– Эсиӊдеби экөөбүз бекетте түнөгөнүбүз? Ошондогу аябай ачка болуп, бир нанды бөлүп жегенибиз эсиӊдеби?
– Дагы баштадыӊбы? Башым ооруп турат...
– Мени жүзүмдөн сылап, өпкөндөн жадачу эмессиӊ. Ошол экөөбүз ижарага алган батирде жарытылуу идиш-аяк дагы жок болчу. Апам белекке берген табакты кокусунан сындырып алып ыйлаганым эсиӊдеби? Сен мага «жаным, сага мындайдын миӊин алып берем, болгону ыйлабачы» деген элеӊ.
– Кудай үчүн токтотчу наалыганыӊды!
– Колубузда эч нерсе жок, суу менен нан жеген күндөрдү сагындым. Биз анда бактылуу эмес белек. Сен мени өзгөчө тиктечү элеӊ.
– Ал кезде сен дагы мындай эзилген неме эмес элеӊ! Деги сенин күлүп-жайнаган күнүӊ болобу?! Адамды өлтүрүп тынасыӊ го, ээ?
Биздин күнүбүз дайыма ушундай аяктайт. Урушпай жай сүйлөшкөн күнүбүз жок. Мени асмандагы айга теӊеп, ааламдагы жылдыздардын баарын алаканыма салам деген сүйүктүүм азыр
ошол жылдыздардай быжыраган кыздардын койнунда жатат. Кайсы күнү, кайсы мүнөттө мунун баары башталып кетти, түшүнбөйм.
– Жан, бүгүн канчада келесиӊ?
– Дагы ушул сурообу? Канча жолу айтыш керек, бул суроону мага экинчи бербе! Ойноп жүрөмбү мен?!
– Кечки тамакты канчага даярдайын деген элем болгону, эмне кыйкырасыӊ?
– Даярдабай эле кой! Мага тамактын кереги жок, кафеден ичип келем.
Кайра эле чырдашабыз. Экөөбүз бир короого батпаган эки иттей болуп калдык. Качандыр бир кезде биздин эриндер дагы чоктой ысык махабаттын жалынына какталгандыгына өзүм да
ишенбей кетем. Бири-бирибизди көргөндө көзүбүздөн кубанычтын жашы акчу эмес беле.
– Сен АКШдан келерде аэропортто 12 саат күтүп отурганымчы. Жүргүнчүлөрдүн арасынан кызыл плащыӊды көргөндө кубанганымдан «асылым» деп кыйкырганымды унутуп калдыӊбы?
– Уф, ажырашалыбы?
– Асылым, сен дагы эле мендиксиӊ да. Жүрөгүмдү эзбечи. Кыйналып кеттим, ажырашпайбыз. Мен сенсиз бул жарыктыкта кантип өмүр сүрөм, өлүп калбаймбы. Макул, аныӊ менен деле жолуга берчи. Бирок мени менен ажырашпачы, суранам. Дагы чыдабастан алдыӊда тизелеп жалбардым. Эртеси эле кайра баштадым.
– Экөөӊдү дүкөндөн көрүп калганымда үйгө келип асынып өлгүм келди...
– Токтот дейм!
– Экөөбүз эми адамдарча жашай албайбыз да, ээ?
– Малика, өзүӊдү колго алчы. Антип мени иренжитпечи, мынчалык жалдырабачы. Мен сени кечире албайм. Жолдошунун көзүнө чөп салат деген оӊой иш эмес да.
– Асылбек, ал экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Ооба, ага жолукканым чын, бирок жөн гана сүйлөшүп отурганбыз. Ишенчи мага. Сен деле тигиниӊ менен жолугуп жүрбөйсүӊбү, теӊ-теӊ болду да.
– Ооба, бир күн, бир түн сөзүӊөр бүтпөй кыйын болгон силерге...
– Билсеӊ, ал менен өткөргөн түн сени менен өткөргөн бир мүнөткө да татыбайт. Мен сени сүйөм...
– Анда ага мени катуу сүйгөнүӊдөн жолугуп жүргөнсүӊ да, ээ? Мен сени жубайлыкка алгам. Биз үй-бүлө элек. Адамча жашаганды өзүӊ каалабай койбодуӊбу?
– Сени сүйөм... Мындан башка эч нерсе айта албайм. Билем, айтканга акым да жок. Алсыздыкка алдырдым, анын жылуу сөздөрүнө эридим. «Сени сагындым, эмнеге мени күтпөй турмушка чыгып кеттиӊ?» дегенинен...
– Ал сени жөн гана колдонду, а мен эми сени минтип жазалайм. Малика, бул жашоодо ар бир адам жазасын алыш керек. Менин таза сезимимди булгадыӊ. Эми мен дагы сени кыйнап жашайм.
– Билем...
– Билсеӊ анда жолуӊ ачык. Көзүмө көрүнбөй жок болуп кетчи!
Мындай күндөрдүн башыбыздан алгачкы жолу өтүшү эмес. Канча ирет үйдөн чыгып кеттим. Жаным, экинчи бул катамды кайталабайм. Болгону мени сүйгөндөн, мага кайрадан ишенгенден коркпочу. Сенин жаркыган күлкүӊдү аябай сагындым.
Малика
Нуркыз Курманбек кызы
lira@super.kg