2014-ЖЫЛ КАЙСЫ САЯСИЙ ОКУЯЛАР МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?

МЫРЗАКМАТОВ ЧИЛДЕНИН ЧЭЭНИНЕН ЧЫККАН ЖОК
Жаӊы жыл Кыргызстанда чуулгандуу окуя менен башталды. Интернет айдыӊына өлкөнүн муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевдин интимдик жашоосу тартылган видео таркап кетти. 7-январда Рахматулла ажы Эгембердиев отставкага кетүүгө мажбур болду.
15-январь күнү Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо болуп өттү. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалгыз талапкер болуп чыккан Кубанычбек Кулматов борбор калаа Бишкектин башчысы, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Шайлоодо жеӊилүүгө учураган мурунку мэр Мелис Мырзакматов аны колдоп келген тарапташтарына чилде чыгары менен чоӊ күрөшкө аттанарын жар салды. Ошол боюнча Мелис Мырзакматовдун саясатта активдүү аракеттери байкалган жок. Ал эми жыл соӊунда Мелис Мырзакматовго Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү курууда "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча иш козголуп, өзүнө издөө жарыяланды.
23-январда Ысык-Көлдөгү Ак-Шыйрак чек ара бекетинин аймагында чоочун 11 адам пайда болуп, токойчуну өлтүрүшкөн соӊ чек арачыларга куралдуу каршылык көрсөтүштү. Алар уйгур сепаратисттери экени аныкталып, чек арачылар тарабынан жок кылынды.

САТЫБАЛДИЕВ КЫЗМАТЫНАН КЕТИП, ОТОРБАЕВ ӨКМӨТ БАШЧЫ БОЛДУ
18-март күнү «Ата Мекен» фракциясы башкаруу коалициясынан чыгуу чечимин жарыялады. Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекцияга директор болгон учурда ишиндеги мүчүлүштүктөрү сынга алынды. Буга катар ал жакка кеткен 7 миллиард сомдун ыксыз колдонулушу да өкмөт башчылыктан кетишине себеп болгондугу айтылды.
19-мартта Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү отставкага кетти.
31-мартта КСДП, "Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракцияларынан куралган жаӊы коалиция түзүлүп, премьер-министрликке жалгыз талапкер катары Жоомарт Оторбаев көрсөтүлдү.

ЗАРДАЛЫДАГЫ ЖАРЫЛУУДА 2 БАЛА КАЗА ТАПТЫ
10-апрелде «Кыргызгаз» орусиялык «Газпром» ишканасына символикалуу түрдө 1 долларга сатылгандыгы тууралуу келишимге кол коюлду. 14-апрелде Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү токтотту.
17-апрелде Баткен облусунун Зардалы айылында 5-13 жаштагы жаш балдар жарылуучу затты таап алышып, аны менен ойноп жатышканда жарылып кетип, 2 бала каза таап, 4 бала жаракат алды. Жарылуучу зат Баткен окуясынан калып калгандыгы аныкталды.

ТҮНДҮК-ТҮШТҮКТҮ БИРИКТИРҮҮЧҮ ДАГЫ БИР ЖОЛДУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
2-майда Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу расмий түрдө башталды.
7-майда Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаӊжал чыкты. Анын кесепетинен 9 адам ооруканага жаткырылып, 3 контейнер, 2 дүкөн, 2 унаа
өрттөлдү.

КРИМТӨБӨЛ КАМЧЫ КӨЛБАЕВ ЭРКИНДИККЕ ЧЫКТЫ
Июнь айынын алгачкы күндөрүндө Кочкор районунда «чупакабра» аттуу белгисиз жаныбар мал жандыктарды кырып жаткандыгы тууралуу маалымат желдей тарады. Акырында чуу көтөргөн «чупакабра» жолбун ит экени аныкталды.
8-июнда кримтөбөл Камчы Көлбаев эркиндикке чыкты. Буга чейин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун финансылык схемалары тууралуу маалымат үчүн АКШ 1 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган.

АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АВИАБАЗАСЫ ЖАБЫЛДЫ
11-июлда Кыргызстандын "Манас" аба майданындагы АКШнын куралдуу аба күчтөрүнүн жүк ташуучу транзиттик борбору расмий түрдө жабылды. Президент Алмазбек Атамбаев аталган авиабазанын Кыргызстандын аймагынан чыгарылышы керектигин айтып келген болчу.

КАМАКТАГЫ КЕЛДИБЕКОВ "ЧЕТ ЖЕРДЕ ДАРЫЛАНАТ" ДЕП БОШОТУЛДУ
1-августта «коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеӊештин депутаты, экс-спикери Ахматбек Келдибековдун көптөн берки суранычы канааттандырылып, депутат чет жерде дарыланып келүүгө камактан бошотулду. Ошол эле күнү Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов акталды. Экс-мэрге "Жеӊиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деген айып тагылган.
31-августта Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо иштери расмий түрдө башталды.

СЫНГА КАБЫЛГАН МИНИСТРЛЕР КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
1-сентябрдан баштап үч фазалуу электр энергиясын пайдаланган абоненттер үчүн тариф 1 сом 20 тыйын болду.
16-сентябрда бир катар сын-пикирлерге кабылып келе жаткан маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кызматтан алынып, ички иштер министри Абдулда Суранчиев өз каалоосу менен арызын жазып, орунун бошотту. Аз өтпөй коомчулуктун сынына кабылган саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева да кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Буга катар Алмазбек Атамбаевдин сынына кабылган Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев да кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Жыл аяктап жатканда эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов жана билим берүү жана илим министри Канат Садыков ээлеген кызматтарынан бошотулушту.

"АТА ЖУРТ" МЕНЕН "РЕСПУБЛИКА" БИРИКТИ
20-октябрда «Республика» жана «Ата Журт» партиялары бириккендигин жарыялашты. Өмүрбек Бабанов биригүү боюнча, "Ата Журт" менен биригүүнү жүрөгүм менен чечтим. Амбицияларды жыйыштырып, саясий жаӊы жолду ачтык" деп билдирди.

ЭКИ ДЕПУТАТКА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
3-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеӊештин депутаты Урмат Аманбаевага «коррупция» беренеси, 25-ноябрда депутат Каныбек Осмоналиевге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иштерин козгоду.

КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ БИРИМДИГИНДЕ
2-8-декабрь күндөрүнүн аралыгында ажо Алмазбек Атамбаев иш сапары менен араб өлкөлөрүндө болуп кайтты. Ошондой эле президент уулу жана расмий делегациянын мүчөлөрү менен иш сапарынын алкагында кичи ажылык зыяратты Мекке шаарындагы мечитте аткарды.
11-декабрда электр энергиясына болгон жаӊы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык, калк айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдаланса 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөй турган болушту.
23-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Москва шаарында Кыргызстандын Бажы союзунун базасында түптөлгөн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимге кол койду. Москвадагы маалымат жыйынында ажо Кыргызстан 9-майга чейин аталган биримдикке толук кандуу мүчө болуп каларын айтты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
suiuktuujar
2015-01-13 19:31:23
Быйылкы жылы кандай озгоруулор окуялар болот экен эми.
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан