ТӨРТ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ЖАРАН ЖАТАК-АБАККА КЕСИЛДИ

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы 4 кишини сүзүп өлтүргөн айдоочуга 17 жылга жатак-абакта жазасын өтөө чечимин чыгарды. Ал эми чырактай балдарынан ажыраган энелер соттун өкүмүнө нааразы болушууда.

ЧЫГАРЫЛГАН ЖУМШАК ӨКҮМ
Узап кеткен жылдын 5-декабрында айыпталып жаткан Багги Хамидге карата Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы өз чечимин чыгарды. Багги Кылмыш-жаза кодексинин 281 (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугун бузуу) жана 246-беренесинин (сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн, баӊгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде күнөөлүү деп табылып, төрт адамдын өмүрүн алган Баггинин багына жатак-абактан орун буюрду.
Эске салсак, 2014-жылдын 17-июнуна караган түнү Чүй облусунда бир адамды сүзүп өлтүргөн айдоочу качып кетүүгө аракет кылган. Унаасынын жарыгын өчүрүп айдап баратып дагы 3 кишини сүзгөн. Жыйынтыгында Адилет Байыш уулу, Орозали Каныбай уулу жана Мансурбек Пайзилда уулу каза тапкан. Бул кылмышка тиешеси бар делинип Москва районунун Александровка айылынын 1989-жылы туулган тургуну Багги Хамид кармалган. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза айыпталуучунун ошол убакта баӊгизатын колдонгондугун далилдеген. Ошондой эле тинтүү учурунда анын үйүнөн баӊгизаты табылган. Ал эми судья баӊгизат колдонгон абалында 4 кишинин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгын "этиятсыздыктан келип чыккан кылмыш" деп баалаган.

«БАӉГИЗАТ КОЛДОНГОНДУГУ АНЫКТАЛГАН»
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Жыргал Бабаев сот иши тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Тергөөдө айыпталып жаткан Багги Хамиддин күнөөсү бар экендиги аныкталып, кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунда каралды. Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алды. Тактап айтканда, сүзүп өлтүргөнүн моюнуна алганы менен, «баӊгизаттарды колдонгон эмесмин» деп танып жатат. Ал эми экспертизанын жыйынтыгында анын канында баӊгизат бар экендиги аныкталган. Ага кошумча үйүнөн баӊгизаты табылган. Муну сотто танганы туура эмес.
Ал эми Багги Хамид Ягубаевичтин жактоочусуна кайрылганыбызда, ал жооп берүүдөн баш тартып, сот имаратынан чыгып эле унаасы менен зуу койду.

«СОТ АДИЛЕТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАН ЖОК»
Калыскан Бөкөбаева, маркум Адилет Байыш уулунун апасы:
– Уулум Адилет 1994-жылы Кара-Суу районунда туулган. Мектепте окуудан эле алдыда болбостон, спорттон да мыкты ийгиликтерди жаратып келген. Район, облустук деӊгээлдеги мелдештерге барып, жеӊип келген диплом, медалдары баламды эске салчу тарых болуп калды.
2011-жылы февраль айында уулум Бишкекке иштейм деп келген. Туугандарыбыздын машина жуучу жайында иштеп жаткан. Окуя болгондон бери сот улам жылдырылып, чечим чыкпай жүрдү. Кара-Суу районунан борборго кайра-кайра келип-кетүү биз үчүн оор эле. Тогуз ай карыныма, жыйырма жыл карегиме, жүрөгүмө катып баккан баламды жоготуп отурсам, биз ишенген соттордун кылар иши каӊырыкты түтөтөт. Баламдын кырчындай кезинде бейажал өлүп кеткенине жаным ачыйт. Мага окшогон баласын жоготкон энелер ботосун жоготкон боз иӊген болуп кала береби? Баламдын өлүмүнө күнөөлүү делинген Багги Хамид жатак-абакта жазасын өтөсүн деген чечим туура эмес. Менин укук коргоо органдарынан суранарым, күнөөлүүнү оор жазага тартышсын.

«МЕН БАГАР УУЛУМДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫМ»
Зыпаркан Маткасымова, маркум Орозалы Канабай уулунун апасы:
– Уулум Орозалы 1998-жылы туулган. Жолдошум каза болгондон кийин кара курсактын айынан борборго келгенбиз. 9-класска чейин борбордо билим алып, андан соӊ Ош шаарындагы каржы техникумунда окуп жаткан. Быйыл биринчи курсту аяктап, «контрагымды өзүм төлөйм» деп иштеп жаткан. Кичине сыркоолоп жаткан болчумун. Ошол каргашалуу күнү кечки саат 8дерде мага телефон чалып, абалымды сураган. «Менден кабатыр болбо, балам» десем, «апа, мен сизди багам, атамдын жоктугун билгизбейм» деди. «Жоголгон бычактын сабы алтын» дегендей болбосун, балам түз жүрчү. Келечекке койгон асыл максаттары бар эле. Ал кыялдарын Багги Хамид аттуу жаран талкалап жок кылды.
Балдарыбыз өлүп жатса «мени жеткизип койгула, акча берем» дептир. Ошол жердеги балдар аны кармап, милицияга кабар беришкен. Биз балдарыбызды жерге берип, кайгы чегип жүрсөк, ата-энеси кечирим сурагандын ордуна баласына «психикалык оорулуу» деген документ даярдатып алышыптыр. Ал эле эмес, «машинанын тетиктеринин эскилиги жеткендиктен башкара албай калган» деген техникалык экспертизанын жыйынтыгын чыгартып алыптыр. Кайра текшерилгенде Баггинин баӊгизатын колдонгондугу, машинасынын тетиктери жайында экендиги аныкталган.

«ЖҮРӨГҮМ БИР НЕРСЕНИ СЕЗДИ»
Гүлүмкан Айдарбекова, маркум Мансурбек Пайзулда уулунун апасы:
– Мансурбек үч уулдун ортончусу. 1997-жылы туулган. Быйыл 10-классты аяктап, чөп орумга чейин Бишкекке барып иштеп келейин деп келген эле. Бул жакта эжемдин баласы менен машина жууп иштеп жаткан. 17-июнь күнү мектепте мамлекеттик экзамен алып жатсам, белгисиз номер чалып, «сиз Орозалынын таежеси болосузбу?» деп сурады. «Ооба» десем телефонду өчүрүп салды. Кайра чалсам албай койду. Мансурбекке чалсам, телефонун алган жок. Шаардагы туугандарыбызга чалсам, бардыгынын телефондору өчүрүлгөн. Эжемдин кызы телефонун алып, «Мансурбек автокырсыкка учураптыр» деди. Жүрөгүм бир нерсени сезип, үйгө келип, жолдошум экөөбүз Бишкекке барууну чечтик. Айылдагы жүрүп турган машиналар бизге «бузулуп калды» деп шаарга алып барбай жатышты. Көрсө, урук-тууганга баламдын өлгөнүн угузуп коюшкан экен. Мен байкуш укпастан экзамен алып жүрө бериптирмин. Жан талашып жатып бир тааныштын машинеси менен бир аз жүргөндөн кийин артыбыздан туугандар келип, «уулуӊардан айрылдыӊар» дешти. Эртеси таӊкы саат бештерде уулумдун сөөгүн айылга алып барышты.
Жабырлануучу тарап Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө макул эместигин билдирип, облустук сотко кайрылышкан. Облустук сот бул ишти качан караары азырынча белгисиз.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Xabibbullo
2015-01-13 04:59:29
Бешиктен бели чыга элек балдардын жаны жаннаттан болсун!!! Сот аябай байып кетсе керек ошол соттун баласы бар болду бекен эээ Аллахым озун таразалачы пара корчуларды!!!
0
sarishka
2015-01-13 06:35:44
Emnege bizdin sottordo bet jok,kantip ui kamaka chigarat 4adamdi olturup atsa,ushu akchaga satulgan sottordun baldari ushintip olso oshondo tushunushot,ubaktuluu aram akchaga jurgaship atat,
0
meder.aralbekov
2015-01-13 11:36:40
ай ай ай
0
guard
2015-01-13 14:11:18
Бул жерде соттордун озулорун кошо соттоо керек экен, тигиге кошуп...акмаки, сволочи не справедливые...
Ай сотторун бул жерде кылмыш кылып качып баратып анан учоону олтуро сузсо "этиятсыздыктан келип чыккан кылмыш" дейт да, деги буларын УК дегенди билишеби...
0
Erniet
2015-01-13 15:49:59
Кандай акмак соттор не деген келесоо жактоочулар
0
chyngyz123456789
2015-01-13 22:29:30
кооп кейий бербениздер бары жакшы болот
0
mafi
2015-01-14 00:50:50
Болгон нерсенин баары Кудайдын айтканына жараша болот эмеспи. Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө Кудай сабыр берсин.
Мыйзам жактан ушундай өкүм чыгат да. Анткени кылмышкердин баңги затың экспертиза айтып отурбайбы. Эгерде ал атайын өлтүргөн болгондо башка мөөнөт берилмек. 17 жыл да оңой жыл эмес болуш керек.
0
kubzero
2015-01-14 11:51:47
Baary ele ak4a ak4a dep karany ak kylat akty negr kylat
0
roma84
2015-01-14 15:45:41
Кош бойлуу аял турмодо торосо, 2 кылмыш иши козголгон дешет,а булар 4 адамдын омурун алса жатак абакта журушот??? Сотторубуз аман эле болушсун...
0
gusijashoo
2015-01-14 21:01:52
Сузуп кеткен бала дунган улутунан экен. Кыргыздарга акча берсек баары бутот деди да. Ай ай ай..... Улуттук намыс деле жок.
+1
temirov76
2015-01-14 23:52:43
17жыл чет жака чыкпай уй камагынабы бул деген эркиндик да,мисалы мен 38 жылдада чет мамлекетке чыкпай кыргызстанда эле жашап журом,сот чечими кулкуну келтирет го 1 эмес 4адам олуп атса.
+1
Peri76
2015-01-15 16:12:56
Торт бирдей эр азаматы жок кылып жатса 17жыл деген не 3жылда эле келип алат андан коро биздин окмот ушундай оор кылмыш жасагандарга атууга окум чыгарып койсо кылмыш да азаят беле,балдардын ата эне бир туугандарына Аллахым сабыр берсин.мындай иш менин да башымдан откон биртууган агамды наша чегип алып бир канкор 8жерине бычак уруп олтургон сот 15жылга кескен а бирок 3 жылда эле келген ал бала,катседа кеткен эсен болсо келет кеменделген келбей экен.
0
kg91
2015-01-15 20:26:24
Жаткан жери жайлуу болсун
Биздин сооттор еч мыйзамдын чегинде иштебей калды мындай торт ер азаматтарыбызды сузуп олтургон адамдын, меесин чачырата атса дагы аздык кылат
Аллахым озу жазаласын мындай акмактарды..
0
nurshoola
2015-01-16 09:21:55
тортунчусу ким экен
0
admin_superstan
2015-01-16 16:31:28
nurshoola, саламатсызбы! Төртүнчү адамдын өздүгү тактала элек.
0
Rifle
2015-01-18 14:25:17
admin_superstan,
Жатак абак деген кандай , так чечмнлеп берсенер ??
0
Bekish-kg
2015-01-16 21:28:11
Биздин сотторго тан калыштын кереги жок.ой бул жинди деп алып койсон ордуна кайра эле ошондой жинди келет.Мис РФда дачасында канапля остургондугу учун гана 20 жылга кесилди,а бул адам 4 адамды олтуруп ,дагы банги зат табылып анан аны колдонуп алды десе да биздин сот жатак камакка чыгарыптыр.кызыыык канча берди экен соттко а?кеминде 10 млн сом бердида.бангизат чыкса демек аны сатчу экен,акчалуу экенда,сотту сатып алып койдуда.менда коркбой адам сузуп олтуро беришим керек экен.17 жыл уйдо жатыш ах
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан