«СУПЕР-ИНФО» МЕНЕН ЖЫЛДЫЗДАРДАН БӨБӨКТӨРГӨ БЕЛЕК

Адат болгондой жыл сайын «Супер-Инфо» гезити тарабынан балдар үйүндөгү же мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер тапшырылып келет. Бул ирет Сокулук районуна караштуу Азиздер жана дүлөйлөр коомунда каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаӊы жылда жакшы маанай тартуулап кайтты.
Гезиттин демилгесин колдоп тамашоучу Рүстөм Нурболот уулу, ырчы Асел Кадырбекова жана кара жоргонун майын чыгара бийлеген бийчилер Асел Касмакунова менен Элмурат Майрамбеков концерттик программасы менен барышты.

Бизди чыдамсыздык менен күтүп жаткан мотурайган бөбөктөр алдыбыздан чуркап чыгышты. Колдорубуздан жетелеп концерт өтчү залга алып барышты.

Алып баруучулук милдетти Асел менен Рүстөм аткарып, аларга жардамдаша балакайлардын эжейи жаӊсоо менен түшүндүрүп берип жатты.

Атактуу кара жорго бийин Асел менен Элмуратка кошулуп бийлеген балдардын кубанычында чек жок. Аттиӊ, алардын айрымдары музыканы угууга мүмкүнчүлүгү жок экени зээниӊди кейитет.

Аз болсо да балдардын бактылуу күлкүсү үчүн салымыбызды кошуп, алардын жашоосуна жакшы маанай тартуулаганыбызга көӊүлүбүз көтөрүлө түштү. Балакайлардын бакыты үчүн аз гана нерсе керек экен. Бакырайган көздөрү менен үмүттүү караган балакайларга ден соолук тилеп, жолубузга түштүк.

Майрамдык маанайга малынган балдар атайын жаттап келген ырларын айтууга ашыгып жатышты. Кичүүсү да, улуусу да өз талантын көрсөтүп кубантышты.


Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
SUPER.KG жана "Супер-Инфо" балдарга белек тапшырышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
suiuktuujar
2015-01-12 11:19:09
Азаматсыздар супер инфо.
0
Bakulya79
2015-01-12 20:31:38
Ийгилик коштоп журсун дайыма СУПЕР инфо.Дайыма колдоо корсотуп келесинер.Cилерди кудай колдосун.
0
aikolsha97
2015-01-12 21:33:08
Супер Инфо азаматсынар ийгилик сиздерге
0
Positive
2015-01-13 01:34:25
эн соонун жоролго азаматсынар супер-инфонун эмгек жамааты
0
kg.sity93
2015-01-13 19:51:32
Суперчилер супер.
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан