Бекчоро: «ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАСАМ ЭЛЕ ӨЛДҮМ ДЕП ОЙЛОЧУМУН»

Мындан 4-5 жыл мурун кыргыз эстрадасында көз айнегин чечпеген өзгөчө стилдүү мырза пайда болгон эле. Бул жигит учурда сахнадан алыс, бир үй-бүлөнү башкарган үлгүлүү кожоюн. Кеп Бекчоро тууралуу болуп жатканын баамдасаӊыз керек. Анда ырчы жашоосундагы, чыгармачылыгындагы өзгөрүүлөр тууралуу өзү кенен айтып берсин.

– Бекчоро, кандайсыз? Сахнадан, теледен көрүнбөй кеткен ырчылардан «чыгармачылыкты таштадыӊызбы?» деп сурасак, «таштабай эле эл көзүндө жүрөм» дешет. Сиз бул суроого кандай жооп берет элеӊиз?
– Жакшы, рахмат. Чыгармачылыкты таштадым же таштаган жокмун деп айта албайм. Чыгармачылыкка кайтып келемби, жокпу ал деле белгисиз. Мурун кафеде ырдап жүргөндө күнүнө 200 сомдон болсо да чогултуп, 1-2 айда ыр жаздырып, клип тарттырып алчу элем. Азыр шарт деле бар, сандыкта катылган даяр ырлар толтура, бирок негедир кирише албай жатам. Биринчиден, бул нерсеге үй-бүлөлүү болгондугум себеп болду го дейм. Анткени чыгармачылыкка көп убакыт сарпташ керек. Мен анте албайм, бала-чака багыш керек, өзүмдүн жеке иштерим бар дегендей. Анан дин жолуна түшкөндүгүм да чыгармачылыктан алыстап кетүүмө себеп болду.
– Дин жолунда жүрүп деле ырчы болсо болбойбу?
– Чыгармачыл адамдар алыста көп жүрүшөт, ырдап-чоордомой, ичмей-чекмей деген сыяктуу нерселердин арасында көп болобуз. Бул нерсе ыймандан кичине алыстатып коёт. Адам кандай чөйрөдө жүрсө, аны ошол чөйрө тартып кетиши толук мүмкүн. Мен ыйманды сактап калуу максатында эле чыгармачылыкка аралашпай жүрөм. Улантам десем да такыр башка имиджде, таалим-тарбиясы күчтүү ырлар менен чыгышым керек.
– Чыгармачылыктан алыстасаӊыз да кесиптештериӊиздин эмгектерине баам салып турсаӊыз керек?
– Кесиптештеримдин клиптерин атайын артынан куубасам да кээде сыналгыны койгондо көрүп калам. Азыркы чыгып келе жаткан ырчылардын клиптеринде, ырларында өзгөчөлүк жок. Баары эле бир толкунда кетип жаткандай. Эгер мен азыркы ырчылардын замандашы болуп ырдап чыгып калганымда элдин оюна келбеген жаӊычылдыктарды ойлоп тапмакмын.
– Популярдуу болуп, жылдызыӊыз жанып турган кезди сагынасызбы?
– Адам популярдуу болуп, төбөсү көккө жетип турган убакта «мындан өткөн бакыт жок болуш керек» деп ойлойт. Мага деле «сени баары таанышат, популярдуусуӊ, жакшы кийинип-ичесиӊ, «красавчиксиӊ», сенден өткөн бактылуу адам жок болуш керек» деп суктанышчу. Бирок бактылуулук популярдуулукта эмес экен. Мен азыр бактылуу жашап жатам деп айта алам. Анткени көрө албастык, атаандаштык, ушак сөз жок тынч жашоодомун. Дүйнөдө эӊ кымбат нерсе жан дүйнө тынчтыгы эмеспи.
Атактуулук, тескерисинче, адамды бузат, баары эле «сен кыйынсыӊ, сен өзгөчөсүӊ, сага теӊдеш эч ким жок» деп жатса адамдын өзүнө койгон баасы көтөрүлүп, жылдыз оорусуна сөзсүз кабылат. Бул нерсе чөйрөӊдөгү дос-тааныштарыӊа таасирин тийгизет. Мисалы, мен деле жылдыз оорусуна кабылып, досторум жакшылыктарына чакырса барбай коюп, капа кылган күндөрүм болду. Андыктан жөнөкөй элдин арасында эле жүргөнүм оӊ.
– Учурда эмне менен алексиз?
– Биз, чыгармачылыкта жүргөн адамдар, жеӊил акча тапканга көнүп калганбыз. Мен мурун өзүмдү ырчылыктан башка тармакта иштегенимди элестете алчу эмесмин. Анткени ырчы болуп жүргөндө тияктан-бияктан акча чыга берчү, «ырчылыкты таштасам эле өлдүм, башка жумушта иштей албайм» деп ойлочумун. Көрсө, адамдын каалоосу жеӊил нерсени жакшы көрөт экен. Сахнада секирип бийлеп коюп, дискиӊди алып барып 1-2 ыр ырдап коюп эле акча таап жатсаӊ, албетте, мындай жумуш кимге жакпасын.
Учурда чет өлкөдөн келген курулуш материалдарын сатып иштейм, андан сырткары жакында досторум менен такси кызматын ачканбыз. Азыр ошондой иштер менен алекмин.
– Көчөдө же кайсы бир жагдайда «ырчы Бекчоро го» деп таанып калгандар болобу?
– Сахнага көз айнекчен чыккангабы, мени көчөдөн эч ким тааныбайт, эл менен аралашып эле жүрөм. Ушуга абдан сүйүнөм, анткени белгилүү болуп жүзүмдү элдер таанып калышса, көп жерден кысылып калмакмын.
– Жаӊы үйүӊүзгө көчүп бардыӊызбы?
– Эки жылдан бери үй-бүлөм менен Көк-Жар конушундагы үйүмдө жашайм. Ызы-чуу болуп жатып документтерин бүтүргөнүбүзгө жарым жылдай эле болду. Ал эч нерсе эмес, көчүп киргенден бери үйүм үч жолу тонолду. Эми короолорду тосуп, коопсуздукту камсыз кылып жатам.
– «Аялды башынан карма» дешет го айрымдар, үйдө тарбияга катуу кожоюнсузбу?
– Жубайым менден көп нерсени талап кылып кийинем-ичем дебейт. Мен тапкан акчаны бейпайда эч жакка коротпойт. «Сага муну-тигини алып берейин» десем ал «үйгө бир нерсе алалы» деп турат. Мага анын сарамжалдуулугу жагат. Эки кызды төрөп берип, үйдөгү жылуулукту сактап эле отурат. Эркек киши жубайынан мындан артык нерсени каалабайт деле болуш керек.
– Кыздарыӊыз да чоӊоюп калса керек?
– Көз тийбесин, кыздарым Ясмина да, Мадина да өтө таланттуу. Алар төрөлө электе эле «кыздарымдын Уитни Хьюстондукундай таланты болсо да ырдатпайм» дечүмүн. Сыналгыдан бирөөнүн ырдап жатканын көрүшсө, дал өзүндөй туурап ырдап коюшат. Вокалдары азыртан эле күчтүү, угуп алып өзүм таӊ калам. Кээде «кыздарымды ырчы кылбайм дедиӊ эле, кана, кылбай көрчү» деп Кудай мени сынап жаткандай сезилет.
– Ошондо кандай кыласыз, кыздарыӊызды ырдатасызбы?
– Жок, мен бул чөйрөдөн алыс тарбиялаганга аракет кылам. Анткени кыз киши үчүн ырчылык оӊой иш эмес. Азыркы ырчы кыздарды жамандагандай болбоюн, бирок гастролдо, ар кайсы жакта көп жүрүшөт, азгырык көп болот. Ал азгырыкка туруштук бере алгандар бар, бере албагандар бар дегендей. Ким менен, эмне кылып жүрөт деп кабатыр болосуӊ да. Анан да ырчылык кыз кишиге такыр жарашпайт, бул менин жеке оюм.
– Маегиӊизге чоӊ рахамат!

"2009-жылы "Супер-Инфонун" "Жылдын стилдүү ырчысы" наамын алгам".

“Жумуштан чарчап келгенде жубайым, кыздарым эркелеп чарчаганымды бат эле жазып коюшат”.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бекчоро: "Бизнести мен, капчыкты келинчегим кармайт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
AFRODITA-89
2015-01-12 22:27:52
Ырчылардын коп сырларын ачып коюптурго бирок мага да ырчылардын акча табуусу оной коруно берет женил иштей, Бекчоро туура айтат кыз балага ырчылык туура келе бербейт айркча гостролдогондо, озунун группасы менен же жолдошун кошуп чыксаго тузук аралшып автобуз, бустар менен жургондоруно туура карай бербейм. Бекчоронун "сен учун беле" деген ыры олло жакчуу мага дагы, женеша татынакай экен бактылуу болсун!
+2
Bakulya79
2015-01-13 00:10:20
Убагында кандай жылдыз эле.
0
tebessum
2015-01-13 01:34:01
Allahym baarybyzga teren yiman bersin.
+1
Positive
2015-01-13 02:15:48
кыздары чырайлуу аялына окшош экен. чыгармачылыктын сырларын тузук эле айтыптыр кичине кагазга оробой "сен учун беле" деген ырынан башка ырыны билбейт экем бул ырчынын. уй-булолук бакыт
0
sezimay
2015-01-13 13:07:33
бактылуу болушсун жубайы, кыздары татынакай экен
0
mersedes2013
2015-01-13 13:49:49
ооой мен жактырган ырчы болчу ,стили да озгочо эле.уланта берсе болмок.рахмат Супер Инфого суранычымды аткарып бергениниздерге.
0
TAYNAYA
2015-01-13 15:41:59
Жакшы дин жолуна тушконун укканымда абдан кубанган элем. Ушул жолунуздан адашпаныз. Уй-булолук бакыт каалайм.
+3
bagjamal
2015-01-13 17:52:11
Аллахым эки дуйно бактылуулукту берсин. Сиз туура жолдосуз.
+1
Taalaibek.
2015-01-14 16:09:42
Ыйман жолуна отконуно шугур. Бир аллахтан башка ыйык эчким жок.
+1
zara-919
2015-01-15 00:33:46
кыздары татынакай экен апасына окшоптур.
+1
sumaya
2015-01-15 03:29:59
Жакшы маек болуптур.Дин жолуна тушкону кубандырды.Уй-булосуно болсо коз тийбесин.Аялы кыздары аябай сулуу экен.Уй-булолук бакыт!
+1
Bek94
2015-01-15 17:02:29
Бекчоронун кийимдери жакты.
0
kubzero
2015-01-16 11:58:23
Ачык айтыптыр журогу абдан таза экен зынк.
0
kubzero
2015-01-16 12:00:35
Чынында эле уй булолу болу чон бакыт туура туура зынк
0
Rifle
2015-01-18 14:41:35
Дин жолуна киргенине кубандым!!!
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан