«КАМЕДИ ВУМЕН» ЖЕ КУУДУЛ АЙЫМДАР ТОБУ

Эгер сиз орусиялык «Камеди вумен» берүүсүнүн күйөрманы болбосоӊуз деле шоуго бир көзүӊүз түшүп калса, кызыгып каларыӊыз анык. Анткени ал жакта айымдар жашоодогу кызык окуяларды, аял-мырзалардын актуалдуу темаларын юмор менен элге алып чыгышат. Эмесе, юмор аркылуу күйөрман тапкан айымдар тууралуу кызыктарды тартуулайбыз.

ШОУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

Чыккан жылы – 2006-жылы «Made in woman» деген аталышта чыккан. 2008-жылы 21-ноябрда аталышын «Камеди вумен» деп өзгөртүшкөн.
Идеясы – Наталья Еприкяндыкы

НАТАЛЬЯ АНДРЕЕВНА (ЕПРИКЯН)

Туулган жылы, күнү – 1978-жыл, 19-апрель
Туулган жери – Грузия, Тбилиси шаары
Билими – Орусия экономикалык университети

Наталья бала кезинен мектептеги иш-чараларга активдүү катышып келген. 2004-жылы «Мегаполис» КВН командасына кирип, ошол эле жылы Премьер-Лигада чемпион аталышат. Наталья ал кезде өз алдынча уникалдуу комедиялык шоу түзүүнү кыялданып жүргөн эле. Көп өтпөй КВН командасындагы айымдарды чогултуп, топ уюштурат.
«Элдин баары мырзалардын юмордук шоусуна көнүп калышкан. Аларга салыштырмалуу айымдардын юмору өөн учурагандыктан, элге сиӊириш аябай кыйын болду. Чынында, мындай идеянын келечегине продюсерлер да, өзүм да ишенген эмесмин. Ага карабай баш-отум менен долбоорго киришип кеттим»,- деп эскерет Наталья. Сахнага "Наталья Андреевна" деген псевдоним менен чыккан бул айым жеке жашоосу тууралуу кеп кылууну жактырбайт. Бирок анын кесиптештери жолдошунун юморду түшүнгөн, жубайын ар дайым колдогон жан экенин сөз арасында кыстара кетишкени бар.

ТАТЬЯНА МОРОЗОВА

Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 24-сентябрь
Туулган жери – Орусия, Уфа шаары
Билими – Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети

Бала кезинен тигүүчүлүк, бий менен алектенген Таня 2002-жылы алгачкы жолу КВНге чыккан. Андан кийин ар кайсы командаларда ойноп жүрүп, 2008-жылы Наталья Андреевнанын чакыруусу менен долбоорго келген. Ал шоудо көбүнчө карапайым орус аялынын образын жаратат. Ошого байланыштуу Татьяна:
"Мен чыныгы жашоодо берүүдөгү образыма кирип баратам. Өмүр бою шаарда жашап келсем, азыр айылда турам. Образымды көрүп, баары "айылдык" деп шылдыӊдашчу эле, жыйынтыгында азыр айылда жашап калдым",- дейт. Татьяна 2011-жылы Павел аттуу мырзага турмушка чыгып, кыздуу болушкан. Өз алдынча юмор-шоу ачууну жана ири кинематографиялык долбоордо иштөөнү кыялданат.

МАРИЯ КРАВЧЕНКО

Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 13-январь
Туулган жери – Орусия, Комсомольск-на-Амуре шаары
Билими – Москвадагы Улуттук изилдөө технологиялык университети

Маша да кесиптештери сыяктуу эле чыгармачылыкка жакын өскөн. Ата-энесинин сунушу менен музыкалык мектепке окуп, кийинчерээк тил үйрөнүүгө кызыгып, чет тилдерди окуйм деп Москвага жол тартат. Университеттен азыркы кесиптеши Екатерина менен таанышып, экөө институттун залында кыска миниатюралары менен чыгып жүрүшкөн. Бара-бара аларга башкалар да кошулуп, бат эле институттун атынан "МИСиС" курама командасын негиздешет. 2005-жылы экөө теӊ командадан чыгып, 2008-жылы "Камеди вуменге" келишет.
Машанын айтымында, берүүдөгү «дерзкий» кыздын образы анын жашоодо мырзалар менен мамиле куруусуна көбүнчө тоскоолдук кылат. Жадакалса бир кезде Мария «Кел, үйлөнөлү» программасына да түгөй издеп чыккан. Бирок ал жактан тапкан мырза жүрөгүн багындыра алган эмес.
 


ЕКАТЕРИНА ВАРНАВА

Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 9-декабрь
Туулган жери- Орусия, Москва шаары
Билими – Улуттук изилдөө технология университети

Шоунун секс-символу аталган Екатерина аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал төрөлгөндө эле үй-бүлөсү Германияга көчүп кетип, 7 жашында мекенине кайтышат.
Екатерина бала кезинен бал бийине катышып, көп ийгиликтерге жетишет. Бирок өспүрүм куракта белин кокустатып алып, бийден кетүүгө туура келген. Ошентип, ал атасынын кеӊеши менен юристтикке окуп, аны ийгиликтүү аяктайт. Студент кезинде КВН командаларында ойноп, окуудан тышкары кечинде го-го бийи менен клубдарга чыгып жүрчү. "Камеди вумен" долбоорунда иштеп жүргөндө ал «Максим» журналынын жүзү болуп, жарым жылаӊач сүрөткө түшүп берген.
Катянын кесиптеши Дмитрий Хрусталёв менен болгон сүйүүсү эл арасында чоӊ кызыгууну жараткан. Экөө эки жылча сүйүшүп жүрүп, акыры бири-бирине болгон нааразычылыктар көбөйүп баштаганда дос катары калууну туура көрүшкөн. Жадакалса Дима анын колун сурап, Катерина ага макулдугун берген эле.


ПОЛИНА СИБАГАТУЛЛИНА

Туулган жылы, күнү – 1976-жыл, 29-декабрь
Туулган жери – Орусия, Нижневартовск шаары
Билими – Санкт-Петербург мамлекеттик соода-экономикалык институту

Мугалимдердин үй-бүлөсүнөн чыккан Полина окуучу кезинде эле иш-чараларга активдүү катышып жүрчү. Жогорку класска барганда КВНде ойноп, Санкт-Петербургдун курама командасына кирген. Кийинчерээк СССР курама командасында да ойногон. 2006-жылы «Made in Woman» долбооруна чакырылат. Шоудо ичкиликке жакын акын айымдын ролун катыра аткарган актриса жашоодо адабиятты, китеп окуганды жакшы көрөт. Анын бир кезде «Камеди вумен» долбоорунун мурунку режиссёру Дмитрий Ефимовичке турмушка чыкканы айтылып келет. Шоудон тышкары Полина профессионалдык сүрөт менен алектенет.

ЕКАТЕРИНА СКУЛКИНА

Туулган жылы, күнү – 1977-жыл, 3-март
Туулган жери – Орусия, Йошкар-Ола шаары
Билими – Казань мамлекеттик медициналык университети

Екатеринанын атасы аскер кызматкери, апасы мугалим. Бала кезинен эле чыгармачылык менен алектенип, туугандары чогулуп калганда спектаклдерди койчу. 1993-жылы Медициналык училищеде окуп, жогорку билимди тиш доктурлук менен уланткан. 1999-жылы университеттин курама командасында ойноп, КВНде дебют жасаган. КВН оюнунда көп ийгиликтерге жетишкен соӊ Наталья Андреевна аны ушул долбоорго чакырат.
Екатеринанын бойдок же бойдок эместиги так айтылбайт. Бирок 2008-жылы Олег аттуу уулу жарыкка келгени анык. Учурда уулу таенеси менен Казанда турат. Екатерина айына бир-эки жолу барып кабар алып турарын айтат. "Мен эки жакка теӊ жетишкенге аракет кылам. Бирок акыркы кезде виртуалдуу эне болуп калдым. Көбүнчө балам менен скайп аркылуу сүйлөшүүгө туура келет",- дейт. Гастроль, тартуу иштеринен тышкары убактысын баласы менен өткөрөт.

НАДЕЖДА СЫСОЕВА
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 10-июль
Туулган жери- Орусия, Красноярск шаары
Билими – Красноярск мамлекеттик түстүү металл, алтындар университети

Надя да бала чагынан мектептеги маданий иш-чараларга калтырбай катышчу. 2002-жылы КВНдин курамына кирип, Красноярск шаарынын атынан чыгып жүрөт. Студент кезде окуудан тышкары ар кандай сулуулук сынактарына катышкан. «Красноярск периси» сынагынан ийгиликсиз чыкканда гана Москваны багындыруу үчүн жол тартат. 2007-жылы Надя азыркы "Камеди вумен" долбооруна кирип, таланты менен элге тааныла баштаган. Долбоордо көбүнчө жеӊил ойлуу блондинканын образын жараткан ал бир кезде "Камеди клаб" долбоорунун резиденти Павел Воля менен сүйүшүп жүргөн. Экөө көпкө жетпей араздашып, 2012-жылдан тарта «Банд’Эрос» тобунун солисти Роман Пан менен мамиле куруп келет. Надя учурда кечелерде ди-джей катары да иштеп жүрөт.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Looks
2015-01-12 11:06:06
Мобу Варнаванын аткарган рольдору жагат. Она молодец
0
sezimay
2015-01-12 12:25:15
мыкты шоу калтырбай кором дайыма баары профессионал актрисалар
0
Imagine
2015-01-12 16:29:16
Мария Кравченко секси!
0
kg.sity93
2015-01-13 20:05:08
Мен кез кезде коруп калам.Варнава супер.и Скулкина тоже ничье!
0
kubzero
2015-01-16 12:31:52
Эн эле зынк ушунтип еле таанышып алат экенбиз да
0
Aijamalkaaa
2015-01-17 02:32:37
кээде неи нет камеди клабдын балдары кулуп жиберишет. а кыздар молодцы никогда эмоцияга алдырбай аткарышат!!!!!!!!!!! браво всем
0
mafi
2015-01-20 23:01:59
Марина Федункив, Наталия Медведева, Федор Гудков ж.б. Жонундо жокко?
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан