ЖЫЛДЫЗДАР ТУУРАЛУУ АНЕКДОТТОР

Кыргызда «Тамаша, чындыгына жараша» деген кеп бар. Анын сыӊары биз да бүгүн жылдыздар тууралуу тамаша токудук. P.S: Чымчымайга чычаламай жок!

2016-жыл. Стивен Спилберг съёмка учурунда өзүнүн командасына кайрылып жатат:
– Кесиптештер, биз быйыл Нурлан Мамакеевден үлгү алып иштешибиз керек. Карагылачы, ал эки жумада тасма тартып «Гиннесттин рекорддор китебине» катталды.

Радиодо Нооруз Алымбаевдин «Көк жөтөл» ыры жаӊырып жатат. Аны уккан карыя жанындагы небересинен минтип сурайт имиш:
– Ай, балам, бул ырчы эмне туберкулёз болуп ооруйт бекен?..

Ошол эле радиодо Асел Кадырбекова ырдап жатса чоӊ эне:
– И-ий, байкуш, суук тийгизип алган окшойт, үнү жакшы чыкпай калыптыр ...- деп кейип-кепчиген экен.

Мерген Турган Москвага гастролдоп барып, ажатканага кирсе бир мужук минтип кыйкырат дейт:
– Женщина, закрой дверь! Это мужской туалет!

Тамашоучу Жеӊиштен журналист сурап жатат:
– Эгерде тамашоучу болбосоӊуз ким болмок элеӊиз?
– Бодибилдер...

Ипподромдун жанында машиналардын тыгынынан эптеп чыккан маршруттук таксинин айдоочусу терезесин ачып, жолдо өтүп бараткан кишиден сурайт:
– Ипподромдо ат чабыш болуп жатабы?
– Жо-ок, концерт, Айгерим Расул кызы төрөптүр...

Омар АКШнын бир шаарына концерт коймокчу болуп уюштуруучуну «мени бүт Америка тааныйт» деп ишендирет. Концертке 10 эле адам келет. Ачууланган уюштуруучу Омарга:
– Мени Америкада баары тааныйт дедиӊ эле го...- деп нааразы болсо, ырчы сыр бербей:
– Ооба, баары тааныйт. Тааныбаган 10 эле киши бар экен, мени менен таанышып кетишпедиби, өзүӊ көрдүӊ го,- дейт имиш.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
aruuzat88
2015-01-14 13:25:55
Эн туурасын айтыпсынар, жылмайып алдым жыргап.
+1
ledi.asfira
2015-01-14 15:33:33
Хехе баары зор жазылган:)
+1
kubzero
2015-01-14 16:06:58
Окшошпой калыптыр
-1
gumi94
2015-01-14 16:58:15
Асельде действительно голос жок.
Мерген Турган, Айгерим, Омар жакшы болуптур)))))
+2
temirov76
2015-01-14 23:09:45
Мерген Турганга сонун жазылыптыр хе хе хе!
+3
naku.9595
2015-01-14 23:23:20
Баары сонун жазылыптыр супер!
+1
sumaya
2015-01-15 03:21:56
Чынында супер болуптур баары )))
+1
Peri76
2015-01-15 15:07:41
Омарга жазылган ха ха жакты мага.
+1
jamalka-2
2015-01-15 17:00:59
хахаха Айгеримди жаман кылыптырго
+2
akila86
2015-01-16 02:06:05
Бодибилдер дегени эмне,тушунбой калдым

+1
Fighter
2015-01-16 10:12:11
akila86, ал накаченный
0
danyshman
2015-01-16 19:24:29
Нооруз Алымбаев деген неме бир ыры кок жотол менен эле жылдыз болуп калганбы ия?
+1
nazgulyakg
2015-01-18 17:12:40
Супер инфонун журналисттерине прям Респект ха жана хаха
+1
baba.
2015-01-19 04:52:28
Ха- ха-аа сонун жазылыптыр.Бир жыргап кулуп алдымго.Супер инфо силер чынындале суперсинер!!!
+1
burulu
2015-01-19 12:08:01
хаха. аябай күлкүлүү экен
0
Shpionka
2015-01-19 20:28:23
Окуп келе жатып эле Аселге кулдум, ушу элеби деп келе жатканда Айгеримге келгенде жатып калдым. Хахахаха чындык
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан