ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-январдан 18-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Иш жаатын кылдат пландап алууӊуз кажет. Антпесе баш аламандык жаралып, натыйжада кесиптештериӊиз менен чатакташып кетишиӊиз ыктымал. Чала тааныш адамдар менен азыраак баарлашыӊыз. Шейшемби кайрымдуулук иштерин кылууга ылайыктуу күн. Мунун жыйынтыгы жуманын аягында өз жемишин берип, кылган ишиӊиздин арты менен жан дүйнөӊүз ырахат алмакчы.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кимдир бирөөлөр сизди өз максаты үчүн колдонууга аракет жасашат. Натыйжасы жакындарыӊыз менен болгон нааразычылыкка алып келиши мүмкүн. Көптөн бери катып жүргөн сырларыӊызды бирөөлөргө жөнү жок айтуудан сак болуӊуз. Жетекчилик тараптан айтылган сын туура эмес болсо да, тилиӊизди тишиӊизге ката турганыӊыз оӊ. Аптанын соӊун эс алуу үчүн гана пайдаланыӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта жакшы жаӊылык менен башталат. Чыгармачылык менен алектенгендерди ишинде даӊк жана ийгилик күтүп турат. Шаршемби күнү оор кырдаалга туш болсоӊуз, кабатыр болбой эле койгонуӊуз оӊ. Жыйынтыгы жакшы аяктайт. Жашоодо маанилүү деп эсептеп жаткан иштериӊизди унутуп калбаӊыз. Болбосо достордон кол жууп калуу коркунучу бар.ө

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизге жакпаган адамдар менен баарлашпоого аракет кылыӊыз. Шаршембиде гардеробуӊузду жаӊылайм десеӊиз туура кыласыз, ылайыктуу күн. Бейшембиде болгон жаӊы таанышуулар ийгиликтерди алып келиши ыктымал. Жума күндү жакындарыӊызга арнаӊыз. Алар сизге болуп көрбөгөндөй моралдык колдоо көрсөтүшөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул апта сизге жаӊы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Кирешеӊиз ашып, ийгиликке марыйсыз. Суукка кабылып калуунун алдын алыӊыз. Эгер ооруп калсаӊыз, дары-дармек колдонууда абайлаӊыз. «Какаганга муштаган» болуп, уулануу же колдонуу мөөнөтү өткөн дары туш болуп калса, оорунун саны көбөйүп кетиши ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сизге жакпаган кырдаал жаралып калышы ыктымал. Жөнгө салуу үчүн сабырдуу болуӊуз. Убактыӊыз болбогон нерселердин арты менен текке кетиши мүмкүн. Жуманын аягында майда-чүйдө кырсыкка кабылып калышыӊыз күтүлүүдө. Андыктан электр буюмдарынан, тайгалак жолдордон жана курулуш иштери жүрүп жаткан жайлардан алыс болуӊуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада сизге тиешеси бар дагы, жок дагы конфликттерге аралашып калуу коркунучу жараларын жылдыздар эскертишет. Андыктан чоочун иштерге мурдуӊузду салбай эле койгонуӊуз оӊ. Андан көрө ден соолугуӊузга кам көргөн пайдалуураак. Себеби жугуштуу оорулар сизге ушул аптада кылтак салып калышы мүмкүн. Сүйүктүүӊүз менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башы ишиӊизди жөнгө салуу үчүн маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ылайыктуу болот. Шаршемби сүйүү жаатында жемиштүү күн болсо, бейшемби күнү көптөн бери колго тийбей жүргөн карызыӊыз кайтарылат же баалуу белекке ээ болосуз. Аптанын аягы жаӊы таанышуулар менен аяктайт. Айрымдар эски таанышына жолугуп, эски сезимдерин күчтөөгө жетишишет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Позитивдүү эмоция өзүӊүзгө пайдалуу деӊизчи, бирок айланадагы адамдар аныӊызды туура эмес кабыл алып, маанайыӊызды бузуп коюшу мүмкүн. Аптанын башында өтө көп жумуш баштап алсаӊыз, аягына жетпей чарчап калышыӊыз ыктымал. Бизнес жаатында эмгектенгендер үчүн маанилүү маселелерге кол коюу же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ылайыктуу апта.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сөөктөргө кооптонуу туудура турган кырдаалдардан сактаныӊыз. Иш жаатына келсек, сиздин ачык-айрым болгонуӊуз бул аптадагы бир нече ийгиликтерге себепчи болот. Ашып-ташыган энергияны колдон чыгарбасаӊыз, ийгилик кушу сизди жалгыз таштабайт. Бейшемби күнү иштеги сыяктуу сүйүү жаатындагы жылмаюу сиздин сүйкүмүӊүздү арттырып, сүйүктүүӊүздөн жакшы жаӊылык угасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул жумада чукул кырдаалдар жаралып, сизди кыжалат кылышы ыктымал. Сабырдуулук менен бардык маселени чечүүгө болорун эстен чыгарбаӊыз. Шейшембиде маанайыӊызды буза турган адамдарга кезигишиӊиз мүмкүн. Сиз ойлобогон адамдар жардамга келип таӊ калтырат. Жекшемби алдыга койгон максаттардын орундалышына өбөлгө болчу күн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жалган маалыматка ишенип алып маанайыӊыз түшүп же нерв коротушуӊуз күтүлүүдө. Дүйшөмбүдө маанилүү иштерди баштабай турганыӊыз оӊ. Бул аптада жан дүйнөӊүздү тынчтыкта кармайм деп жалгыздыкка ыктаганыӊыз менен, баары бир айланада адамдардын курчоосу көп болуп, опур-топур күндөрдү кечиресиз. Демек, энергияӊызды туура сарптоого аракет жасаӊыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан