Жылдыздар турмушунан
Жубайлар Урмат менен Неля 2-декабрь күнү баласына жээнтек той, ага кошумча үй той беришти. Эки жүздөй кишинин башын бириктирген бул жакшылык борбор шаарыбыздагы кафелердин биринде болуп өттү. Тойдо Урматтын ата-энеси жаш жубайларга шаардан үй белек кылса, Нелянын апасы тай энчилеп, камчысын колго карматты. Албетте, өкүл ата Рысбек Жабиров да карап турбай, Урмат жакшы көргөн аккордеон белек кылып конверт толо акча кошумчалады. Нелянын төркүндөрү кыргыздын жакшы жөрөлгөсүн унутпай бешик алып келишти. Кыскасы, бул тойдо эки ырчы акчага да, кулун, уй, жылкысына да маарып эле калды көрүнөт.
Эми Неля уй саап, Урмат жылкы багып айылга кетип калбаса эле болду.
Баалуу белектер жана кызыктуу оюндар менен коштолгон тойго Замир Арыкбаев, Сема, Ынак Осмоналиев, Бакыт Байсариев, Съездбек Искеналиев, Мирбек Иманбеков, Замира Молдошева, Канат Бегалиев жубайлары менен келишти. Ал эми бойдоктордон Акбар Сүйүнбаев, Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Кундуз, Эрмек Нурбаев, Ирлан Таалайбековдор болушту. Тойдо кош жылдыз Нурэлди элге көрсөткөн жок. Аягында алар “Бал шириним” деген дуэти менен тойду жыйынтыкташты. Коноктор эки жашка батасын беришип, устукандарын көтөрүп алып түнкү саат 12де үйлөрүнө тарашты.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg