Тишке жумшак, тоюмдуу, дегеле конок келсе дасторкондун көркүн ачкан эт азыгынан жасалган даамдуу тамак – бул котлета. Негизин эт түзгөн мындай тамактан баш тарткандар аз болсо керек. Андыктан табитиӊизге жараша котлета, фрикаделька, тефтели даярдоонун ыкмасы жана алардын түрлөрү менен таанышып коюӊуз.
КОЖОЙКЕНИН ЭСИНЕ
ШИРЕЛҮҮ КОТЛЕТА
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 1 килограмм
Пияз – 3 даана
Нан – 2 кесим
Жумуртка – 1 даана
Өсүмдүк майы – 300 грамм
Ун – 1 стакан
Сүт – 1 стакан
Татымына жараша туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Нандын ортосун, жумшак жерин алып, сүткө чылап коюӊуз.
2. Пиязды майдалап туурап алыӊыз.
3. Этти эт туурагычтын кесек тиштүү көзүнөн өткөрөсүз.
4. Эми чуӊкур табакка тууралган пияз, нан жана этти салып, жумуртканы үстүнө чагып, татымына жараша туз, кара мурчту кошуп аралаштырабыз. Аралашманы 15 мүнөткө
тыныктырып коюу керек.
5. Алаканыӊызды суулап же майлап алыӊыз. Аралашманы керектүү өлчөмдө ченеп аласыз да, колуӊуз менен сүйрү же тегерек формага келтирип жалпайтасыз.
6. Мындан соӊ унга эки бетин теӊ оонатып, жай отто ысыган майга салып бышыра баштайсыз.
Эки жагын теӊ 5 мүнөттөн бышырып, күйүп калбаш үчүн көзөмөлдөӊүз. Даяр болгон котлетанын майы сарыгыш үчүн кырынан жайпак тарелкага тизе туруӊуз.
ТОМАТ ШОРПОСУНДАГЫ ФРИКАДЕЛЬКА
Керектелүүчү азыктар:
Суу – 2 литр
Уй этинин туурамжысы– 300 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сарымсак – 1 тишче
Пияз – 2 даана
Помидор – 400 грамм
Сабиз – 1 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Күрүч – 3 аш кашык
Картошка – 2 даана
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Ашкөк, петрушка, райкан
Татымына жараша туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. 1 баш пияз менен сабизди аарчып, төрт бурчтук формасында туурап, кууруп алабыз. Помидордун кабыгын сыйрып, аны да төрт бурчтук формасында туурайбыз.
2. 1 боо райканды жууп, туурап, помидорго кошуп, 5 мүнөттөй куурабыз.
3. Сууну мискейге куюп, күрүчтү жууп салып, 10 мүнөт кайнатабыз.
4. Картошканы аарчып, аны да төрт бурчтук кылып туурайбыз дагы, күрүчтүн үстүнө салып, 5 мүнөт кайнатабыз. Татымына жараша туз жана кара мурчту кошууну унутпаӊыз.
5. Шорпо даяр болгон соӊ фрикаделька даярдоого өтөбүз. Пияздын экинчисин аарчып, чарчы формасында майдалап туурап этке кошобуз. Буга сарымсакты майдалап, жумуртканы
чагып, туз, кара мурчту кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Андан соӊ кол менен диаметри 2 сантиметрдей кылып тоголоктоп, шариктерди жасайбыз.
6. Даяр болгон фрикаделькаларды кайнап жаткан шорпонун үстүнө салабыз. Томат пастасына суу кошуп суюлтуп алып аны да шорпого куюп жибериӊиз. Фрикаделька бышып калган учурда мурда кууруп, даярдап алган массаны кошуп, дагы 10 мүнөттөй кайнатыӊыз. Даяр болгон шорпону идиштерге куюп, көк чөптөрдөн туурап, үстүнө сээп, дасторконго бере берсеӊиз болот.
«КИРПИ» ТЕФТЕЛИСИ
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 500 грамм
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 1-2 тишче
Күрүч – 70 грамм
Жумуртка – 2 даана
Каймак – 400 грамм
Майонез – 100 грамм
Томат же кетчуп – 2-3 аш кашык
Татымына жараша туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти эт туурагычтан өткөрүп, сарымсак менен пиязды майдалап, этке кошобуз.
2. Күрүчтү чийкирээк кылып кайнатып бышырып алабыз. Эт туурамжысына күрүчтү салып, андан соӊ чийки жумуртканы чалып, татымына жараша туз, калемпир кошуп аралаштырабыз.
3. Эми даяр болгон туурамжыдан бир аздан алып тоголок шариктерди, тактап айтканда, тефтелини жасайбыз.
4. Электр мешинин табасын майлап, тефтелини тизебиз.
5. Майонез менен каймакка кетчупту же томат пастасын кошуп чалабыз. Буга бир аз суу же үйдө эттин шорпосу болсо кошуп суюлтабыз дагы, табадагы тизилген тефтелинин үстүнө
жаба куябыз. Тефтелини көмө тургандай көлөмдө куюу кажет.
6. Табаны 180 градус ысытылган электр мешине салыӊыз. «Кирпи» тефтелиси 1 саатта даяр болот.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg