СЫРДУУ СӨЗДӨР БАЯНЫ

«Спам», «СМС», «Блютуз», «ПИН-код». Күндөлүк турмушта бул сөздөрдү көпчүлүгүбүз колдонуп келебиз. Бирок алардын кайдан, ким тарабынан табылганы баарыбызга кызык болсо керек. Билгенибиз болсо дагы окуп, биле элегибиз билип алалы.

СМС

Ооз менен айта албай жаткан сөздөрүбүздү телефондон СМС аркылуу жиберип, «ох» деп алабыз. Бирок баарыбыз эле СМС деген түшүнүктү ким, качан, эмне себептен ойлоп тапканы тууралуу биле бербейбиз же кызыкпайбыз. СМСти чечмелей келгенде англис тилинен «Short Message Service», бизче «кыска кабар берүү кызматы» деген түшүнүктү берет. Аталган кызматты 1984-жылдан тарта иштеп чыгууну бир топ компаниянын инженерлери ойлой башташкан. Ал ой 1992-жылы декабрда жүзөгө ашып, «Vodafone» компаниясынын инженери Нейл Пэпуорс өзүнүн телефонунан кесиптешине алгачкы «Рождество майрамыӊ менен!» деген СМС жиберген.
Бүгүнкү күндө бул кызмат кеӊири жайылып, 2014-жылга карата алынган статистика боюнча бир күндө дүйнө жүзүндө 200 000, жылына 7 триллион СМС жазылары аныкталган. Бул кызматты колдонууну мыкты өздөштүргөн америкалык Остин Виршке 149 символду 39 секундда жазган­га жетишип, 50 000 доллар өлчөмүндөгү сыйлыкты бөк­төрүп кетсе, 2011-жылы Юта штатында мектеп окуучусу бир убакта 667 адамга «жолдо жүргөндө этият болгула» деген кат жиберип рекорд койгон. Бул ийгилиги үчүн ал «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген. Ал эми 97 жаштагы америкалык жазуучу Герман Вук 2012-жылы 20 жылдан бери чогулган СМСтеринен «Конгрессмен» аттуу китеп чыгарган.

СПАМ
Азыр техниканын заманы, дээрлик бардыгыбыз социалдык тармактарга канча бир убакыты­быз­ды коротобуз. Кээде интер­нет дарегибизге бейтааныш кол­до­нуучулар­дан келген тажат­ма жарнактар мазаӊды кетирет. Миса­лы, «бир айда 100 000$ тап­саӊыз болот», «тө­мөнкү бил­дирүүнү дагы 10 адамга та­­ратсаӊ 3 күндөн кийин бак­тыӊа жолугасыӊ, таратпасаӊ бактыӊдан куру каласыӊ» деген сыяктуу. Мындай интернет илдет спам деп аталат. Муну менен ар кандай жарнамалар­ды эле жибербестен, вирус­тар­ды таратуунун оӊой жолу ачылган. Спамды жайылтуучуларды спамерлер деп коюшат.
Терминдин келип чыгышы тээ 1937-жылга барып такалат. Белгилүү «Hornel foods» фирмасы чочко­нун этинен даярдалган жаӊы консерваларды чыгарып, ага эӊ мыкты аталыш деген сынак жарыялайт. Жыйынтыгында радиоактёр Кеннет Деню «спам» деген уккулуктуу ысым айтканы менен жеӊишке жетишкен.

БЛЮТУЗ
Bluetooth («Blеtand») – Дания элинин тилинен которгондо «көк тиштүү» деген түшүнүктү берет. Даниянын мындан бир канча кылым илгерки падышасы Харальд Блетанн (Harald Blеtann) Дания менен Норвегияны бир королдукка бирик­тирген. «Blе» Cкандинавия өлкө­лө­рүнүн азыркы тилинде «көк» деген маанини билдирет. Бирок ошол мезгилде «кара» деген маани бергендиги айтылат. Ошондон улам падыша «Harald Blacktooth» деген ысым алып жүрүш керек дегендер да болуп, туура мааниси Harald Bluetooth дегенге токтолушкан.
Блютуз термини телекоммуникацияда 1994-жылдан баштап колдонула баштаган. Ал азыркы күндө бири-биринен 100 метрден алыс эмес жайгашкан компьютер, телефон, принтер, фотоаппарат жана башка аппараттардан маалымат алмашуу үчүн колдонулат.

ПИН-код
ПИН-код англис тилинен которгондо «жекече өздүк номер» дегенди билдирет. Аны шотландиялык инженер Жеймс Гудфеллоу 1965-жылы ойлоп таап, патент­теген. Алгач ал картон картасынан акча алуу кызматын ишке киргизген. Бул кызматты ишке киргизүүдө алгачкы жолу ПИН-код колдонулган.

АВАТАР
Индуизмде аватар деген сөз «Кудай сымал», «Кудайды өз ичине камтыган зат» дегенди тү­шүн­дүрөт. Аватар технологияда 1985-жылы Ultima компьютер оюнунун 4-бөлүгүндө колдонулган. Ал эми социалдык тармактарда аватарды интернет колдонуучунун графикалык элеси деп тү­шү­нөбүз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Ayperi94
2015-01-12 14:33:51
Чынында эле сонун маалыматтар экен
0
rus.sayk
2015-01-12 14:48:07
спам эмне экенин тушунбой коп кишиден сурадым эле. бирок канааттандыраарлык жооп ала алган эмесмин. эми жакшы болду..
0
Aikosha_95
2015-01-12 22:32:04
мм жакшы
0
Positive
2015-01-13 02:33:50
смс тин келип чыгышы мага жанылык болду, анан да озум англис тилин жакшы оздоштургондордун катарында болсомда "блютуз" дун жазылышына эч маани бербепмин корсо "кок тиш" го ал. Кызыктууу маалымат болуптур
0
komunizm-city
2015-01-13 21:27:42
жакшы жакшы билбегенди билип алдым
0
uliana
2015-01-13 22:13:57
Кызыктуу жана керектуу маалыматтар экен
0
nuna95
2015-01-14 13:49:56
билбегенибиз коп да, супер инфо силерге рахмат!!!
0
sumaya
2015-01-14 15:00:59
кызыктуу кенештер учун рахмат
0
nur1975
2015-01-15 14:01:59
кызыктуу тема экенго.рахмат
0
Zamknutaya92
2015-01-17 18:56:18
жакшы маалыматтар экен.
0
Samaganova
2015-01-27 04:53:52
"Аватар" аябай башкача экен. Никогда не думала
0
Beksultanovulan
2015-02-05 23:55:07
Кыргызча Ө.ң.ү.плай маркеттен жүктоп алгыла "multilink" деп издегиле.
0
Sirajdin.
2015-03-18 19:40:19
кенештер учун рахмат
0
Samaganova
2015-07-20 19:47:20
"Аватар"котормосу кызык экен
0
Nkvd_1993
2015-09-05 16:33:33
Жакшыы
0
№ 636, 9-январь-15-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан