Доллардын курсу жаӊы жыл жаӊырары менен кайрадан көтөрүлө баштады. 8-январга карата АКШ валютасынын баасы Бишкек шаарынын акча алмаштыруучу жайларында сатып алууда 58 сом 60 тыйын болсо, сатууда 59 сом 40 тыйынды түздү. Айрым акча алмаштыруучу жайларда долларды сатуу 59 сом 80 тыйынга чейин жетти. Ал эми 5-январь күнү доллардын сатыктагы баасы 60 сомду чапчып турду. Улуттук банк сомдун курсун колдоо максатында 2014-жылдын 30-декабрь күнү 5 миллион долларга жеткен валюталык интервенция жүргүзгөн. Баш-аягы өткөн жылы Улуттук банк валюталык рынокко 500 миллиондон ашуун доллар сатты.
Ал ортодо рублдун курсу сомдон ылдый болуп, 8-январга карата анын баасы сатып алууда 85 тыйын, сатууда 1 сомду түздү. Дүйнөлүк рынокто нефти баасынын арзандап жатканына байланыштуу Орусиянын өзүндө да акыркы күндөрү доллардын баасы кайрадан жогорулай баштады. Жаӊы жылдык жана Рождество майрамдарына карата Орусиянын банкы доллардын расмий курсун 56 рубль деп бекиткен, ал эми 6-январь күнү аталган өлкөдө доллардын курсу 64 рублга чейин көтөрүлдү.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg