Уктап жаткан кино тармагы ойгонуп, азыр актёрлордун күнү тууган маал. "Көргүм келет" тасмасында Кайрат аттуу баланын образы менен элге белгилүү болгон Амантур кино дүйнөсүнө кантип келди? Кандай кыйынчылыктар менен азыркы ийгиликтерди багындырды? Булар тууралуу өзү айтып берсин.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Лейлек району, Бешкент айылы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 27-сентябрь
Бою – 170 см
Салмагы – 64 кг
Үй-бүлөдө – 6 бир тууган
Билими – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы студия
Учурда – Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында иштейт
Тартылган кинолору – «Көргүм келет», «Миллиондук мелдеш», «Миллиондук мелдеш-2» жана башкалар
– Амантур, бизде учурашкан соӊ эмне жаӊылык деген суроо сөзсүз берилет эмеспи, акыркы жаӊылыктарыӊ менен бөлүшө кетсеӊ...
– Азыр театрда иштегенден сырткары кинолорго тартылып жатам. Жакында эле режиссёр Мурат Мамбетовдун «Чак түштө түшкөн чагылган» деген сериалына тартылдым, андан кийин «Табышмактуу тагдыр» деген тасмада роль жараттым. Ошондой эле кино тартып жүргөн жаш режиссёр, оператор дос балдар менен кино тарталы деп, ошонун үстүндө иштеп жатабыз.
– Кесиптештериӊ "актёрлук кесиптен тапкан акча жашоого жетпейт" деп көп айтышат. Бул тууралуу сенин оюӊ кандай?
– Актёр болуп кыйратып деле акча таппайсыӊ, болгону кумар болуп калган. Кесиптин артынан көп акча таппасам да, бул жолду тандаганыма өкүнбөйм. Мындан сырткары тамада болуп тойлорду, концерттерди алып барам, кинолорго үн жаздырып, айтор, башка жактан да киреше таап жатам. Бирок азырынча үйдөгүлөргө каражат жагынан жардам бере албайм. Өткөндө айылга барганда ата-энем "эл алдына чыгып турганыӊ бизге жетиштүү, сени кинолордон көрүп турганыбыз биз үчүн сыймык" дешти.
– Мектепте кандай окуучулардын катарында элеӊ?
– Ата-энем мугалим болгондуктан, аларга сөз тийгизбейин деп жакшы окудум. Мектеп аралык өткөн кароо-сынактарга катышып, интермедия аткарып, алып баруучу, ырчы болуп жүрчүмүн. «Лейлек таланттары» деген концерт менен Ошко чейин келип-кеткенбиз.
Негизи, биздин үй-бүлөдө таланттуулар деле жок. Бир гана агам Бактияр Токторовдун «Биз» тобунда ырдап кеткен.
– Шаарга жаӊы келгенде кыйынчылыктар болду беле?
– Ооба, кыйналып, ачка калган учурлар көп эле болгон. 1-курста жүк ташуучу болуп иштеп жүрдүк. Ошондо нанга майонез сүйкөп жеп, курсагыбыздын тойгонуна сүйүнөт элек.
Бир окуя айтып берейин. Дос балам экөөбүз шашып жолдун чекесинен өтүп баратсак, бир машина зуулдап жолубуздан өтүп кетти. Экөөбүз артынан кол жаӊсап, "эмне катуу айдайсыӊ, машина сенде эле бар бекен?" деп кыйкырып калдык. Анан эле машина артка кайтып келип, биздин маӊдайыбызга токтоп калды. Экөөбүз же качарыбызды билбейбиз. Машинадан төрт бала түшүп, "эмне кол көтөрүп сөгүнөсүӊөр?" деп кекетип киришти. Экөөбүз коркуп кетип жарыша "биз колубузду көтөргөн жокпуз, машинанын күүсүнөн шамалга колубуз көтөрүлүп кетти" десек, каткыра күлүп бизди коё беришкен.
– Чыгармачылыкка болгон чыйырыӊ качан башталды эле?
– Окуумду бүтүп, алгачкы жолу «Көргүм келет» тасмасына кастингге баргам. Бул тасмага тартылгандан кийин эле багым ачылып, режиссёрлор киного чакыра башташты.
– Бир нече тасмада роль жараттыӊ. Ролуӊ купулуӊа толбой калган учур болдубу?
– Мен ролдорума сын менен карайм. Кинодон өзүмдү көрсөм эле кемчиликтерим көзгө илине берет. Жасалма болуп калганым башкага байкалбаса да, мага байкалат."Башкача кылсам
болмок экен" деп өзүмдү жей берем.
– Эгер сага көп акча сунуштап, "эротикалык киного тартылып бер" десе макул болот белеӊ?
– Буга чейин андай сунуштар көп болгон. Дагы деле түшүп калат. Эч бир максаты жок эле ачык кадрларга түшө берсеӊ болбойт да. Чоӊ маселе болуп, ал кандайдыр бир жыйынтык бере турган болсо, тартылмакмын. Башкача айтканда, ошол ачык кадр менен элге пайда алып келип жаштарды ойлонто алсаӊ, оӊ жолго үндөсөӊ, эмнеге болбосун?
– Кино жаатында жаӊы муун катары азыркы тасмалардын сапатына көз карашыӊ кандай?
– Азыр жакшыбы, жаманбы, кинолор байма-бай тартылып, кино тармагы ойгонду. Эми ошол көрүүчүлөрдү тажатып, көӊүлүн калтырбаш үчүн сапат жагына көӊүл бурушубуз керек. Азыр жеӊил кинолор көп тартылып жатат. Анан да ойногон актёрлорун тааныбай да каласыӊ. Театрларда билимдүү, тажрыйбалуу артист толтура, ошолорду тартса жакшы болмок. Алар өз ашканасын мыкты билишет. Азыр көчөдөн алып келип эле киного тартып салгандар толтура болуп жатпайбы.
– Кел эми, маегибизди жеке жашооӊо буралы. Жүрөгүӊдү багындырган селки барбы?
– Буюрса, эмдиги жылы үйлөнөйүн деген ойлор бар. Бирок ылайыктуу кыз таппай жатам. Жүрөгүм көп жылдан бери бош. Мага жөнөкөй кыз болсо деймин, анткени жөнөкөй баламын. Актёрлук кесипти түшүнгөн, колдогон кыз керек. Көпчүлүгү сөз менен эле "түшүнөм" деп айта беришет, бирок иш жүзүнө келгенде кызгангандар толтура.
Кээде съёмкалар түндө болуп калат, менин ушундай тынчы жок жумушумду түшүнгөн кыз болушу керек. Ошондуктан актёрлордо ажырашуу көп болсо керек деп ойлойм. Кээде өз чөйрөмдөгү актриса кыздардын бирине үйлөнүп алсамбы деп да ойлонуп кетем. Менден "кантип сиздей жигиттин сүйлөшкөн кызы жок?" деп таӊ калып сурай беришет. Чынында, мурунку сүйлөшкөн кызымды айылга ала качып кетишкен. Аны эртерээк билсем, токтотуп калмакмын, бир жумадан кийин угуп жатпаймынбы. Анда баары кеч болуп калган. Сүйүктүүмдү башкага тарттырып жибергенимде кайгырдым, өкүндүм, бирок депрессияга түшүп ичип кеткен жокмун.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg