СУУК ТИЙҮҮ менен САСЫК ТУМООНУН айырмасы бар

«Сасык тумоолоп калган окшойм» деп врачка кайрылгандардын жарымы суукка кабылган болуп чыгышат. Аларга врачтар ОРВИ деген диагноз коюшат. ОРВИ деген эмне жана анын сасык тумоодон кандай айырмасы бар? Бул тууралуу КММАнын Балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын доценти Дамирахан Чыныева баяндайт.

ДАРЫЛАНБАСА ӨПКӨ КАГЫНАТ
ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди «чеӊгээлинен» чыгарбайт. Дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына күнүгө 30-35тей адам ОРВИ менен жаткырылууда.

ВИРУСТАН САКТАНЫӉЫЗ!
Өзүӊүздү начар сезгенде дароо врачка кайрылыӊыз. Мурундун ичине 1 күндө 2 маал оксалин дары майын сыйпап, колду убак-убагы менен самындап жууп туруӊуз. Колуӊуз менен көзүӊүздү, мурдуӊузду кармалабаӊыз. Чүчкүрүп, жөтөлгөн адамдардан өзүӊүздү алыс кармаӊыз. Кокус жакын туруп калсаӊыз, кол аарчыӊыз же шарфыӊыз менен ооз, мурдуӊузду жаап, коргонуӊуз.
Чүчкүргөндө алаканыӊызга эмес, чыканагыӊызга чүчкүрүӊүз. Керек болгон кезде маска тагыныӊыз.

СУУК ТИЙҮҮДӨН 1 КҮНДӨ КАНТИП АРЫЛУУГА БОЛОТ?
Төшөктө жылуу жатып, дене табы 38 градустан ашмайынча температураны түшүрүүчү дары-дармекти кабыл албоо керек. Майлуу жана куурулган тамак-аштарды жебей, суюктуктарды көп ичүү зарыл. Мурдуӊузду даяр туздуу аралашмалардын бирин (салин, аква-морис, аквалор, долфин) сатып алып, чайкаӊыз. Бутуӊузду жылуу кармаӊыз, жүндөн жасалган байпак кийсеӊиз эӊ жакшы. Эвкалипт, шалфей, ромашка же эмен кабыгынын кайнатмасынын буусу менен дем алыӊыз (ингаляция). Мында мурун аркылуу дем алып, демди ооз аркылуу чыгарыӊыз. Тамакты фурацилин же ромашка кайнатмасы менен 5-6 маал чайкаӊыз.

САСЫК ТУМООДОН ДАРЫЛАНУУ
Дары-дармектерди врачтын сунушу менен гана кабыл алуу зарыл. Кээ бирлер өз алдынча антибиотиктерди колдоно башташат. Бул туура эмес. Анткени сасык тумоо менен суук тийүүнү негизинен вирустар козгогондуктан, антибиотиктер вирустарды өлтүрө алышпайт. Муну билбей антибиотик кабыл ала берсе, адам пайда эмес, зыян табат. Себеби оору козгогучтардын антибиотикке туруктуулугу жогору болуп калат.
Эскертүү: Суук тийгенде жана сасык тумоологондо сүт ичпөө зарыл. Анткени ал организмде былжырды көбөйтүп, какырык менен чимкириктин көбүрөөк бөлүнүп чыгуусун шарттайт.

ОРГАНИЗМДИ ТУМОО, СУУК ТИЙҮҮДӨН КОРГООЧУЛАР
1. Сарымсак, пияз
Иммунитетти бекемдеп, вирус менен күрөшүүдө организмге жардамдашат.
2. Кызыл болгар калемпири, лимон, апельсин – С витаминин камтып, иммунитетти бекемдөөдө жардамчылар.
3. Йогурт жана айран – Организмдин микрофлорасын бекемдеп, иммунитеттин көтөрүлүшүн шарттайт.
4. Бал – Тердетүүчү касиетке ээ, организмдин оору менен күрөшүүчү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
5. Суу жана кактардан жасалган компоттор Организмдин оору козгогучтар менен күрөшүүсүн жогорулатып, зат алмашууну жакшыртат.
6. Малина менен карагат кыямы жана ит мурун Булар C витамининин булактары, сезгенүүгө каршы таасирлерге ээ. Ит мурундун мөмөсүн майдалап, чай ордуна кайнатып ичүү сунушталат.
7. Сабиз, ашкабак – А витаминин камтышып, организмдин жугуштуу ооруларга жана суук тийүүгө туруштук берүүсүн жогорулатышат.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
miwka94
2015-01-12 11:32:18
Ар дайым тумоологонумдан кийин учук чыгат, эмне кылсам?
0
anjella8888
2015-01-13 17:26:46
miwka94, Учук орусчасы герпес. Ооруу козгогучу болуп вирус герпес эсептелет. Сасык тумоологон кезде вируска каршы даары дармек колдонсонуз герпес чыкбай калат. Алар: анаферон, арбидол, интерферон, виферон, эргоферон.
0
suiuktuujar
2015-01-12 11:50:18
жакшы кенештер экен.
0
nuru95kg
2015-01-12 20:42:17
мен эч даары дармек колдонбойм! Осумдук момо жемиштер м.н айыгат экем!
0
bazi83kg
2015-01-13 17:12:05
даары колдонбойм мен да лимон асел кошуп дак суу ичем
0
nur1975
2015-01-15 12:17:23
аябаганндай жакшы кеңештер экен.сонун суперчилер
0
AFRODITA-89
2015-01-18 22:05:57
Рахмат эн керектуу кенештер экен. Сут ичууго болбойт экенго анда эмген бала кантет ооруган маалда бат баттан эмиземго, мен малина чай, фурацилин менен айыгам кобунчо.
0
AFRODITA-89
2015-01-18 22:08:34
Лимонду 1 жаштагы бобокторго берсе болобу дозировкасын ким билет
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан