«ОШТУКТУН 11 ДОСУ» жана «ГОНЩИК ТАКСИСТ» тасмалары өзгөчө жаӊылык болду

Жакында эле борбор калаабызда «Оштуктун 11 досу» жана «Гонщик таксист» аттуу тасмалардын кызыктуу жарнамалары илинген. Кызыктуу аталыштагы фильмдер элдин кызыгуусун гана арттырбай, биздин да көӊүлүбүздү бурду. Тасмалар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн аларды тарткан чыгармачылык топ – «KG Club Production`дын» өкүлү, тартуучу топтун администратору Гузяля Салимовага кайрылдык.



– Саламатсызбы, «Оштуктун 11 досу» тасмасынын башка тасмалардан өзгөчөлүгү эмнеде?
– Тасманын жанры – криминалдык комедия. Биздин алгачкы максат – тасмадагы орундуу тамашаларды элге жеткирүү болчу. Кошумча эӊ кызыктуу экшн-кадрларды, каскадёрлордун катышуусундагы мыкты эпизоддорду дагы ушул тасмадан көрө аласыз. Менин оюмча, ойлогонубуз оӊунан чыгып, максатыбызга жеттик. Жыйынтыгында бул мекенибиздеги адам уурдоо тууралуу мыкты сценарийдин негизинде тартылган криминалдык комедия болду.
Эки тасмада теӊ продюсерлик милдетти аркалаган Нурлан Мамакеев «Гонщик таксист» аттуу тасмага мындай деп токтолду:
– Эки тасманын теӊ тартуу иштери аябай кызыктуу өттү. Алгач биз «Гонщик таксист» фильмин тартканыбыздан кабардар болсоӊуздар керек. Ал дагы комедия болчу, бирок сүйүү жана достук тууралуу эле. Андай болгону менен, аталган тасманын сюжети биздин кино дүйнөсүндө чанда кездешкен экстрималдуу кадрларды камтыган. Айта кетчү нерсе, биз кеп кылып жаткан эки тасма теӊ учурдун талабына ылайык тартылды. Башка заманбап тасмалардан кыйла айырмаланат. Себеби бул биздин текшерип көрүү максатында тартылган фильмдер болду.
Аталган тасмалар, чындыгында, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кыргыз тасмаларынын арасында айырмаланып турганын кинотеатрга агылып келген элдин көптүгүнөн байкасак болот. Учурда «KG Club Production» чыгармачылык тобунун талыкпай эмгектенип жаткан кези. Азыр «Убактылуу жигит» («Временный парень») аттуу жаӊы тасманын тартуу иштери кызуу жүрүүдө. Продюсер Нурлан Мамакеевдин айтымында, аталган тасма үстүбүздөгү жылдын 14-февралынан тартып борбор калаабыздын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

"Биздин тасмалар кызыктуу сюжет менен гана эмес, сапаты жагынан да башкалардан өзгөчө"

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Оштуктун 11 досу" же уурулардын планы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
suiuktuujar
2015-01-12 12:30:11
Кино эле коп сапаты жок же эртерек интернетке чыгарышпайт.
0
Mirba24
2015-01-13 17:37:20
suiuktuujar, Бекер тамак ширин болот деп интернете чыгышын кутуп отурасынго е. Театрдан корсон кинодон рахат аласын. Театрга бар 120 сом кетет. Конулун да жазылат эс аласын.
0
Nauca1989
2015-01-14 19:24:51
Кыргызстандын кинолору кобойо баштады жыл откон сайын. Мындан да коптогон ийгиликтерди жарата бергиле.
0
asha9393
2015-01-15 02:36:19
Сапаттуу режиссер сапаттуу фильм!
0
akusya.kg
2015-01-17 06:03:18
Ксеро кочурмосу го "11 дрзей Оушенанын" Кр.тан да эн сапаттуу жана мыкты кино деп "Курманжан Датканы" гана айта алам...Калганы эптеп эле тартып акча иштемей болуп калды го...Бар жок эмес жакшы жана сапаттуу кинолор но редко ооочень редно у нас КР!)
0
apyshova-94
2015-01-19 07:45:40
Эмне озунордо идея жок калдыбы?Кайсы убакка чейин бащка мамлкеттери туурайсынар?Эптеп бир нерсе кылып кыска убакытта тартып,эл алдына алып чыккандан уялбайсынарбы,анысы аз келгенсип Голливуддун идеясын алып.Уят кино жаратуучуларына...
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан