиз?
– Такыр концерт бербей калганымдын себеби эки жолку концертим митингге туш келип, оозум күйгөн. 2006-жылы 3-ноябрдан 7-ноябрга чейин концерт бермек элем. Ошондо 2-ноябрда башталган митинг мени менен кошо жарышып, 7-ноябрга чейин болду. Казактардан да куудул чакырып койгом. Алар “ой-бай бул жерде атышып жатышат го” деп чочушту. Ошондо залдын жарымы араң толгон. Билет алгандар кайра өткөрүшкөн. Мындай окуядан кийин концерт коюудан коркуп калган жайым бар. Азыр эл ыр-күлкүнү сагынып калды окшойт. Анын үстүнө, мен өзүм да сахнаны сагындым.
– Концертиңизге ырчылар да катышабы? Афишага аттарын жазбаптырсыз.
– Азыр ырчылардын көбү той ме­нен жашап калышкан. Концертке чакырсаң бири “мени алып салыңыз, тойго барышым керек эле” десе, экинчиси кечигип келет. Анан колго тийген артистти эле чыгарууга туура келет. Ошентип, көшөгөнүн артында маанайың бузулат. Ушундай жагдайларды эске алып, концертке кайсы ырчы катышарын жазган жокмун.
– Мурун ар жылы “Мыскыл жана тамаша” аттуу ыр-күлкү концерти болор эле. Ал да тынчып калды. Буга эмне себеп?
– “Мыскыл жана тамашанын” болбой калышы – телевидениенин күнөөсү. Режиссёр отуруп алып сатираларды талкуулап, бир жума даярданып, камерага тартып, анан көрөрмандарга алып чыкчу. Азыр “50 000­ сом берсең анан концертиңди тартып берем” дешет экен. Акча берип чыкчудай мен эмне жаңыдан чыгып келе жаткан жаш бала белем? Андан көрө эл менен жүзмө-жүз көрүшүп, айыл аралап концерт бергеним жакшы да.
– Артисттердин көбү эле азыр той-топур менен жан багышат эмеспи. Кантип жан багып жатасыз?
– Негизи, мен кыргыз драма театрында иштеймин. Андан сырткары тойлорго тамадалык кылам. Айрымдар “бир-эки чыгып элди күлдүрүп коюңуз” деп суранышат.
– Жеке бизнесиңиз барбы?
– Бизнес менен алектенейин деген оюм да жок. Бир ишти баштайын десем, ал мындан 10-15 жыл мурун эле ачылып, эл андан кайтып калган болот. Бир жолу үйдүн жанындагы базарга күркө коёюн деп атайын жасаттым. Жаңы эле орун алып жайгаштырганы жатсам, базарды бирөө сатып алып меникинен таптакыр башкача, бири-бирине окшош күркөлөрдү тизип салыптыр. Дагы бир жолу Прибалтикадан бир вагон машина алып келип, араң бир жылда сатып бүткөм. Башкалар бир жумада эле сатып жиберип кайра жөнөшөт. Арзан да кылып көрдүм. “Эмнеге арзан, бир балээси бар го” деп жинге тийишти. Ошондон кийин бизнес деген немеден алыс болоюн дегем.
– Келиндүү бол­го­нуңузга жарым жыл болуп калды. Кандай кайната болуп жатасыз? Келиниңизге канча калың бердиңиз?
– Башка кайнаталарды көрүп ушундай кайната болоюн деген деле оюм жок. Кайынды алып салып, келиним Гүлзатка өз атасындай болгонго аракет кылып жатам. Калың болсо сыр.
– Бакыт Мукул деген иниңиз да куудул катары элге таанылып калды эле, көрүнбөй кетти го...
– Ал тамадалык борбор ачып алган. Үч эркек баланын атасы. Келинчеги да актриса эмеспи. Экөө тең эле той-топур менен иштешүүдө.
– Сахна­лаш­та­ры­ңыз­дын кимиси менен жакшы катышасыз?
– Абдылда, Рахман менен. Андан сырткары, кыргыз драма театрынын директору Кыргызбай Осмонов менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар.
– Мү­нө­зү­ңүздү жу­байыңыз Жамила эжеден жакшы билген эч ким болбосо керек. Эже, куудул десе эле үй-бүлө­сүн эртеден-кечке күл­дү­рө берген адамды элестетет экенбиз. Күмөндөр байке ошондойбу?
– Күмөндөр экөөбүздүн чогуу түтүн булатканыбызга жыйырма жети жыл болду. Маанайы жакшы болгондо эле күлдүрүп койбосо, үйдө түнт. Бирок ак көңүл, колунда бар болсо аянбай чача берет. Ал эми жини келсе үйдө чымын да учпай калат.
– Анда кээде какыс-кукус кылып жибериши мүмкүн экен да...
– Какыс-кукус кылган учурлар ар бир үй-бүлөдө эле болсо керек. Анын баарын сабырдуулук менен жеңип келе жатабыз.
– Балдарына кандай ата? Бал­дарыңыз жөнүндө айтып берсе­ңиз?
– Өтө мээримдүү, камкор, баласаак ата. Үйгө менин төркүнүм келеби, өзүнүкүбү баарын чекесинен өөп, бирдей мамиле кылат.
Улуу кызыбыз Чүрөкгүл музыкалык мектепте мугалим. Андан кийинкибиз эгиздин түгөйү Аваз 6-класстан бери сүйлөшүп жүргөн кызы Гүлзатка үйлөндү. Ал Эл аралык университетте, келиним Улуттук университетте окуйт. Нават кызыбыз болсо Финансы техникумун аяктаган. Кичүүбүз Намаз Улуттук университеттин 1-курсунун студенти.
– Күмөндөр байке кайын журтуна сыйлуу күйөө бала болсо керек...
– Эрке, сыйлуу жалгыз күйөө бала. Эки бажасы бар эле өтүп кетишти. Кээде аларды жоктоп муңканып калат.
– Күмөндөр байке, Жамила эже, жылуу маегиңерге рахмат. Бириңер элди күлдүрүп, экинчиңер күлкүдөн түшкөн акчаны капчыкка батыра албай эле жүрө бергиле.

"ӨЗҮМ ЖӨНҮНДӨ"
Арманым – анча деле чоң эмес. Адам тагдырына топук кылып жашаш керек.
Эки аял алуу оюмда жок. Экини эмес, бирин эле эптеп алайынчы.
Хоббим – бильярд ойноо, мергенчиликке чыгуу, балык уулоо, жыгачтан шахматтын фигураларын жасоо. Бирок ушуга чейин бир да фигураны аягына чыгара элекмин.
Ала жипти бирөө таштап койгон болсо, байкабай аттап кеткендирмин.
Жакшы көргөн ырчым – Салима Балтаева, кином – "Бакайдын жайыты", куудулум – Рахман, Абдылда.
Чачымды жыйырма күндө бир боёйм. Бир айга жакындаса агарып кетет.
Аялымды катуу деле кармабайм. Же ал мени кармап жүрөбү, билбейм.
Сахна мен үчүн – ыйык супара.
Максатым – тарыхый чоң чыгарма баштадым. Ошону аягына чыгаруу. Учурда жер-суунун аттарын, жылдарды тактап жатам. Андан сырткары неберелериме татыктуу тарбия берүү, чыгармаларымды китеп кылып чыгаруу жана дискке жаздырып, кийинки муунга калтыруу.
Ыйлоо жагынан алдыма эч кимди чыгарбайм. Индия кинолорун көрсөм деле ыйлай берем.


Жылмайып коюңуз!

Күмөндөрдөн “живой” анекдот
Жеңеңерге ким жакшы сүйлөп, күлүп койсо эле жабыштырып жинине тие берем. Бир жолу машинада баратсак, үргүлөп кирди. Эмне болду десем, “сокур молдо жетелеп баратат” дейт. Жабыштырганга эч кимди таппай калган жаным ошол сокур молдо экөөң да соо эмессиң деп опузаладым.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Azamato
2009-12-01 05:21:41
ээ Гумондор байке, ардайым кыргыздын жузуно бар болун.
0
maxa
2009-12-01 15:36:26
Супер куудул
0
Kagan
2009-12-02 01:19:29
Кичуу кызыныз мага аябай жагат.....................................................................
0
jaz
2009-12-02 02:47:09
Kymondor bayke temyrdey bekem den-sooluk kaalaim.Oilogon oiynyz yshke ashsyn.Byz syzdyn talanttynyzga taazim etebyz.Jubaiynyz kyzdarynyz aman bolup yi-byloolyk bakyt kaalaim.
0
jazka
2009-12-03 05:03:31
Аман болунуз!!!
0
tynalieva
2010-07-28 19:18:12
Кумондор тайке!ден соолугун чын болуп, омурун узун болсун
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан