Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кан куушкан касынын башын кесип келип берген бул өӊдүү тартууга кайсы гана ордодо болбосун ыраазы болмок. Курманжан жесир жийиркене жүзүн үйрүдү. «Өлтүргөнү го куп болуптур, а сасытып муну не көтөрүп жүрүшөт, неткен менен да адам баласынын дени эмеспи?!» деди дилинен.
Кийинки жүз көрүшүүдө амир Музаффар үй ичиндегилерди бир имерип тиктеп, көӊүлүндө ала келген оюн баштады.
– Орус бүгүн Ташкенди алдыбы, эртеӊ бүт Кокон өлкөсүн имерет, бүрсүгүнү Хийвага, андан наркы күнү Бухарага чап салат. Не кыла алабыз?!
Курманжан аны тиктеп калды. «Йе, өкүмдарлар, силер ойло­ну­шуӊар керек эле го муну?!» дегенин болжоп туюнду амир:
– Э-э, көпкөндү көтөрүп урмайынча көзү ачылбайт! Мына, Ташкен ачып отурбайбы көзү­бүз­дү, кадырлуу бек айым.
– Эми... эч аргаӊар жокпу, азиретим?..
Көзү жайнай түштү амирдин:
– Жок эмес... Бу өмүрдө баарыбыз чатырашчыбыз (шахмат) го?! Жүрүшү түгөнбөйт чатыраштын, ойной билген таба берет. Бирак, бизге азыр бир гана жүрүш калган. Ал жүрүштүн аты – ыйык ынтымак! Ошо ыйык ынтымак үчүн ордоӊорду ордо кылалы, азыр эгесиз калып турган ордону тияктан лап деп орус басып кала электе өз эгесин ордосуна эге этели, азадил жансыз, бек айым, ойлонушуп көрөлү...
«Өз эгеси?..» Кеп төркүнү кайда баратканын сезип, көӊүлүнөн дүр-р эте каршылык ойгонуп кетти:
– Ушубу «жалгыз жүрүшүӊүз», азиретим?!
– Шу... Мейли башка тектен көтөрөлү дейли, дагы талаш-тартыш чыгат, тияктан жаракага шынаа уруп орус киришет! Оюбуз ушул ки, акыры Кокон тагы ата мурасы экен, муну дагы терс кетсе оӊго баштап, жакшы ишин көтөрмөлөп, жоо жакадан алып турган чакта ыйык ынтымакка баш коюп, кайра ордоӊорго огожо кылып алганыӊар оӊ го...
– Эми, азирети, биз эки ортодо кыйналып турабыз...- деп баштады Курманжан. – Ынтымак кылмак зарур дейсиз, элибизди зорлуктан аман сактап калсакпы дейсиз. Мына ушу маани бизди ойлонтуп, жеӊип да отурат. Өкүмдар башыӊыз менен өзүӊүз босогобузду аттап отурасыз, жарыктык, буга маани бербей коё албайбыз. Болбосо бу адам кейпин кийген тажаалды көрөргө көзүбүз жок эле... Мейли, не шылтоо айтып, не доо айтып кыӊырылып отурбайлы, мейли, азирети, сиздин ыйык өкүмдарлык көӊүлүӊүз сынбасын, биз макулбуз. Бирак, аттиӊ ай, пенде жылкы мүнөз болот, арыгында мүӊкүрөп кол карайт да, тыӊытып койсоӊ кошкуруп, өзүӊдөн үркүп калат. Кийин булардын жылкы кыялына өзүӊүз да күбө болосуз...
– Каниги эне сөзүн, каниги эне камын кеп урдуӊуз, ыракмат! Мейли, көпсө бир Аллага койдук, мындан ары не иштесеӊер эркиӊерде болсун, мен арачы түшпөйм...
Кеӊ өргөө толуп отурган кишилер дуулдап, эки жактын теӊ жүйөсүн кубаттап калышты.
Амир Музаффар атайы өтө олуттуу сөөлөт карманып Курманжан байбичени «датка» кө­төрүү туурасында Бухара-и-Шарифтин шайх-уль-Ис­ла­мы­нын ыйык фатвасы (шариятка ылайыкталган чечими) жана өзү­нүн өкүмдарлык жарлыгы бар экенин айтты.
Мындай улук даража катын затына эч качан берилбеген, бир вилаетке диний көсөм болуу эмес, катын кишиге бир айылга имам болууга жол берилбейт. Амир Музаффарды ошол маалдагы шарт, Кокон өлкөсүнө өкүмүн өткөрүү таламы ийгерген белем. Элет адамдары бирин-бири тиктеше да албай, былк этпей отуруп калышты. Курманжандын не кубанганы, не чочунганы байкалбай, мелтирей түштү.
– Азирети, мен бул элдин даткасынан калган бир жесирмин, мага ылайык келбейт бул улук да, ыйык да даража. Ырас, датканын балдары баралына келе элек. Бирак койчусуз кой болбойт. Бул элдин билеги күчкө толгон, акылы жетик азаматтары көп.
Амир Музаффардын оозунан кеби түшүп нестейип калды. «Ыя, бул шум катын ноктону шыпырып таштап кетмекпи?! Ымга келүүдөн баш тартканыбы?!»
Курманжан жесир кыдырата отургандарды тиктеп калды. «Кана, не дейсиӊер? Мына, жол койдум, алгыла, улук дара­жаны берсе бул амирдин колунан алгыла!» деп мокоткон көз караш. Отурган билермандар­дын көздөрү чекирейип кетти. Булардын арасында «Бу катын кайран датканы өлүмгө өзү жумшап койду. Бу оӊдурбайт, дагы көргүлүктү көрсөтөт окшойт...» дешип күӊкүл-мыӊкыл кеп жүрүп, бак-бийлик талашуу алдыртан башталган эле. Мына ушул күтүлбөгөн кыйын жерде Курманжан жесир аларды атайын кысты. Ыйык Бухаранын амири акылынан адашпаган болсо бул даражаны буларга кыя койбойт. Ырас, даткалык өзүнө аталган болсо эч кайда кетпейт, не эрки менен, не эркинен тыш ушулардын көзүнчө таӊуулатып туруп алмак болду. «Ыя, бу катын сыяктуу ысымы Бухарага угулган эркектанасы болсо кана? Ыя, талаш болуп иш бузулбайбы бөөдө?..» деп амир Музаффардын кабагы чытылып, кынжыла түштү. «Э-э, талашсаӊар эч кимге берилбейт деп этегин кагынып туруп кете турган болду го бу?..» деп ойлоп Жаркымбай кепке келди:
– Биз ыраазыбыз, азирети, байбиче өз акылы, өз пейили менен датканын көзү барында эле бул элге алынып кеткен, журтка эне да, эге да болуп калган, биз байбичеге жол койдук... Биз ыраазыбыз...
Ыйык фатваны амир өзү окуп, өз жарлыгын Кудаярга окутуп жарыя этти да, миӊ кубулган жука кызыл кымкап тонду Курманжан жесирдин ийинине өз колу менен жапты.
Түркстан өлкөлөрүнүн биримдиги үчүн мурдатан аракет көп болгон. Бирок дайыма кылыч менен ийрип алууга умтулушчу. Орус аскеринин Ташкенди басып алышы амирди жылуу төшөгүнөн ыргып тургуза абдан чочуткан экен. Ушул кезде ал ар бир өлкөнүн билерманын, кайраты бар уланын акыл айтып да болсо, алтын чачып да болсо ымалага баш койдурмакчы. Биригип кете алышпаса да ар бир тайпа тиги Россия тараптан дүӊгүрөп каптап келе жаткан оторчулуктун коркунучун байкашса, ага биргелешип туруштук кылса болорун болжойт. Ошон үчүн даӊазалуу Бухара-и-Шарифтин келберсиген дымактуу, шаани-шөкөттүү өкүмдары эч кимден жийиркенбей, чийткебей Мадыда отурбайбы?!
Ынтымак?! Ыйык сөз. Анын ич араны тынчыткан, тайпалар көӊүлүн жылыткан биримдигине, өзөк боло келген асыл маӊызына илгертен эч ким каршыккан эмес. Ыйык сөздөн аттап өтө албады Курманжан.
Узун кыштын оорчулугу кол караган мал түгүл тоодогу айбанаттарга да катуу өткөн белем, кекилик, кыргоол, чил деген жер карайганга жетпей, Сарыбай мүнүшкөрдүн бүркүтү талпына ачуу шаӊшып, саӊоор жүндөрүн түктөйтүп, жалынычтуу кыйкылдап жиберип турду. Кыл тузактарына бир жоргологон айбанат илинбей же кер тайганынын жолу болбой, аштык акырындап бүтүп кыйын күнгө кептелишти.
– Мүнүшкөр, ушуга убал болду, шырп эткен дабыш угулса ошо жакка талпынат. Ушуну коё берсеӊчи кыйнабай...
Зайыбын укпады, тескерисинче таарына түштү. Өз колунда он түлөткөн алгыр кушу боор эти менен теӊ болуп, үйдөгү бүлөнүн бири катары эле Сарыбайга!
– Кер тайган экөөбүздүн ырыскыбыз түгөнсө, кыраанымдын пешенесинде бирдеме калгандыр...
Ошол кырааны, ошол ач бүркүт Сарыбайдын эсин жыйышка үлгүртпөй кол салып, мүнүшкөр эки көзүнөн ажырап, тунжураган караӊгылыкта калды.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан