Жылкы жылы өз марасына жетип, эстафетаны Кой жылына өткөрүп берип жатып, көпчүлүк ырчыларга кубаныч тартуулап кетти. Узап кеткен жылдын 6-декабрь күнү ырчы Бегимай Эсенгулованын көптөн күткөн наристеси жарыкка алып келип, уулуна Элнар деген ысым коюшкан. Ал эми 26-декабрда ырчы Айпери Кулбаева балканактай уулдуу болуп, жакындарын кубантты. Кирип келген жылдын 5-январь күнү ырчы Ильяз Андаш тун кыздуу болуп, кубанычтан азыркыга чейин өзүнө келе элек. Наристе жытына мас болуп жүргөн ырчылар ата-энелик сезимдери тууралуу мындайча ой бөлүшүштү:
Айпери Кулбаева: «Бул менин экинчи уулум, ысымын атам Акдил деп койду. Уулубузду атактуу инсан болсун деп ырымдап Жолболду Алыбаевге тырмагын, дастанчы Бурул Стамкуловага чачын алдырдык».
Ильяз Андаш: «5-январь жубайым Сүйүүнүн туулган күнү. Дал ошол күнү тун кызыбыздын жарыкка келгени биз үчүн кош майрам болду. Кызыбыздын ысымын чоӊ атасы Элина деп койду. Өзүм азыркыга чейин наристелүү болгонумду толук түшүнө албай жатам»,- деп кубанычында чек жок.