АКШнын Калифорния штатынын мурдагы губернатору, дегеле белгилүү актёр Арнольд Шварцнеггердин үй-бүлөсү акыркы учурда журналисттерди маалыматка байытып жаткан учур. Чет элдик маалымат булактарынын кабарчылары жазып чыккандай, актёр жубайы Мария Шрайвер менен ажырашса дагы учурда көйгөй жаратып жаткан уулунун маселелерин бирге чечүү үчүн жолугуп, бир команда болууга айласы жок. Патрик Шварцнеггердин акыркы мезгилде дүйнөлүк шоу-бизнесте ызы-чууну көп жараткан, акылга сыйбас жоруктары менен таанымал ырчы жана актриса Майли Сайрус менен болгон сүйүү мамилеси атасы Арнольд Шварцнеггерди кабатыр кылып келет.
Ал эми эки жаштын бирге түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга байма-бай жарыялап келишет. Катардагы үй-бүлөлүк жаӊжалдын биринде Патрик такыр эле жумушун таштап, Майли менен гана убактысын өткөргөнүн, ата-энесинин эсебинен жашаарын билдирген. Уулунун атына актёр бир кезде банктан эсеп ачып, чогулган сумма 50 миллион АКШ долларына жеткен. Арнольд жана анын аялы уулунун тандоосун четке кагып, «же эсептеги 50 миллион долларыӊ, же Майли Сайрус. Экөөнүн бирин танда» дегенге чейин барышкан. Бирок жаш жигит акча үчүн сүйүктүүсүнөн баш тарткан эмес. Ата-эне акыры тентек кызды кабыл алып, уулу менен жолугушууга каршы эместигин билдиришкен.
Бирок кепке келген кайындарын Майли Сайрус кайрадан өзү ирээнжитип алган өӊдүү. Тактап айтканда, Майли социалдык тармактардын бирине марихуана чегип жаткан сүрөттөрүн жарыялап жиберген.
Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg