ТӨРӨТТӨН КИЙИН ЭМЧЕКТИ ӨЗ КАЛЫБЫНДА САКТООНУ ҮЙРӨНҮӉҮЗ

Бала үчүн эненин сүтү табылгыс пайдалуу азык. Бирок көпчүлүк бала эмизген айымдарда жарала турган маселе – эмизгенден кийин эмчектин формасынын бузулушу. Бул маселеден качып, айрым энелер наристесин эрте эле эмчектен чыгарып салышат. Бирок баланы жетиштүү убакытка чейин эмизип, ошону менен бирге эмчекти да өз калыбында сактоого болот.

1. ЖАШ КУРАК ЖАНА ГЕНЕТИКА
Жаш улам бир тепкичке көтөрүлгөн сайын организмдин ийкемдүүлүгүн, серпилгичтигин камсыздоочу коллаген заты азая баштайт. Андыктан төрөттөн кийин айымдардын организминдеги өзгөрүүлөргө жаш курак да таасирин тийгизет.
Андан сырткары генетика да эмчектин формасынын өзгөрүшүнө таасир берет. Эгер апаӊыздын эмчегинин формасы төрөттөн кийин өзгөрбөсө, сиздики да калыбында сакталат.

2. КОШ БОЙЛУУЛУК
Эмчектин формасын сактоо үчүн ага кош бойлуу кезден баштап кам көрө билүү зарыл. Кош бойлуу айымдардын эмчеги (ар бир айымдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша) канчалык бир деӊгээлде чоӊоёт. Эгер убагында кам көрбөсө, айым төрөгөндөн кийин эмизүүдөн баш тартса да, эмчек мурунку калыбына келбейт, ылдый салаӊдап калат.

3. БЮСТГАЛЬТЕР
Кош бойлуу кезде эмчек чоӊоюп, салмагы оорлоп, ылдый тартылат. Андыктан кош бойлуулар үчүн атайын бюстгальтер сатып алыӊыз. Ал эмчектин формасына чоӊ же кичине эмес, дайыма чак болушу зарыл. «Баары бир чоӊоёт» деп чоӊун сатып алсаӊыз, эмчектин өз убагынан мурун чоӊоюшуна алып келет. Эгер «эмчегим кичирээк көрүнсүн» деп тар бюстгальтер пайдалансаӊыз, кысылып, кан айлануу жакшы жүрбөй, түрдүү ооруларга туш болууӊуз ыктымал.

4. ДУШ
Душка түшүп жатканда эмчегиӊизге алмак-салмак 1 мүнөт муздак, 1 мүнөт жылуу, 1 мүнөт териӊиз күйбөгөндөй ысык суу агызып жуунуӊуз, башкача айтканда, контрасттык душ кабыл алыӊыз. Бул процедура эмчек чоӊойгондо жарылып жана чоюлуп кеткен терини калыбына келтирүүгө жардам берет. Жакшы натыйжа алыш үчүн контрасттык душту эртеӊ менен кабыл алуу сунушталат.

5. УКАЛОО
Курамында коллаген, эластин, соя майы бар крем же май сатып алыӊыз. Аны эмчегиӊизге 2 маал – эртеӊ менен жана кечинде сүйкөп, биринчи саат жебеси менен, андан соӊ карама-каршы багытта 15-20 мүнөт жеӊил укалаӊыз. Эмчек өтө назик орган болгондуктан, ага кылдат мамиле жасаш керек. Укалайт десе оорута кармап эмес, тескерисинче, назик сыйпалаӊыз.

6.АРЫКТОО
Эмчек сүт бездеринен жана май катмарынан турат. Эгер айым төрөттөн кийин мурунку калыбыма келем деп диета кармап, өтө тез арада арыктаса, эмчектеги май катмары кетет да, тери тартылууга жетишпей, салаӊдап калат. Андыктан пайдалуу азыктар коштолгон диета кармап, акырындап арыктоо сунушталат.

7. ТУУРА ЭМИЗҮҮ
Бала эмип жатканда ага эркиндик бербеш керек. Наристе эмчектин үрпүн тартып, тиштеп, колу менен терисин чоюп, чымчыйт. Бул, биринчиден, оорутса, экинчи жагынан эмчектин терисинин чоюлушуна алып келет. Ар бир эмчекти кезек-кезеги менен эмизүүнү унутпаӊыз. Эгер бир жагын көбүрөөк, бир жагын азыраак эмизсеӊиз, эмчектин формасы да ошого жараша бири чоӊ, экинчиси кичине болуп калат.

8. АШЫКЧА СҮТ
Эмчектеги сүт баланын керектөөсүнө жараша гана чыгат. Эгер сүт ашыкча болуп, бала эмбей койсо, энелер улам-улам эмчекти саап башташат. Бул сүт бездеринин нормадан ашыкча иштеп, ого бетер сүттүн көп келишин шарттайт. Ошондой эле сүт чыкпай жатса да эмчекти колу менен чоюп, зордоп сүт чыгарганга аракет кылышат. Бул теринин чоюлуп, эмчектин формасынын бузулушун шарттайт. Эгер сүтүӊүз көп же аз келип жатса, ошого жараша тамак-аш рационуӊузду өзгөртүӊүз.

9. БАЛАНЫ ЭМЧЕКТЕН ЧЫГАРУУ
Эмчектин формасынын өзгөрүү-өзгөрбөшү баланы эмчектен туура чыгаруудан түздөн-түз көз каранды. Кош бойлуу болгон кезден баштап эмчектеги сүт бездери чоӊоёт. Эгер баланы аз-аздан эмизгенге көндүрүп, акырындап эмчектен чыгарсаӊыз, сүт азайып, сүт бездери кичирейип, тери өзү калыбына келет. Бир күнү таӊ атпай тура калып эле, «баланы эмчектен чыгарыш керек» деген чечимге келип эмизбей койсоӊуз, же болбосо жаӊы төрөгөндөн кийин эле баланы эмизбөөнү чечсеӊиз, анда организмде гормоналдык баш аламандык башталат. Айымдар баланы эмчектен чыгарууда көпчүлүк учурда эмчекти катуу таӊып, көп убакытка чейин ошондой абалда жүрүшөт. Эмчекти катуу таӊып көп убакыт жүрүү теринин чоюлуп калышына гана эмес, айрым учурда кан айлануунун бузулушунан сүт бездеринин сезгенүүсүнө алып келет. Андыктан бул жаатта атайын маммологго кайрылып, кеӊеш алганыӊыз туура болот.

10. ТУУРА ТАМАКТАНУУ
Эмчектин формасын сактоодо туура тамактануу дагы жардамга келет. Куурулган, майлуу, ышталган, таттуу азыктардын, спирт ичимдиктердин ордун жашылча-жемиш, күрүч, балык, тоок эти, анча майлуу эмес сүт азыктары сыяктуу жеӊил тамактар менен алмаштырыӊыз.
«Эмчектин формасы эмизгенден бузулбайт. Туура эмес кам көрүүдөн же болбосо такыр кам көрбөгөндөн бузулат» дешет тажрыйбалуу энелер. Андыктан, урматтуу айымдар, ар дайым өзүбүзгө кам көрө билели!

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бала эмизүүдөн эмчектин калыбы бузулабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Ulutum_Kyrgyz
2015-01-19 11:31:45
Жакшы маалымат экен.
0
Zamknutaya92
2015-01-19 13:56:45
коп нерселерди билип алдым жакшы маалыматтар экен.
0
uliana
2015-01-19 21:23:26
Мага азыркы учурда дал ушул маалыматтар керек болчу, рахмат супер инфо. Негизи жалпы эле аялдарга эн сонун кенештер экен.
0
melis.gulzat
2015-01-19 21:59:44
Рахмат коп пайдалуу маалымат алдым
0
Lilia11
2015-01-20 21:28:27
Мен да ушинтип чыгарганмын эмчектен. Аз аздан эмзип акыры оп оной эле чыгарып алганмын. Кокурое бллсо анча мынча кыздардын кокурогуно караганда жакшы кудайга шугур. Алтын кенештер экен ошентсе да. Рахмат.
0
АЙЫМАЙ
2015-01-21 00:36:45
баламдын торолгондо эмгенге алы жетпей, сутум толуп, сааганга туура келген. ошого формасы бузулду го..
0
ELIMA91
2015-01-21 04:35:23
Сонун маалымат экен керектуу. Эмкисинде торогондон кийин ичти кантип тартыш керек жок кылуу экенин дагы айтып койсонуздар абдан жакшы болмок!! Алдын ала рахмат!!
+1
admin_superstan
2015-01-21 10:57:35
ELIMA91, саламатсызбы! Төрөттөн кийин чоюлган курсакты калыбына келтирүү үчүн көнүгүүлөр: http://www.super.kg/article/?article=14513 Курсакты киргизүү үчүн көнүгүү: http://www.super.kg/article/?article=30047
0
medi0204
2015-01-21 14:18:55
ал эми урпу кичине болуп эмизе албаса кандай кылыш керек ушуга да маалыматтар барбы
+1
saiko.r
2015-01-22 20:52:38
Менин сутум абдан коп саабай койсом шишип колтукка тееп шишип кеткен ошон учун саабай кое албайсынго и саабаш керек деген тура эмес деп ойлойм(мастит болбош учун).
0
ss90
2015-01-24 09:39:36
Буйруса августта коз жарам)))дуа кылып коюнуздарчы туугандар...!!!"Апа"деген статуска ээ болом ин ша Аллах)
0
beva63
2015-01-24 15:06:04
урпунор кичине болсо вазелиндеп урпунорду массаждагыла тоголотуп
0
Nurzada88
2015-01-25 13:35:59
Бул конугуулорду баланы эмчектен чыгаргандан кийин жасаш керекпи? Же эмизип жургон убактабы?
0
admin_superstan
2015-01-26 10:26:07
Nurzada88, саламатсызбы!
Макаладагы көнүгүүлөр кош бойлуу кезден баштап жасалат.
0
saiko.r
2015-01-25 16:44:53
Emizgenden kiyin juup kurgantyp koiso kesilgeni bat ketet korungon nerseni shybagandan koro
0
Sarinakg
2017-05-13 10:31:29
сурооду кайда берсек болот меники оруп кыйналып жатамдаа
0
admin_superstan
2017-05-15 10:21:27
Sarinakg, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg электрондук дарегине жиберсеңиз болот.
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан