«Чарлинин периштелери», «Жакын досумдун үйлөнүү тою» жана башка тасмаларда роль жараткан белгилүү актриса Камерон Диас Good Charlotte рок-группасынын гитаристи Бенжи Мэдденге турмушка чыкты.
Үлпөт тойдо келинчектин курбулары катары актрисалар Николь Ричи, Дрю Бэрримор жана Камерондун жардамчысы Жесси Лутц тандалган. Ошондой эле тойго чакырылгандардын катарын Камерондун тасма айдыӊындагы кесиптештери Риз Уизерспун, Гвинет Пэлтроу, ырчылар Саманта Ронсон, Робин Антиндер толукташты.
42 жаштагы актриса менен 35 жаштагы жолдошу Мэдден үчүн бул алгачкы нике той. Таланттуу жубайлар 2014-жылдын май айынан тарта сүйлөшө баштап, үйлөнүү тууралуу чечимди 7 айдын ичинде кабыл алышкан.
Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg