«Ала-Тоо» программасын кыргыз тилинде алып барган Елена Черномазованын улуту орус болгону менен, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, алып баруучулукту аркалап келет. Өзүнүн кесиби журналист эмес, дарыгер. Анан мындай адам кандайча өлкөнүн негизги телеканалынын негизги берүүсүнө диктор болуп калды? Эмесе, дикторлукка кокустан келип калган Елена менен жакындан таанышып алыӊыздар.
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 7-ноябрь
Туулган жери – Ысык-Көл облусунун Каракол шаары
Билими – И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын 6-курсунда окуйт
Хоббиси – Китеп окуу, кол өнөрчүлүк, бий
Кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт
– Елена, кичинеӊизден эле кыргыз тилинде эркин сүйлөйсүзбү?
– Мен 7-класска чейин Караколдо окуп, андан кийин кыргыз-түрк лицейинде окуумду уланттым. Лицейде 18 кыргыздын арасында жалгыз орус элем. Ал жактан түрк, англис тилине кошуп кыргыз тилин үйрөнгөм. Жыйынтыгында минтип кыргызча эркин сүйлөп калдым.
– Окууӊуз медицина тармагына байланыштуу болсо, «Ала-Тоо» программасына кандайча келип калдыӊыз?
– Өзүм түрдүү социалдык долбоорлорду түзүүгө кызыгам, ар кандай эл аралык сынактарга катышып жүрчүмүн. Бирок журналист болом деп ойлогон эмесмин. Кезектеги сынактын жүрүшүндө мен кайсы бир телеканалга кыргыз тилинде интервью берген элем. Аны Улуттук каналдын жетекчилиги көрүп, мени маектешүүгө чакырышты. «Бизде иштеп көр» деп сунушташканда, «аракет кылып көрөйүн» дедим. Алгач мени «Күндарек» маалымат программасына даярдашкан. Бирок тажрыйбам жоктугуна байланыштуу «Ала-Тоону» алып бармак болдум. Ал жакта эки алып баруучу эмеспи, «сен ката кетирсеӊ экинчиси оӊдоп кетет» деп коюшту.
– Алгачкы эфирге чыккан күнүӊүз эсиӊиздеби?
– Мындай нерсени унутуп болбойт го. Былтыр 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү эфирге чыккам. Ал күнү мен эмес, операторлорго чейин толкунданып алышыптыр. Мен болсо эч нерсени түшүнбөйм, өзүмчө эле жүрөгүм оозума кептелип калгандай туюлду. Ошондо эфирге чыкканда эмне деп сүйлөгөнүмдү деле эстей албайм, ичим өрт болуп жатканын гана билем.
– Азырчы? Сүрдөбөй калдыӊызбы?
– Кайдан, азыр деле сүрдөйм. Түз эфирге чыккан сайын толкунданып, муундарым титирей берет.
– Ата-энеӊиз дикторлугуӊузга кандай карашат?
– Даярданып жүргөндө эч кимге айтпаган элем, балким, иштей албай калам деп ойлогом. Апам аябай сезимтал, мени ойлоп кабатырланбасын дегем. Кийин иштей баштаганда гана апама «жаӊылыктарды алып барып жатам» десем сүйүнүп, алгач ишенген жок. Кийин "менин кызым эми алып баруучу болуп калды" деп сыймыктанды.
– Окуудан сырткары Улуттук госпиталда дагы иштейт деп уктум. Баарына кантип үлгүрөсүз?
– Булардан сырткары кээде «Тез жардам» кызматында да иштейм. Операцияларга кирип хирургдун жасаган жумушун карап турам, өзүмө тажрыйба топтойм. Өзүмдү түрдүү тармактарда сынагым келет. Адам баласынын күчү баарына жетет. Ал үчүн убакытты туура бөлүштүрүп, анан каалоосу күч болуш керек. Чынында, буга чейин иштебеген жерим калган жок. Жайында Ысык-Көлгө келген чет элдик туристтерге гид да болуп жүрдүм.
– Сизди көчө-белде таанып калгандар болуп жатабы?
– Көп жерде иштегендиктен, тааныштарым арбын. Андыктан «сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам» деп сурагандар толтура. Балким, алар мени теледен же медициналык жардам көрсөтүүгө барганда көрүшкөн чыгар. Ошондуктан дароо эле "Ала-Тоону" алып барам" деп айтпайм. «Мүмкүн, көчөдөн көргөндүрсүз» деп коём.
– Өзүӊүздү жумушка арнап коюп, жеке жашоону унутпадыӊызбы?
– Мектепти бүткүчө окуу менен гана алек болдум. Студент кезде бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм. Жыйынтыгында азырынча мага сүйүү мамилесин куруунун кереги жок экенин түшүндүм. Үй-бүлө, сүйүү деген бул күтүүсүз келчү нерсе болуш керек. Кыргыздар айткандай, Кудай буюрган күнү сүйүүгө кабылсам турмушка чыгам. Азыр болсо баш-отум менен жумуш жана окуу менен алекмин.
– Кыргыз жигити сүйүп калып, ала качып кетсе отуруп каласызбы?
– Ошол тууралуу такыр ойлонбоптурмун. Азыр отурбайм же отуруп калам дебейм. Кыргыз, орус же түрк улутундагы мырза болобу, айырмасы жок, жакшы инсан болсо болду. Мен үчүн жашоодо адамдын улуту эч нерсени чечпейт.
– Өзүӊүздүн мүнөзүӊүз тууралуу айта кетпейсизби.
– Мен достукка өтө бекеммин. Азыркы досторум убакыт менен сыналган. Алар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Анан бетке айта турган мүнөзүм бар. Эгер жакын адамымдын бир нерсеси жакпаса «сенин бул мүнөзүӊ жаман, өзгөрчү» деп эле айтып салам.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg