3-январь күнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтына хакерлер кол салышты. Аталган сайтты тапанча кезеген кыздын сүрөтү менен англис тилинде «Сирияга боштондук», «Палестинага эркиндик», «Мүмкүн эмес эч нерсе жок», «Алжир тарабынан чабуул» деген жазуу ээлеп калган. Муфтияттын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, хакерлер сайтка дем алыш күндөрү кол салгандыктан, аны дүйшөмбү, 5-январь күнү гана калыбына келтиришти.
Акыркы 2 жылдын ичинде хакерлер өкмөт, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Бишкек мэриясы, Акыйкатчы институтунун расмий сайттарын бузушкан. Ошентсе да мындай экстремисттик маанайдагы хакердик чабуул коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратты. «Бул «Ислам мамлекети» деп аталган террорчулар уюмунун Тажикстанга жарыялаган жихадына окшош Кыргызстанга арналган эскертүүсү болушу мүмкүн» дешүүдө.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg