Актриса, телеалпаруучу Назира Бердигулова 7-январда борбордогу кафелердин биринде туулган күнүн белгиледи. Жакшы санаалаштарынын кучагында каалоо-тилектерге бөлөнгөн актриса өздүк майрамы туурасында: «Интернеттеги баракчама "ким биринчи куттуктаса, белек берем" деп жазган элем. Ал белектин ээси Айзада деген кыз болду. Жеӊүүчү туулган күнүмө келген депутат, ырчы жана башка белгилүүлөр менен чогуу отурду. Өздүк майрамымда жалаӊ кыздар жана акын, алпаруучу Мирлан Самыйкожо болду",- дейт.