«Non-Stop» дуэтинин «Кыргызстаным – менин мекеним, Кыргызстаным – сенин мекениӊ» деген ыр саптары бар «Кыргызстаным» аттуу ырын угуп калсаӊыз керек. "Ошол ырдын авторумун" деген Данияр Абдижалиев мырза аткаруучуларга нааразы экендигин айтып, бизге кайрылды.
– Бул ырдын аталышы – «Ата мекеним», өзү 3 куплеттен турат. Бирок ырды бузуп, аткаруучулар кайырмасын өздөрү кошуп алышкан. Ырды 2005-жылы өлкөбүздө болгон төӊкөрүштөн кийин элди ынтымакка чакыруу максатында жазгам. Ырым ошол жылдары университеттин дубал гезитинде илинип турчу. Чыгарма «Non-Stop» дуэтинин колуна кантип тийип калганы белгисиз.
Бир жолу сыналгы көрүп отурсам, экөө маегинде «ырды продюсерибиз жазып берген» деп айтышты. Продюсери ким болду экен деп сураштырсам, Алексей Сидоров экен. Орус жигити кыргызча ыр жазабы деп аябай таӊ калдым. Мындан бир жыл мурун топтун солисти Максатка жолугуп, "ушул ырдын автору мен элем" деп айтсам, «акындар көбүнчө окшош жазышат, жөн эле сиздикине дал келип калышы мүмкүн» деп моюнуна албай койду. Мейли, ырдаса ырдасын, бирок автор катары менин атымды да унутпай, атап койсо жакшы болот эле. Бирөөнүн эмгегин уурдап, өзүм жаздым дегенде эмне пайда?- дейт нааразы болгон Данияр.
Бул боюнча «Non-Stop» дуэтинин солисти Максат менен байланышып, анын "ал ыр Жыргалбек Акматалиев деген мырзаныкы, сиздерге нааразы болуп келип "ырдын авторумун" деген байке менен да бул тууралуу чечишип алганбыз" деген жообун уктук. Аталган ыр Данияр Абдижалиевдикиби, Алексей Сидоровдукубу же Жыргалбек Акматалиевдикиби, айтор, элге жаккан чыгарма болгонунан күмөнүбүз жок.