КОНЬЯ– ДЕРВИШТЕРДИН МЕКЕНИ

Чет өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанга эӊ таанышы Түркия болсо керек, айрыкча анын Стамбул, Анталия жана Анкара шаарлары. Бул өлкөдөгү ачык асман астындагы музей-шаар деп атоого татыктуу Коньяны уктуӊуз беле? Ал жерге Сулейман султандын мураскери Селим султан башкаруучулук кылгандыгы үчүн өз ысымындагы мечитин да тургузган.
Түркиянын туӊгуч борбор калаасы, атактуу акын Омар Хайямдын туулган жери, дервиштердин мекени, азил-тамашалары менен атагы чыккан Насреддин кожо да так ушул жергеде жашап өткөн дешет.

КАЙДА КАРАБА, ОН ТҮРКҮН МЕЧИТ КӨРҮНӨТ...
Тээ илгери ханзаада Селим ат үстүндө Коньядан Осмон империясынын борбору Стамбулга канча күндө, канча түндө жеткенин ким билсин, азыр бул эки шаардын аралыгындагы учуу убактысы 1 саатты алат. Тез ылдамдыкта жүрүүчү поезд менен жол жүрүүгө 4 саат кетет дешти. Декабрь айынын орто ченинде белгиленүүчү Мевлананын зыйнатына дүйнөнүн төрт бурчунан зыяратчылар менен туристтер агылып келишет. Алардын саны жыл бою 2 миллиондон ашат.
«Икона» сөзүнөн келип чыккан Коньянын Библия китебинде жазылганынан эле анын канчалык эзелки жер болгонун түшүнүүгө болот. Шаардын борбордук бөлүгүн кыдырып жүрүп, кууш көчөлөрдөгү узун-туурасы бирдей таш төшөлгөлөр, пайдубалы да көрүнбөй калган эски үйлөр, ар бурчтан чыга калган карт тарыхы бар мечит менен чиркөөлөр ошол байыркы заманга ээрчитип жөнөгөнсүйт. Түркиянын эӊ көп мечит жайгашкан шаарларынын сап башында да Конья турат, ар бири түрдүү кооздугу менен суктандырат. Курулуштардын тарыхы жазылган тактайларды карап алып, «Коньяны убакыттын өзү да унуткарып койгон окшойт» деп күбүрөнүп эле жүрдүм. Эӊ эски жана ажайып жай болуп саналган, XI-XII кылымдарга таандык Ала ад-Диндин дөбөсү селжуктар мамлекетине караштуу курулуштардын урандыларынан калган. «Миӊ жылдык убакыттан бери кантип сакталып турат деген суроо жаралып, элинин тарыхый жайларга болгон камкордугуна жана бийлигинин реставрациялык иштерге каражат аябаганына көӊүлүӊ жылый түшөт. Дегеле шаардын ар бир кадамы сыйынууга арзычудай туюлат.

«ЖЕ БОЛГОНУӉДАЙ КӨРҮН, ЖЕ КӨРҮНГӨНҮӉДӨЙ БОЛ»
Бул акыл кеп XIII кылымда Коньяда жашап өткөн ойчул, аалым жана акын Мевлана Желаледдин Румиге караштуу. Ал жомок, тамсил жана лирикалык ырлардан турган «Месневи» аттуу көлөмдүү поэманын автору. 1273-жылдын 17-декабрында акындын көз жумган күнү учурда Коньяны, анда жайгашкан Мевлананын күмбөзүн зыярат жайга айланткан. Күмбөз келип-кеткендердин саны боюнча Стамбулдагы Осмон империясынын хан сарайы Топкапыдан кийинки эле экинчи орунда турат. Бул зыяратты «жарым ажылыкка тете» дешип, түрктөр ушул күмбөзгө келип, андан кийин гана Меккеге сапар тартышат экен.
Мевлана өлүм күнүн кайра жаралуу күнү, бул дүйнө менен коштошкон соӊ Кудай менен жолугушуу күтүп турат деп билген. Бул күн дервиштердин сема деп аталган бийи менен дүйнөгө көбүрөөк таанылган. Бий ритуалдык медитациядан турат. Чимирилүү менен аткарылган бий аркылуу Кудайга жакындоого болот дешет. Биз да дервиштердин бийи өтчү жерге келип жеттик.
10 миӊ кишини батырган стадиондон орун алып, ага Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да катышты. Алдын ала «кол чаппагыла, сүрөткө тартпагыла, тынчтыкты сактагыла» деген эскертүүлөр берилди. Биринчи күбө болуп жаткан адамга дервиштердин бийи зеригиштүү сезилет. Чимириле бийлеп жаткандарды карап отуруп башыӊ айланып ооруп чыгат. «Качан кагышып кетишер экен?» деп жаттым. Кийин дервиштер бул бийди үйрөнүү үчүн атайын мектепке барарын жана жылдап машыгышарын уктум.
Сема бийинен ар бир адам өз деӊгээлине жараша таасир алат болушу керек. Бирок дервиштердин «толкунун» кармай алсаӊ, алардын ыргагына түшө алсаӊ, чынында, башка бир дүйнөгө жол алгандай болосуӊ. Мээӊди ээлеген маселелер из жашырып, жан дүйнөӊдө жашырынып жаткан сезимдер ойгонгондой туюлат экен. Мевлананын да миссиясы ушунда болгон, ал өмүр бою адамзатка сабырдуулук, билим, ишеним жана тарбиянын маанилүүлүгүн жеткирүүгө аракет кылган.

КЕБАБЫН ЖЕП КӨРБӨЙ КОНЬЯНЫ КӨРДҮМ ДЕБЕӉИЗ...
Саякаттын даамын ашказандын эстеп калуусу да чоӊ иш. Түркиянын эӊ белгилүү шишкебеги Коньяда. Байыркы шаар кебабы менен гана эмес, буурчактын бир түрүнөн даярдалган бамия шорпосу жана үстүнө эт кошулуп жасалган наны менен да атактуу. Азык-түлүк саткан дүкөндөн дал ушул эттүү нан сатылчу жайлар көбүрөөк көзгө урунду.
Шаардын борбордук бөлүгү эски курулуштардан турса, чет-жакасында өнөр жай ишканалары, кеӊселер жана турак жайлар орун алган. Бир караганда ээн өрөөндө чаржайыт жайгашкандай көрүнөт. Бирок шаардын бир четинен экинчи четине чейинки аралык 200 чакырым. Конья аянты боюнча Түркиянын эӊ чоӊ аймагы болуп саналат.
Тургундары өтө сыпайы келишет. Кокустан кайсы бир жерди таппай калып, туш келди жергиликтүү жашоочусуна кайрылсаӊ, зерикпей сураган жерге ээрчитип жөнөйт. Бул бир жолку учурдан калган таасирдин жыйынтыгы да эмес.
Коньядан артык болбосо да, андан кем эмес тарыхый жайлар Кыргызстанда да көп. Качандыр бир күнү агылган туристтер Ысык-Көлгө гана дебей, «Бурана деген каякта? Сулайман тоочу? Таш-Рабатка кантип жетсем болот?» деп келип калар деген изги тилек менен Бишкекке кайттык.


Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Ayperi94
2015-01-12 14:25:44
Бийи кызыктуу окшойт мурда укпаптырмын.
0
Seda
2015-01-13 21:37:19
Konya
0
janat.jusupbekova
2015-01-15 17:53:15
Турция аябай сонун мамлекет дешет го. Супер инфо берген маамлымат керектуу жакшы маалымат болду. Рахмат!Турцияга баруу максатым бар.
0
kubzero
2015-01-18 11:17:38
Кызыктуу экен зынк
0
meka.q
2015-01-18 12:22:42
Мен дагы туркияга барганды энсеп журом ,баргандар айта кетсенер кайсы шаары кооз
0
Aiday0514
2015-01-29 01:02:39
маалыматыныздар учун рахмат
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан