"КУРБУМ АЙНУРА, МАГА БАЙЛАНЫШЧЫ"
– Курбум Жанакеева Айнура Өмүркуловнаны издейм. Экөөбүз акыркы жолу 1999-жылы 6-июлда көрүшкөнбүз.
Бегимай,
тел.: 0709 03 03 89
"КОШУНАМ 3 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ"
– Саламатсыздарбы, урматтуу «Супер-Инфонун» жалпы
жамааты? Мен Жети-Өгүз районуна караштуу Чырак айылынын тургуну, кошуна иним, 1986-жылы туулган Асанов Талант Жумагуловичти издейм. Анын айылдан кеткенине 3 жыл болсо да дайынсыз. Туугандары Таланттын аман-эсендигинен түӊүлүп калышты. Мен ал тирүү деп ойлойм. Таланттын дайынын билгендер болсо, кайрылып коюӊуздарчы.
Кошуна агасы Айбек,
тел.: 0779 14 40 64, 0551 28 28 58
"РУСТАМ, КАБАРЫӉДЫ БИЛДИР"
– Өзгөндүк группалашым Рустамды издейм. Рустам менен 1998-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тарых факультетинде бирге окуганбыз. Мен Таш-Көмүр шаарындагы филиалдан которулуп баргам. Рустамдын биз менен бирге окуган Санжар аттуу досу да бар болчу. Ал Базар-Коргон районунун Каба айылынан. Ошондой эле Нурлан аттуу 1981-жылы туулган иниси 2001-жылдары Өзгөн шаарынын Өрткө каршы күрөшүү бөлүмүндө иштеп жаткан. Ушул маалыматтарды гана билет экенмин. Рустам, эгер окуп калсаӊ, кабарыӊды билдир.
Гүлбара,
тел.: +79140854427
"ГҮЛДАНА, ДАРЕГИӉДИ ТАППАЙ ЖҮРӨМ"
– 2009-2010-жылдары Оштогу "Мукам" аттуу түрктөрдүн фирмасында чогуу иштеген, 1988-жылы 16-октябрда туулган курбум Гүлдана Усманованы издеп келем. Досум, эгер окуп калсаӊ, мага сөзсүз байланыш. Сенин дарегиӊди таппай жүрөм.
Самара Насипова,
тел.: +79826172442, +79638527208
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28