ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Анипа (кийин Анипаны эже дей албай, сен деп калгам) мени көк ала койдой сабап, моокуму канганда гана көк чыбыкты ыргытып ийип күбүрөнүп-шыбыранып үйгө кирди. Мен сарайдын түбүнө отуруп алып ыйлап жаттым. Анын сабаганына ыйлаган жокмун, ур-токмокко көнүп деле калгам. Мен Анипа менен тигил киши экөөнүн ортосундагы мамилеге тоскоол боло албасымды билип ыйладым. Эркиме койсо тигинисин тоголото коюп, желкеден алып кууп чыкмакмын. Бирок бул нерсе менин колумдан келмек эмес, болгону кичинекей секелек кыз элем. Ыйлап алып бугум чыга түштү да, көчөгө чыктым. Биздин көчөдө кыздар-балдар чуру-чуу түшүп ойноп жатышкан экен, аларга кошулмакка жакындай бергенимде бирөө чаӊкылдай берди.
– Эй, балдар, Жанараны оюнга кошпогула! Ал дайыма чырдай берет.
– Эмне-е?
Ызаланып турган жаным тигил чыйкылдакты басып жыгылдым. Анипага келген ызамды ошондон чыгаргым келди окшойт.
– Эй, кыз болуп туруп эркектерче мушташат экен.
– Келгиле, бир жолу уруп салалы...
Көчөдөгү балдар-кыздардын бардыгы мага жабыла беришти. Башка, бутка урулган соккулардан жерге кулап түштүм.
– Ме, сага, ме...
– Ушуну көрмөксүӊ, курган жетим, сооп болду.
Балдардын дүйнөсү таш боор дешет. Алар мени кудум өчү бардай тепкилеп жатышты. Ушул учурда бирөө келип чогулуп алып тепкилеп жаткан балдарды ары-бери түртүп, уруп жатты. Кызык, мага болушкан ким болду экен? Көзүмдү ачсам биздин класста окуган Эмир аттуу бала экен. Ал балдардын кууп жүрүп сазайын берип, кайра мага келди.
– Жанара, жакшысыӊбы? Жүрү, үйүӊө жеткирейин.
Анипанын көзүнө көрүнгөнчө өлгөнүм артык эле, башымды чайкадым.
– Жүрү анда, сай жакка барып бети-башыӊды жууп ал. Мен уюмду бададан жоготуп алып издеп жүргөм. Бир жолу ошол жактан да карай келейин.
Эмир мени жетелеп сайдын жээгине алып келди да, топурак болгон бети-башымды жууганча карап турду. Экөөбүз сайдын боюнда бир азга отуруп калдык.
– Алар сени эмнеге сабашты?- деди Эмир мага тигиле. Капкара, мончоктой көздөрү мээримдүү тигилип туруптур, буга чейин эч кимден камкордук көрбөгөн жаным эреркей түшүп, көзүмдөн дагы жаш төгүлүп кетти.
– Ыйлаба, алар экинчи сага тие алышпайт. А мен сени дайыма коргоп жүрөм.
– Чын элеби? Мектепте дагыбы?
– Бардык жерде.
Эмир өзүнө өзү ыраазы боло, жоголгон уюн издеп ылдыйга кетти. Кызык, ушул сөз менин дүйнөмдө унутулгус болуп жазылып калган экен. Менде биринчи жолу балалык сыймык пайда болду. Мени Эмир мындан кийин коргоп жүрөт. Мындан артык нерсе барбы? Ошол мүнөттөн баштап Эмир менин менчигиме айланды. Чындыгында, ал мага боору ооруп, жинди кыялым кармап баары менен урушуп кеткенимде да коргоп жүрдү. Мен үчүн андан ашкан каарманым жок эле. Бул боор толгоо, бир туугандык мамиле кийин сүйүүгө, болгондо да жанымды жеген азапка айланарын кайдан билдим? Жапайы, эч кимди сүйбөгөн, эч кимге боорун бербеген Жанаранын бир кубанычы Эмир болчу.
Ошентип жылдар өтүп жатты. 14 жашка келгенимде жашоомду караӊгы түнгө алмаштырган окуя болду. Менин жашоомдогу кара чекит, унутам десем да унута албаган, качам десем да кача албаган окуя. Ушул саптарды мени ушул күнгө туш кылган өгөй энемди, анын ойношу болгон Асанды каргап отуруп жазып жатам. Канчалык оор болсо да, бул окуяны ийне-жибине чейин жазгым келди. Балким, Кудай урган дартка да ушул экөөнүн айынан кабылгандырмын.
Бир күнү сабактан келе жатсам, алдымдан Анипа эже чыгып адатынча аӊкылдап кирди.
– Ай, кайда жүрөсүӊ сенделип? Мен иштер менен жогорку айылга барышым керек болуп калды. Кечинде уйду бададан тосуп, жакшылап саап ал.
– Мейли...
– Шыйрагыӊды сындырам, үйдөн карыш жылбай оокат кылып тур.
– Ой, макул деп жатам, башымды оорутпай кете берчи,- дедим жаным кашая.
– Тилин кара бул акмактын.
Төркү үйгө кирип жасанып жаткан Анипаны көпкө карап турдум.
– Мени көрө электей болуп эмне тиктейсиӊ?
– Барбай эле койсоӊ болбойбу?
– Барышым керек, жеӊемдер болбой, «тойго жардам бер» деп жатышпайбы.
Жүрөгүм бир нерсени сезгендей лакылдап жатты. Менин балалык дүйнөм сезгени менен, Анипа эженин катып калган жүрөгү эч нерсени сезбеди.
Кечке маал теӊселе басып Асан келди. Кыйраткансып күрмөсүн бир жакка, өтүгүн бир жакка ыргытып кыйкырып калды.
– Анипа-а, кайдасыӊ? Колума суу куйчу.
– ...
– Анипа дейм!
– Ал төмөнкү айылга кетти.
– Аа, анда кел, мага суу жылытып даярдап берчи. Өх, бүгүн катуу чарчадым.
Чөгүнгө суу даярдап алып куюп берип жаттым. Ал жуунуп жатып менин жылаӊаяк буттарымды карап алды.
– Жегенге тамак барбы?
– Бар.
– Алып кел анда.
Тамактарын даярдап берип коюп өз бөлмөмө жөнөп калдым.
– Кел, мени менен тамак ичпейсиӊби?- деди тиги. Таӊ кала түштүм, дегеле экөө тамак ичип жатканда мен алар менен бир дасторконго отуруп көргөн эмесмин. Алар тамак ичкенден кийин өзүнчө ичер элем. Бүгүн эмне мынчалык мээримдүү болуп калган?
– Жок, мен ичкем.
– Жанара, Анипа акмак катын, ага теӊелбеш керек. Сага кылган мамилесин карап туруп боорум ооруйт сага.
– Мага эч кимдин боору оорубай эле койсун. Эч кимге муктаж эмесмин,- деп катуу айтып туруп өз бөлмөмө кирип кеттим.
Уктап кетиптирмин, түшүмдө бир чоӊ аюу мени капшыра кучактап, жулмалап жаткан экен. Жандалбастап кыйкырып жатып ойгонуп кеттим. Ошол замат денемди коркунуч басып, титиреп жаттым. Мени кучактап өпкүлөп жаткан Асанды көрүп бакырып жибердим.
– Тыс-с, бул мен. Эч нерсе кылбайм... Коркпо...
Энтиге дем алган анын арак аралашкан кычкыл жытынан окшуп жибере жаздадым. Жан талаша жулкунуп жаттым, бирок алым жетпеди. Жараткан мени ушунчалык кор кылып бул дүйнөгө эмнеге алып келди экен? Мени уйпалап зордуктап салган адамдын кызы менен теӊ элем. Балалыгымды, таза дүйнөмдү булгаган жырткычтын мендей кыздары да бар болчу.
Бир нече убактан кийин канаты жулунган чымчыктай болуп жалгыз жаттым. Тытылып, канаган, кор болгон денем меники эместей эпке келбейт. Улам эсимди жоготуп, кайра келип жаттым. Бир маалда кимдир бирөө мени жулкулдатып жаткан экен. Көзүмдү ачсам Анипа.
– Эй, көк мээ, эмнеге уйду бадага кошкон жоксуӊ? Көзүӊ уйкудан ачылган күн болобу сенин?
– Эже, мен...- тилим күрмөгө келбей жатты.
– Тур, уйду кайтарып кел. Мен болсо бир аз уктап алайын,- деп теӊселе басып өз бөлмөсүнө жөнөдү. Ошондо гана мен анын кызылдай мас экенин байкадым...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Aksy-13
2015-01-12 16:16:26
иий байкуш Жанара жашынан эле жакшылык корбогон экен да
0
Akylai_aktan
2015-01-12 16:38:20
Eeh ushundai tagdyrlar barda chyn ele,ylaiym ele baldarybyzdyn baktysyna omurubuz uzun bolsun
0
veneraaalieva
2015-01-12 17:39:50
Эх, байкуш Жанара корбогон азабы калган эмес экен да, билип эле туруп, атасы эмнеге билип туруп багып алган эмес экен кызык.
0
standard1987
2015-01-12 18:32:05
Аянычтуу боло баштады го ,Жанаранын тагдыры.
0
alpekova
2015-01-12 20:16:50
Эх Жанара корсо укмуштун баары кундолугундо турбайбы
0
lapochka345
2015-01-13 01:18:47
Багы жокко,дагы жок болду го
0
AygulSumaya
2015-01-13 02:59:16
Жанаранын тагдыры аябай таатал болгон экенда
0
AygulSumaya
2015-01-13 03:00:05
Жанарага боорум ачыды
0
Sayragul
2015-01-13 10:30:31
Жанараны жарык дуйного алып келип коюп, ата боло албаган акмак жанагы Баяндын атасы. Бечара Жанара бул дуйного ушул тагдырды самап келбеди го, тиги акмак киши, баланын тагдырын кыйраткан.
0
chynara77
2015-01-13 11:15:21
Жанара,Назик,Баян учоо дайыма чогуу ойношчуу эмес беле,бул жерде Назик,Баяндан дайын жок го
0
nurshoola
2015-01-13 14:28:27
14 жашка келгенимде дейтко ото жаш болгон экен
0
manpover2014
2015-01-14 15:13:51
Саламатсыздарбы!Жанарага боорум ооруп кетти
0
sezim1111
2015-01-16 14:55:40
тообо башынан ошончо кыйынчылык отуп кор болуп жургон экенда ошондон таш боор болуп калганго тескеринче мээримдуу адам болгондо канча кыйынчылык корсода тагдыры мумкун таптакыр башкача болмок...
0
nur1975
2015-01-17 15:06:59
Урматтуу админ"Үч курбу"сериялын биринчисинен кантип окусак болот.Алдына ала рахмат.
0
meka.q
2015-01-18 12:05:05
Анын эч кыйынчылыгы жок мурунку сандарын карасан
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан