8-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин директору Нурбек Элебаевди кабыл алды. Анда мамлекет башчы Казакстандан импорттолуп жаткан электр энергиянын көлөмүнүн кыскара баштагандыгына байланыштуу эки жетекчиге керектөөчүлөр үчүн электр энергиянын баасын ылдыйлатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну тапшырды.
Эске салсак, 2014-жылдын 11-декабрынан тартып электр энергиясына жаӊы тариф киргизилген. Ага ылайык, калк айына 700 киловатт-саатка чейин электр кубатын пайдаланса, тариф 70 тыйын бойдон калат. Ал эми социалдык нормадан же 700 киловатт-сааттан ашыкча электр энергиясын колдонгон абоненттер 2 сом 5 тыйындан төлөмөй болушкан.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg