Атактуу адамдын кызы болуш сыймыктуу, жоопкерчиликтүү. "Ата наамына кара так, жаман сөз тийгизбейм" деген Кыргыз Эл артисти Токон Эшпаевдин кызы Акзыйнат атасы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Туулган жери – Ош шаары
Хоббиси – Ырдаганды жактырат
Учурда – Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин 11-классынын окуучусу
Алты бир туугандын кичүүсү
– Өнөр адамдарынын кызы экениӊди баары биле бербейт. Кеп учугу өзүӊ тууралуу болсун.
– Мен эки ырчынын эрке кызымын деп калам. Атам Эл артисти Токон Эшпаев, апам Үч-Теректин үч кызынын кенжеси Лира Раимбекова. Чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүнөн болгондуктанбы, мени 1-классымдан тартып Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке беришкен. Азыр 11-классты аяктап жатам. Скрипканы жогорку деӊгээлде ойногонду өздөштүрүп калдым.
– Ата-энеӊ көпкө чогуу түтүн булатышкан эмес. Бирок атаӊа аябай жакын экениӊди айтып калышчу...
– Мен 4 жашка чыкканда ата-энем ажырашып кетишкен. Бирок атам бизден кол үзбөй жардам берип кайрылып турду. Эс тартканымдан баштап жайкы каникулда жыл сайын Ошко барып турам. Менин атымды Акзыйнат деп атам коюптур. Эркек бала болсо Азирет коём дечү экен.
– Атаӊды, анын өрнөктүү чыгармачылыгын атпай журт түгөл сыйлачу. Таланттуу кишинин кызы болгонуӊа сыймыктансаӊ керек?
– Атам менен ар убак сыймыктанам. Анын талантын, ырларын мен айтпасам деле баары билишсе керек. Атам жөнөкөй, боорукер, ак көӊүл киши болчу. Мен атамдын көзү өткөндөн кийин чыйрала түштүм. Сагынганда мукамдуу ырларын угуп сагынычымды таркатып алам.
– Ата-энеӊдин атагынан пайдаланган учурлар болсо керек?
– Тескерисинче, мүмкүн болушунча "бул тигинин кызы экен" дегизип ата-энемдин атын ататкым келбейт. Буга чейин дагы пайдаланган эмесмин. Кийин деле пайдаланбайм.
– «Кызга кырк үйдөн тыюу» дейт эмеспи. Аз да болсо ата тарбиясын көрүп калдыӊ...
– Кичине кезимде атамдын "козум" деп эркелеткени, эт-бетинен кетип жакшы көргөнү, мээрими мага тарбия болчу. Эсимде, 4 жашымда болсо керек, апамды ээрчигенимде атам чыбык менен чапкан. Ошол окуя эсимден кетпейт. Эс тартканымдан кийин атамдын мага катуу сүйлөгөнүн уккан жокмун. Мага «уят кылба, акылдуу бол, жакшы оку» деп көп кайталачу. «Чыгармачылыгымды улап атымды өчүрбөй, белгилүү скрипач бол» дечү. Тилекке каршы, атам менин эл алдына ырдап чыкканымды көрбөй калды.
– Акыркы жолу эмне тууралуу сүйлөштүӊөр эле?
– Май айында атам шаарга келгенде жолуктук. Кичине кезимдегидей эркелетти. Бала кезимдеги кылык-жоруктарымды айтып көпкө сүйлөштүк. Экөөбүз Гүлсүн Мамашеванын
концертине бардык эле.
21-июлда туулган күнү болчу. Жыйырмасы күнү таӊ эрте чалып, «Кызым, эртеӊ менин туулган күнүм, унуткан жоксуӊбу?» деди. «Ии, ата, сизге сюрприз кылайын десе, пландын баарын өлтүрдүӊүз» деп тамашалап күлдүм эле. Көрсө, ал менин атамды акыркы ирет тамашалап, күлкүсүн угушум экен.
– Апаӊ тууралуу да айта кетсеӊ. Атаӊ тууралуу эмнелерди көп эскерет?
– Апам «Атактуу кишинин кызысыӊ, туура жолдо жүр» деп энелик кеӊешин берет.
Султан Төрөбеков
star@super.kg