Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ГҮЛЗАТЫМ ӨЛӨРҮН БИЛГЕНСИП БИЗДЕН АЛЫСТАЙ БАШТАГАН ЭКЕН»

Ажалга айла жок экен. 2-январда ырчы, «Сармерден» оюн-зоок телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлзат Батырканова 41 жаш курагында мезгилсиз көз жумду. Ырчы үй-бүлөсү, достору менен лыжа тебүү үчүн Бишкектен Каракол шаарына бара жатканда жол кырсыгына кабылган. Жаркылдаган мүнөзү жана ырлары менен элдин эсинде калган ырчыны туугандары жана жакындары эскерип көз жашын төгүп жатышты. Анын «Жубайыма», «Айта көрбө», «Өзүӊө гана», «Ыр сунам», «Карай берем», «Өмүр жазым», «Жүрөлүчү эскерип» деген ырлары эч качан унутулбайт.

Шахра Талипова, апасы: «ЭЛДИН КЫЗЫ БОЛГОНУН ТИРҮҮСҮНДӨ БИЛБЕПТИРМИН»
-Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, минтип кызымдан айрылып калдым. Эртеӊ менен эрте туруп, кызымдын жаткан жерине барып «кызым, коркпой жат, кыйналбай жат» дегенден башка колумдан эч нерсе келбеди. Айтканга да кыйын, айланайын кызым, ай, садагаӊ кетейин...
Акыркы жолу Гүлзатымды декабрдын ортосунда филармониядан көргөм. Жанымда кызым Кыял да бар эле, чуркап келип биз менен учурашып, анан кетип калган. Мен эртеси эле Жалал-Абадга кеткем. Жаӊы жылды кыздарым менен тосоюн деп Бишкекке келип, Кыял, күйөө балам, неберелерим менен чогуу тостум. Гүлзат өзүнүн үй-бүлөсү менен тоскон. 1-январда телефон чалып, «келбейсиӊби?» десем, «эс алайынчы» деп койду. Күйөө балам «биз эртеӊ досторубуз менен лыжа тээп келгени жөнөп жатабыз, Гүлзат барбайм деп жатат» деди. Байкушумдун жүрөгү сезген окшойт, бирок баары бир макул болуптур.
Азыр ойлосом, акыркы күндөрү эмнегедир бизден алыстагандай болуп жүрчү экен. Токтогулдун 150 жылдыгына арналган кечеде «Гүлзат, экөөбүз ырдай берели» десем, «Кыял келсе жакшы болмок, үчөөбүз ырдамакпыз» деди. «Экөөбүз эле ырдайлы» деп дагы айттым. Көнгөн жок. Көрсө, жашоодон эрте кетерин сезип, бизди ошондо эле өзүнөн алыстатып жаткан окшойт да, каралдым.
Гүлзатты колунан сүйрөп ийримдерге деле алып барган жокмун. Бардыгына өзүнүн аракети, каалоосу менен жетти. Өзүм бала кыял болчумун да, балдарга кошулуп коньки тепчүмүн, футбол ойночумун. Гүлзат мектептен келгенде «жүрү, ойноп келели» десем «жок, мен үйдө калам» деп койчу. Көрсө, ал үйдө бекинип алып комуз үйрөнчү экен. Бир жолу мени мектепке чакыртышты. Барсам, мугалимдер Гүлзатты аябай макташты. Анан концерт болот деп калышты. Ошол концертте кызымдын биринчи жолу ырдаганын көрдүм. Кийин Токтогулдагы «Жаш кыял» ансамблине кирип алыптыр, аны деле билбейм. Ошондо «аа, кызым чыгармачылык менен кетет экен, колдогондон башка жол жок окшойт» деп калдым. Мектепти аяктаары менен филармониянын алдындагы студияга келип, Замирбек Үсөнбаевден сабак алды. Андан соӊ КУУнун журналистика факультетин аяктады. Кийин элге ырчы катары алынып кетти.
Ар бир баланын орду болот экен, азыр Гүлзатымдын орду бош, аӊгырап турат. Кызымдын кадыр-баркы бийиктегенин, эл адамы экенин тирүүсүндө сезбептирмин. Узатуу зыйнатына келген адамдын көптүгүн айтпа! Куудулдар, тамадалар, ырчылар, министрликте, өкмөттө иштегендер келишти. Баарынын көзүндө жаш, муӊ турду. Мен ошондо Гүлзатымдын элдин кызы болуп калганын сездим. Күйөө балам Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылынан болот. Кызым ошол айылга 4-январда коюлду.

Кыял Батырканова, сиӊдиси: «АПАМДЫН ЖҮРӨГҮ СЕЗГЕН ЭЛЕ»
-2 январда апам экөөбүз бир тааныш эженин үйүнө өрлүктөп бардык. Саат 4-5тер чамасы болуп калса керек, апам «үйгө кетели» деп жанымды койбой койду. «Апа, коё туруӊуз, уят го кетип калсак, атайын жылкы союп жатышса» дедим. «Жүрөгүм ооруп жатат» деп кыйнала бергенинен үйгө келе бергенбиз. Дары ичип, кан басымы ордуна келип, телевизор көрүп отуруп калды. Аӊгыча эле Гүлзат эжемдин жолдошу Мурат жездем апама телефон чалып «кырсык болду, Гүлзаттан айрылдык» дептир. Апам түшүнбөй эле «Эмне дейсиӊ, Муке? Ме, Кыял, сүйлөшчү» деп мага бере салды. Трубканы алсам жездем «Аварияга учурадык, Гүлзат каза болуп калды» деди. Апам «эмне дейт?» десе, «билбейм, авария болушуптур го» деп койдум. Апам экөөбүз түш көрүп жаткансып бир сааттай сүйлөшпөй отура бериптирбиз.
Экиси күнү эжем, жездем, эки баласы, достору болуп лыжа тепкени Көлгө кетишкен. Тоӊдогу Кескен-Бел белине жеткенде каршысынан бир машина чыга калып, жездем буйтайм деп четке чыга бергенде шагыл тартып кетип машина эки жолу ала салып, дөӊгөлөгү асманды карап калган экен. Ошондо эжем беш метрдей учуп кетиптир. Дарыгерлердин айтымында, эжем ооруканадан үзүлүптүр, жездемдин моюн омурткасы, баласынын буту, кызынын бели жабыркаптыр.
Эжем «сен менден башкачасыӊ, сен апама керексиӊ» дей берер эле. Экөөбүздөн улуу Кыял деген эжебиз бар экен. Ал тогузга чыкканда ооруп каза болуп калыптыр. Апамдын түшүнөн такыр кетпей койгондо, мен төрөлгөндө Кыял деген ысым ыйгарыптыр. Ошондон тарта Кыял эжем апамдын түшүнө кирбей калган экен. "Гүлзат эжемди тиги дүйнөдөн Кыял эжем тосуп алат" деп апамды сооротуп жатам.
Ойлоп көрсөм, эжем атам менен да коштошуптур. Ата-энебиз биз кичине кезде эле ажырашып кетишкен. Эжем "Сармердендин" акыркы көрсөтүүсүндө атамды Токтогулдан чакыртып катыштырган эле. Атамдын бизден башка үй-бүлөсү, балдары болсо да эжемди аябай жакшы көрчү.

Майрамбек Осмонов, кесиптеши: «ЭКИНЧИ КӨРБӨСҮМДҮ ЭСТЕСЕМ КӨЗҮМДӨН ЖАШЫМ ТЕГЕРЕНЕТ»
-Урушса да күлүп урушкан, көкүрөгүндөгү сөздү да күлкүсү менен түшүндүргөн жан эле. Гүлзаттын таланты ташкындап, өзү-өзүнө батпай турган кезинде мындай окуянын болушу мени нес кылды. "Адамдын кадыры көзү өткөндөн кийин билинет" деп коёт эмеспи, анын сыӊарындай, Гүлзаттын ырлары азыр кулагыма башкача угулуп, аны экинчи көрбөсүмдү эстесем көзүмдөн жаш тегеренет. Мени Макиш дээр эле. 2014-жылдын аягында «Сармерден» деген ыр жаздым. Эртеси эле көрсөтүүнүн режиссёру Сагын эже «ырдайсыӊар» деди. Түнү менен он эки ырчыга WhatsApp`тан «ырды жаттагыла» деп жөнөтүп жаман көрүнгөм. Ошондо сахнада акыркы жолу Гүлзат менен турганымды сезбептирмин.

«Бүркөлсө жашын төккөн булуттайбыз,
Бүтүнү талкаланган сыныктайбыз.
Элинен эрте кеткен эрке кызды
Эл менен тирүүлүктө унутпайбыз.
Кырк бир жаш таӊы жаӊы аткан курак,
Жакшылык эми эшикти каккан убак.
Күнү-түнү безеленип сайрап турган,
Бир булбул кетти, арман, бактан кулап».

Бул ыр саптарын мен Гүлзаттан айрылып калганда чыгардым.

Айдана Бейшенова, кызы: «АПАМ ЫРЧЫ БОЛУШУМДУ КААЛАГАН»
-Мен кырсык болгондо апамдын жанында элем. Апам менен катар машинанын арткы орундугунда отуруп келе жаткам. Тез эле карс-курс болуп кетти. Эмне болгонун деле түшүнбөй калдым. Бир убакта мени сыртка сүйрөп чыгарышты. Сыртка чыккандан кийин апамдын ары жакта жатканын көрдүм. Апам отурган жак катуу урулуп, эшик ачылып кетип, апам ыргып кетиптир. Ал отурган жактагы дөӊгөлөк да учуп кетиптир. Анан 15-20 мүнөттөн кийин «Тез жардам» келип, бизди Бөкөнбаев айылына алып барышты. Ал жерден апамдын айрылып кеткен бутун тигип, «баары жакшы» дешти. Бул окуя саат 3-4төрдө болду. Анан Тамга айылына бардык. Апам жаткан бөлмөдөн башка бөлмөгө баргыла деп иним Данияр экөөбүздү чыгарып жиберишти. Аӊгыча эле кимдир-бирөөлөр кыйкырып, ыйлап киришти. Биз отурган бөлмөгө апамдын курбусу кирип келип «сабыр кылгыла, апаӊардын кан басымы түшүп, жүрөгү токтоп калды» деди. Ошентип, апамды машинага салып, Бишкекке алып кетишти. Биз болсо артынан өлүкканага келдик.
Апам алгач менин ырчы болушумду каалаган эмес. Кийин бир жолу мектепте кече болуп, апама «ыр жаздыралы» дедим. Ал өзү ырдаган «Апакем» деген ырды сунуштады. Ошондон кийин вокалдан сабак алам деп Гүлзинат Суранчиевага бара баштаган элем.ө

Динара Эрботоева, курбусу: «ТАРСЫЛДАГАН АДАМ ЭЛЕ»
-Менин иним дагы чыгармачыл чөйрөдө эле. Бир жолу иним, Гүлзат болуп Таласка барышат. Келе жатканда чек арачылар «паспортуӊ жок» деп инимди өткөрбөй коюшса, Гүлзат инимди колунан жетелеп алып жөө-жалаӊдап чек арачыларга көрүнбөй бир чакырым жерди басып өтүшүптүр. Ошондо анын адамгерчилигин баалап, сыйлап калгам. Кийин таанышып, дос болуп калдык. Экөөбүздү бириктирген нерсе окшош мүнөздөрүбүз болду окшойт. Ал да айтканына турган, чечкиндүү адам эле. Менин кесибим юрист, анда да тарсылдаган так мүнөз бар эле.
28-ноябрда уулума сүннөт той бердик, Гүлзат келе албай калды. Буга чейин бир да жолу балдарымдын даталуу күнүнө келбей калган эмес. Ошондо «бара албай калдым, таарынба, келе жаткан жылы көрүшөбүз» деп кайра-кайра СМС жазды. Балдарыма алып келген белектери да өзгөчө эле. Мага эмне керек болсо, үйдө эмнебиз жок болсо, ошону өзү билип алып келчү.

Ырчынын жолдошу Мурат мырза коргоо министринин кеӊешчиси болсо, Гүлзат эже министрликтин алдындагы оркестрде 20 жылдан бери эмгектенип келген. Прапорщик чининдеги ырчы 1-2 жылда пенсияга чыкмак.

Бизге берген интервьюсунда жолдошу туурасында мындай дегени бар: “Жолдошум аскер адамы. Экөөбүз теӊ романтикпиз, шаардын ызы-чуусунан тажаганда жаратылыш коюнунда эс алганды жакшы көрөбүз”.

Кызы Айдана борбордогу №67-мектепте 10-класста окуса, уулу Данияр 9-класста окуйт.

Гүлзат Батырканова апасы жана сиӊдиси Кыял менен. Кыял: “Акыркы жолу жолугушканыбызда Гүлзат эжем “уктабагылачы, сүйлөшүп отуралычы дей берген эле. Байкуш эжем, көрсө, биз менен акыркы жолу чогуу сүйлөшүп отурган тура”.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлзат Батырканованы жакындары эскеришет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
Kanimika
2015-01-13 21:42:04
Угуп алып аябай ыйладым мага аябай жакчу ушу эже жаткан Жери жайлуу болсун
0
AFRODITA-89
2015-01-13 23:08:03
Жаткан жери жайлуу болсун кызы озуно окшош экен, баласы атасынын озу, уй булосуно, туугандарына сабыр тилейм, аиан болушсун, апасынын абалын сезип турам ото кайгылуу болорун. Чындыгында шайыр жене болчу,
0
rozka
2015-01-14 13:03:26
Жаткан жери жайлуу болсун !! Буулугуп чыктым жакындарына сабыр берсин
0
rusana
2015-01-14 14:04:48
Жайы жаннатта болсун! Калган омурун бала чакасына берсин кудайым!...
0
damirbek.seiil
2015-01-14 15:06:44
Естесем журогум езилет ех жашоо.аябай шайыр кулуп жайнап жаркылдап жургон еле азырда ыйлап отурам жакшы адамды унута албайт екенсинда сармердендин корку чыкпайт еми.балким токтоп калабы ким билет.жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун кудайым озу бейиштен орун берсин Шахра еже сабырдуулук тилейм.Гулзат ежени еч качан унутпайбыз ар дайым естеп журобуз.Балдарынын омурун берсин.жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам.
0
Aijamalkaaa
2015-01-14 17:02:23
Эженин жаткан жери жай, топурагы торко болсун!!!
Таланттуу эже эле(((
0
ooki8888
2015-01-14 20:02:00
Кандай аянычтуу, эжебиздин жаткан жери жайлуу болсун.
0
sumaya
2015-01-15 03:42:08
Калган омурун жакындарына берсин.Аллахым жайын жаннаттан берсин.
0
chika_84
2015-01-15 10:32:17
Жаткан жери жайлуу болсун Аллахым жандаттан жай берсин.
0
street
2015-01-17 00:51:20
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
Beise
2015-01-18 01:55:07
Гулзат жаткан жери жайлуу болсун ишенгим келбейт ичим ачышат !!!
0
dinarik
2015-01-18 17:48:03
Ар бир кунду барктайлы, омур кыска.
0
kazemir
2015-01-18 22:12:55
Гулзат топурагы торко болсун.Гулзаттын мунозу ону тусу таланты ар бир кыргыз аялына улгу болсо керек жакшы адамдар от дуйнодо кобуроок керекко дейм.Кош Эми замандаш сендейлер аз таазим кылам.
0
АйАй
2015-01-19 14:26:42
Гулзат эженигн жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.Сизге багышталып окулган курандардын собобтору Сизге нур болуп тийсин. Жакшы адамдын омуру кыска болот турбайбы.Шахра эжеке сизге кайрат тилейм. Гулзат эже Кыргыз элим сизди унутпайт.
0
jazy
2015-02-05 21:20:15
жаткан жери жайлуу болсун
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан