КИЙИМДИН БИТИНЕН ИЧ КЕЛТЕ ООРУСУ ЖУГАТ

Адамдын бити таракан, бүргө сымал эле атам замандан бери жашап келе жаткан жандык. Мындан 5,5 миллион жыл мурун жаралган деген маалыматтар бар. Мисирде, Перуда табылган байыркы мумиялардан кургап, катып калган биттер табылган. Биттин кандай түрлөрү бар? Алардан оору жугабы? Кантип кутулууга болот?

КӨЗҮ ЖОК, 1 АЙ ГАНА ЖАШООЧУ МИТЕ
Адамдын бити (латынча «рediculus humanus») – кан соруучу, ээсинин эсебинен жашоочу мите жаныбар. Ургаачылары эркегине караганда чоӊураак келет. Биттердин көбүнүн көзү болбойт, эгер болсо да көз ордуна пигменттүү тактар (өнүкпөгөн көздөр) жайгашат. Андыктан алар жыт сезүүсү менен айлана-чөйрөсүн баамдап кыймылдайт, жылат. Жытты мурутчалары менен аныктайт. Биттер күнүгө 2-4 ирет "тамактанат". Ургаачысы бир соргондо 1 миллиграммга, ал эми эркеги 0,5 миллиграммга чейин кан сорот. Тамактануусу 3-10 мүнөткө чейин созулат. Кан соргондо шилекейи кандын уюшуна тоскоолдук кылып, курмандыгынын терисин дүүлүктүрүп, кычыштырат.
Жашоосунун узактыгы максимум 30-38 күн. Сиркелер +36 градуста 4-8 күндө, +23 градуста 16 күндө өсүп, жетилип калат. Ургаачысы күнүгө 10го чейин жумуртка (сирке) тууп, аларды чачтын түбүнө же кийимдин тигишине денесинде иштеп чыгарган жабышкак зат менен жабыштырат. Бир ургаачы бит өмүрүндө 200-250 сирке таштаганга жетишет.
Биттер азыктанбай 2-4 күн жашай алышат. Адамдын бити адамда гана жашайт.

ЧАЧТЫН, КИЙИМДИН, ЖУКА ЧУРАЙДЫН ӨЗҮНҮН БИТТЕРИ БОЛОТ
Адамдын бити 3 түргө бөлүнөт: чачтын, кийимдин жана жука чурайдын бити. Баштагы бит чачтын түбүнө, кийимдин бити көбүнчө кийимдин тигишине, бүгүшүнө, ал эми жука чурайдын бити (чат) түктөрдүн түбүнө 3 жуп буту менен бекем жабышып алып, жашоо кечиришет. Чачтын битинин узундугу 4 миллиметрге, кийимдики 4,7, ал эми жука чурайдыкы 3 миллиметрге чейин жетет. Кээде мындан да көлөмү чоӊдорун кездештирүүгө болот.
Денеде биттер көп болсо, адам алардын чаккан жерин тырмай берип, канталатып жара кылып жиберүүсү да мүмкүн. Баштын жана жука чурайдын битинен оору жукпайт. Ал эми кийимдин бити ич келте оорусун алып жүрүүчүлөргө кирет. Алар ич келте менен ооруган адамдын канын соруу менен, ооруну алып жүрүүчүлөргө айланышат. Бирок ооруну кан соргондогу шилекейи менен жуктурушпайт. Кан менен кошо кирген ич келтенин оору козгогучтары биттин ичегисинде жашап, анан биттин заӊы менен сыртка чыгат. Оору ошол заӊдар бит чаккандан канталаган жарага же тытылган, сыйрылган жерге сүрүлгөндөн улам жугат. Оору козгогуч канга өтүп, оору жаралат.
Ич келте ачарчылык, табигый кырсыктар жана согуш кездеринде жөнөкөй эле санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбагандыктан эпидемияга айланып турган. Учурда аталган оору жаӊыдан өнүгүп келе жаткан, жашоо деӊгээли төмөн айрым өлкөлөрдө кездешет.

БАЛА БАКЧАДАН, ЛАГЕРДЕН КӨП ЖУГАТ
Бит бала бакчада орун жетишпей балдардын чогуу жатканынан, лагерде жана жатаканада, жатак-мектептерде достордун кучакташып уктоо адатынан, анан гигиеналык-санитардык эрежелер сакталбаган үйлөрдөн, конок үйлөрдөн, поездден көп жугат. Адамдан адамга колдонгон буюмдары, мисалы, тарак, баш кийим, шейшеп, сүлгү, кийим, төшөнчү-орун аркылуу жугат.
Биттеп кетүү, бит басуу педикулёз деп аталат.

КАНТИП АРЫЛУУГА БОЛОТ?
Баштын битинен. Шампундардан паранит, анти-бит, педилин, хигия, веда-2, аэрозолдон пара плюс колдонулат. Ниттифор крем-лосьону, медифокс аралашмасы, никс креми да жакшы жардам берет.
Шампунь, аэрозолдор бит, сиркелерди өлтүргөнү менен, аларды чачтан чыгаруу кыйын. Андыктан алардан арылуу үчүн тиши жыш жана майда келген тарактар менен тароо, тырмак менен сыдырып чыгуу керек.
Элдик медицинада колдонулган өсүмдүктөрдүн кайнатмасын, зайтун майын, керосин, бит дары (дуст), лаванданын эфир майы дегендерди колдонууга врачтар тыюу салат. «Алардан жардам жок, анын үстүнө керосин, бит дары деген уулуу» дешет.
Кийим битинен. Албетте, кийим, шейшептерди, сүлгүлөрдү ысык сууда кайнатуу, күн тийген жерге шамалдатып жаюу, кийимдердин ар бир тигиш, бүктөмдөрүн ысык үтүк менен үтүктөө керек. Мындан тышкары атайын каражаттар да бар. Мисалы, кийим, шейшептерди чылап жуучуларга: акромед, авицин, чистотел, форсайт-антивошь кирет. Аэрозолдон а-пар колдонулат.
Жука чурай битинен. Буларды кетирүү үчүн түктөрдү улам-улам кырып туруу зарыл. Биттерди жок кылууда спрей-пакс аэрозолу, нитилон жана лонцид лосьону, антиэнтом самыны жана башкалар колдонулат.
Эскертүү! Биттердин түрүнөн кутулуу үчүн колдонулган каражаттардын көпчүлүгү кош бойлууларга, бала эмизгендерге, астма, аллергия жана тери оорусу менен ооругандарга, кичине балдарга (көбүнчө 2 жашка чейинкилерге) каршы таасир берет. Андыктан сөзсүз врач менен кеӊешип, анан колдонуӊуздар!

БИТ САРЫКТЫ АЙЫКТЫРБАЙТ!
"Сарык менен ооруганда битти тирүү жедириш керек деген туура эмес нерсе. Бул илгери медицина өнүгө электеги эски түшүнүк. Мүмкүн, кимдир бирөө биттен акча табуу максатында ойлоп чыгаргандыр?! Анткени бит ашказанга барып түшкөндө ашказандагы туз кычкылынын таасиринен улам өлөт. Анан кайдан ал өлгөн бит сарыкты айыктырсын?!" дешет гепатологдор.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жыныстык катнаштан да бит жугабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
suiuktuujar
2015-01-12 11:54:30
Корунушу эле дененди дуркурототко
0
rus.sayk
2015-01-14 19:50:34
итиркейим келип кетти... азыр биттеген киши жок го..
+1
nur1975
2015-01-15 13:49:17
мынча коркунчтуу биттер.
0
Bek94
2015-01-15 17:13:28
Бир кызыктай болуп кеттим.
0
AFRODITA-89
2015-01-18 22:18:22
Иий дегенем кытышса суротту элестетип итиркейим келип кызыктай болуп атам, Кудай сактасын эми биттен
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан