БИР БҮРКҮМ

  • КАМИЛА ДҮЙШӨБАЕВАНЫН өлүмүнө башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калый Саляновдун жана буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында ысымдары аталган жарандардын тиешеси жок. Мындай билдирүүнү 6-январда Ички иштер министрлиги таратты.
  • Доллардын курсунун жогорулаганына байланыштуу жаратылыш газынын тарифи калк үчүн январь айына 24 ТЫЙЫНГА кымбаттап, 1 метр кубдун баасы 13 сом 78 тыйынды түздү. Ал эми өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн тариф 27 тыйынга көтөрүлүп, 1 метр куб көгүлтүр оттун баасы 16 сом 57 тыйынды түздү. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирди.
  • Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү Борбор Азиядагы Америка университети жайгашкан имаратка ЖОГОРКУ СОТ 2015-жылдын орто ченинде көчүп келет.
  • Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТЫН тапшыргандардын саны
    1 миллион 878 миӊден ашты. Ал өлкөдөгү 16 жаштан улуу жарандардын 50 пайызын түзөт.
  • Кыргызстандыктар ЭС АЛУУ максатында Казакстан, Орусия жана Өзбекстанга көп барышат. Эс алуу үчүн эӊ аз тандалган өлкөлөр Греция, Куба жана Индонезия болду. Маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги таратты.
  • 1-январдан баштап Орусиянын Москва шаарында иштеген мигранттар үчүн ПАТЕНТТИН БААСЫ 1 миӊ 200 рублдан 4 миӊ рублга чейин көтөрүлдү. Документ бир айга берилет, аны бир жылга чейин узартууга болот. Патент алуу үчүн чет өлкөлүк жарандар медициналык баракчасын, ошондой эле "Орусиянын тарыхы, укуктары жана тили боюнча сынактардан өттү" деген сертификатты ала барышы керек.
  • Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, Орусиялык федерациядан орусиялык-кыргыз өнүктүрүү фондунун эсебине 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАР келип түштү. Бул каражат кыргыз экономикасынын приоритеттүү тармагындагы долбоорлорго сарпталат.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан