ЧОӉ СПОРТТОГУ ЧОӉ КЫРСЫКТАР

Чоӊ спорт жашоодогудай. Жеӊиш, кубаныч... Булар жеӊилүү жана кайгы менен дайым чогуу жүрөт. Бирок бул жашоонун сыноосуна салыштырмалуу арзыбаган эле нерсе болуп калат. Себеби спортчулардын арасында жеӊиш артынан кууп, ден соолук, атүгүл өмүрүнөн ажырагандар да жок эмес.

«КЫМБАТТУУ ДОСУМ, БИЗ СЕНИ МЕНЕН ДАГЫ ЖАРЫШКА ТҮШӨБҮЗ»
«Формула-1» жарышынын спортчулары ар дайым коркунучта. Алар жарышта унаасын саатына орточо 300 чакырым ылдамдыкта айдап, жалпысынан 300дөй чакырымды багынтышат. Ал эми жогорку ылдамдык кырсыктын башкы себепкери эмеспи.
Бул жарыштардын 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер жарышта эмес, үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн кезинде оор жаракат алып калганы кызыктай сезилет. Ылдам унааларды башкарып жүргөн «Шуми» 2013-жылы лыжаны башкара албай, башы менен аскага урунган. Жыйынтыгында катуу жаракат алган спортчу жарым жыл мурун комадан чыкканы менен, учурда сүйлөй да, кыймылдай да элек.
2014-жылы октябрь айында «Формула-1дин» эӊ аянычтуу окуясы Япония Гран-присинде француз жарышчысы Жюль Бьянкинин катышуусунда катталды. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан жарышчы жолдон чыгып кетип, эвакуаторду сүзүп алган. Бьянки аман калса да, азыркыга чейин эсине келе элек.
Учурда оор абалда жаткан жарышчыны колдогон кесиптештери «кымбаттуу досум, биз сени менен дагы жарышка түшөбүз» аттуу кайрымдуулук акциясы менен колдоп келишет.

ХОККЕЙ ТАЛААСЫ КАНГА ЧЫЛАНЫП...
Канадалыктарда «хоккей – бул согуш кырдаалындагы көркөм муз тебүү» деген накыл кеп жашайт. Андыктан бул жаатта жаракат алгандар да арбын катталат. Алардын бири «Баффало Сейбрз» командасынын дарбазачысы Клинт Маларчуктун жаракаты.
1989-жыл. Атаандаштардын чабуулдарынын биринде Стив Таттл конькисинин учу менен Клинттин мойнун тилип кетет. Анда дарбазачынын венасы тилинип кеткендиктен көп кан кетип, элдин үрөйүн учурган. Бул учурда команданын дарыгери Пиццутелли Клинттин венасын тиккиче колу менен кан кетүүнү токтотуп, спортчуну сактап калган. Оюн талаасындагы кан тазаланып, хоккейчилер жана көрүүчүлөр өздөрүнө келе түшкөндө оюн уланган. Ал эми Маларчук бир жумадан кийин эле кезектеги оюнга чыккан.

«КАЧАНДЫР БИР КҮНҮ БУТКА ТУРАРЫМА ИШЕНЕМ»
Лыжанын фристайл түрү менен алектенген орусиялык спортчу Мария Комиссарова Сочиде өтүүчү Кышкы Олимпиаданы көптөн күтүп келген. Өз үйүндө өтчү оюндарда алтын медаль утуу тилегин кимдер гана самабайт. Бирок...
Мелдештерге саналуу гана сааттар калганда машыгууга чыккан Мария секирүүдөн кийин жерге туура эмес түшүп, омурткасын кокустатып алат. Спортчу айым ошол замат ооруканага жеткирилип, ага 6 сааттан ашык операция жасалган. Жыйынтыгында Мариянын басып кетиши азыркы күнгө чейин күмөн. Мария «Бул сыноого баш сунуудан башка арга жок. Мен күчтүүмүн. Качандыр бир күнү бутка турушума ишенем» деп эркинин күчтүүлүгүн билдирип келет.

САЙЫЛГАН БЫЧАК ИШЕНИЧТИ МАЙТАРГАН
Өткөн кылымдын 90-жылдары айымдар теннисинде Моника Селеш үстөмдүк кылып турган. Ал кезде Селеш жеӊилүү эмне экенин билчү эмес.
1991-92-жылдардагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы кезектеги сезонун ийгиликтүү баштап, Австралия Ачык Биринчилигин жеӊип алат. Андан соӊ Германиядагы мелдешке катышып, теннис тарыхындагы каргашалуу окуяга кабылат. 1993-жылдын 30-апрелинде жеӊилип жаткан атаандашынын фанаты тыным алуу убактысында тосмолордон секирип келип, Мониканын артына бычак сайган. Кылмышкер дароо кармалып, спортчу ооруканага жеткирилген. Окуянын жыйынтыгында кылмышкер акылынан тайган адам катары бааланып, түрмөгө да камалган эмес. Ал эми Моника Селеш бул окуядан соӊ психикалык жактан жабыркап, 2 жыл теннис ойногон эмес. Ал чоӊ спортко кайтканы менен, баштагыдай өзүнө болгон ишеничти жоготуп койгон. Бул окуядан кийин «жеӊилгис» аты да өчкөн.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ КӨЗ ЖАЗДЫМДАН ӨТКӨНДӨ
Дүйнөдөгү эӊ көп жаракат катталган спорттордун бири – футбол. Бул спортто жеӊил жаракаттан тарта өмүр менен кош айтышкан учурларга чейин кезигет. Бирок футболчулар «ири мелдештин же орчундуу оюндун алдында жаракат алып катышпай калуу алда канча ызалуу» деп белгилешет.
Марко Ройс. Германия курамасынын жана дортмунддук «Боруссиянын» дал ушул таланттуу футболчусунун акыркы убактарда ити чөп жебей жаткан учуру. Ал Бразилиядагы мундиалга бир жума калганда жолдоштук беттеште бутун кайрып алып, жыйынтыгында «чемпиондук сапарга» катышпай калган. Анда Германия чемпион аталганда немис футболчулары «Ройс, сен биз мененсиӊ!» деген жазуулар менен Маркого урмат көрсөтүшкөнү белгилүү.
Андан соӊ аталган жаракатынан жаӊыдан калыбына келип, өлкө чемпиондугунда алгачкы голдорун киргизе баштаганда Ройс кайрадан жаӊы жаракатка кабылды. Анын жыйынтыгында
1-орундагы «Бавариянын» артынан сая түшмөкчү болгон «Боруссия Д» акыркы орундарга гана илешип келе жатат. Учурдагы дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири «эми быйылкы жыл меники болушу керек» деп чамданып жаткан кези.

РИНГДЕН ТҮЗ КОМАГА
Башка эӊ көп сокку тийген спорт – бул бокс. Ошондуктан бул спорттун түрүндө жаракат алгандар да көп болот.
2013-жылдын 2-ноябрында ал кездеги WBC рейтингинде 4-орунда турган орусиялык мушкер Магомед Абдусаламов кубалык мушкер Майк Переске каршы беттешке чыгып, упайлар эсебинде жеӊилип калат. Андан кийинкисин мушкердин менеджери Гринберг мындайча айтып берет: «Магомед 1-раундда эле сол колун оорутуп алган. Муну билгенде мөөнөттөн мурда ак сүлгүнү ыргытмакпыз. Бирок мыкты мушкер баары бир аягына чейин мушташат тура. Беттеш бүткөн соӊ Магомед өзүн жаман сезе баштаган. Ооруканага жеткирилген мушкердин мээсине кан куюлганы аныкталып, узак убакытка комага түшүп калды. Эми ал өмүр үчүн беттеш өткөрүүдө». 6 ай комада жаткан мушкердин акыбалы уламдан улам жакшырып келет.




Адилет Керимбеков
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
suiuktuujar
2015-01-12 12:16:36
Кудай сактаа.
0
Mushker2013
2015-01-12 18:25:55
Спорт
0
Akman95
2015-01-12 21:07:42
Менда спортко кызыгам,озгочо футбол жана волейболго.Бирок шарт жок жана убакыт жок......
0
standard1987
2015-01-13 14:39:10
да.
0
femidakg
2015-01-14 14:03:03
Кудай сактаа. Кандай адамдар натыйжасын билип туруп ушул кесиптерди тандашаар экен.
0
admin_superstan
2015-01-15 10:57:11
studentka_9011, талкуудан алыстабаңыз! Жарнама үчүн тиешелүү бөлүм бар! 1 күн БАН!
0
sharolli
2015-01-15 14:26:25
Спортту менда жаш кезимден кызыгым келем бирок албетте кандай спорт болбосун кырсык жанаша журот ал кырсыктардан Кудайым озу сактасын!!!
0
kubzero
2015-01-16 11:27:42
Эн супер Макала болуптур зынк.
0
NBAA
2015-01-18 11:24:54
Ройс алга жакында Реал Мадридке отот РОЙС ))))Криштиану Роналду менен чогуу ойноп калат экен да буюрса
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан