ОРТОДОГУ 18 ЖАШ АЙЫРМАНЫ ЖЕҢГЕН СҮЙҮҮ

Жан шерик

Кичинекей кезде баланын эң жакын адамы – ата-энеси. Ал эми бой жетип турмуш курганыңда ата-эненин орду асыл жар менен алмашат турбайбы. Жубайлардын сырын ачкан “Жан шерик” рубрикасында КРнын Эл артисти Юрий Бобков жубайы Асел менен мейманда.

“АСЕЛ АНДА ТӨРТ ЖАШТА ЭЛЕ”
Юрий: – Аселдин атасы Камчыбек Осмонов мен сыйлаган мыкты обончу-композитор. Камчыбек байкенин көзү өтүп кетти. Раматылык кайнатамдын үй-бүлөсүнүн баары ыр жандуу болгондуктан, үй-бүлөлүк ансамбль катары гастролго көп чыгышчу. Бир жолу Бөкөнбаев айылына концерт коюп калышты. Аселди кошо ала келишиптир. Мен 22 жашта элем. Асел болсо төрт жашар былтыйган кыз экен. Эркелетип колума алып көтөргөндө эмнегедир ушул бултушка кийин кимдин жары болуп, кимдин мээсин чагат болду экен деп ойлоп койгом. Тагдыр экен, мына ушинтип менин мээмди чагып калды.

“ОРУСЧА НЕ РОВНО ДЫШИТ ДЕП КОЁТ ГО...”
Юрий: – “Ысык-Көлдө Кадыр түн-97ни” уюштуруп калдым. Тандоо туру Спорт Ордосунда болуп, Камчыбек байкени калыстар тобуна чакырдым. Гримдөөчү бөлмөдөн чыгып келатсам, ал: “Юра, кызым менен таанышып ал. КТРдеги музыкалык долбоорлордун биринде иштейт. Чыгармачылык байланышта болуп жүргүлө”,- деп калды, оюнда эч нерсе жок. Атымды айтып кыздын колун кармап, көзүн карасам что-то не то. Орусча «не ровно дышит» деп коёт го. Көздөрү сүзүлүп калыптыр.
Асел: – Карасаң, эй, мени эле айта бересиңби. Өзүңдү деле айтпайсыңбы. Негизи, мага толук кишилер жагат. Анан да Юрийдин атын алыстан угуп алып жакындан көрсөм дей берчүмүн. Аны менен таанышкан күндүн эртеси кыздарга мактанганым да эсимде.

“КАРШЫЛЫКТАРДЫН БААРЫ АРТТА КАЛДЫ”
Юрий: – Таанышкандан кийин Асел өзүнүн телекөрсөтүүсүнө чакырып калды. Барсам, аппаратурасы жок. Аппаратурамды алып барып жардам көрсөттүм. Андан кийин үч-төрт жолу кафеге бардык. Ошентип сүйүү жаралды.
– Үйлөнөлү десеңер эки жак тең каршы болгондур...
Асел: – Алгач атам макулдугун берген жок.
Юрий: – Ал каршылыктардын баары артта калды. Эми мындан он жыл илгери болгон ишти кайра козгоп эмне кереги бар?..
– Ачууңуз бат келет окшойт, ээ?
Асел: - Юрий бир нерсеге ачуусу келсе бат от алып кетет. Анда мен унчукпайм. Жини келип турганда эркелесең да жактырбайт.

“КАЗАН-АЯК ТЫНЧ ЭЛЕ, ӨЗҮБҮЗ КАГЫШАБЫЗ”
– Юрий байке, Аселдин кайсы мүнөзү жагат?
– Шыпшынганы, катуу дем алганы, «тиги эмне дейт?» деп сураганы баары эле жагат. Ой, токтот болду, ашыкча мактап алсам көөп кетет да.
Үйдө казан-аяк көп кагышабы?
Юрий: – Казан-аяк тынч эле, өзүбүз кагышабыз. Өмүр бою урушпай жашадык дегендерге такыр ишенбейм. Дудуктар эле урушпай калбаса. Бирок аларыңдын колу-буту иштеп кетет да.
– Балдарыңар сары чачтуубу же кара чачтуубу?
Асел: – Улуу кызыбыз Чолпон тогузда. Ал Юрийдин улуу кызы Маяга окшош. Мая болсо чоң энесине окшош экен. Даниель үчтө. Ал кебетеси орус болгону менен, көздөрү меники, башкача айтканда кара.

“БАРАБАНДА ОЙНОП ЖАШТЫГЫМДЫ ЭСТЕЙМ”
– “Эл артисти наамын алсам эле концерт берем” дедиңиз эле...
Ооба, наам алып, элиме отчёттук концертимди 8-9-декабрда тартууласамбы деп турам. Орустардын “ГАИшниктер” деген киносуна тартылып жүргөнүмдө каскадёр досторум “концертиңе катышабыз” дешкен. Алар кызыктуу трюктарды көрсөтүшмөй болушту. Куудулдар, “Дем” театрынын балдары, “Кош жылдыз” долбоорунун катышуучулары, “Досум Үсөн” тобунун ардагерлери жана башка ырчылар концертти көркүнө чыгарат. Илгертен жакшы досубуз болгон “Кыз-Бурак” тобу да катышат. Барабанга отуруп алгач ырдап чыккан ырларымды жандуу үн менен аткарып, жаштыгымды эске салам. Кыскасы, көп сюрприздер болот.
– Келгениңиздерге рахмат. Юрий байке, концертиңиз ойдогудай өтсүн.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ongaku
2009-12-07 22:52:20
oi, molodtzy. lyubvi vse vozvrasty pokorny degenge ishenem, birok ozum myndaidy elestete albaim.
0
anam
2011-09-10 14:27:47
а что он развелся с первой женой? или как?
+1
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан