КОЙ-КОЧКОР БОРДОП БАЙЫӉЫЗ

«Койдун сүтү коргошун, кой бордогон оӊ жосун» демекчи, кой-козу, кочкор багып саткан кирешелүү иш. Айрыкча кышкысын мал эттен түшүп, бычак урганга семиз мал табылышы кыйын болот эмеспи. Эгерде сиздин мал багууга шартыӊыз болсо, кышкысын кой-козу, кочкор багып пайда тапсаӊыз болот.

КОЙ СЕМИРТҮҮНҮН ЫКМАСЫ

  • Конок келсе жыра тартып соё койгонго кой-козу жеӊил жандык. Аны килкилдетип семиртүү үчүн койдун жашына, дени сактыгына, эттүүлүгүнө жана тоюттун түрүнө карайт. Кой бордоодо күнүнө жеген азыгы: кургак чөп, жүгөрү, арпа, буудайдын шагы (кээ бирлер сенаж, төө буурчак, пахтанын чигити, күн жара, кызылча, сабиз, шекер беришет). Багууда турган бир баш кой күнүнө 2 килограмм чөп, 500 граммдан 1 килограммга чейин жем жеши шарт. Мындан сырткары тирүүлөй салмагына жараша минералдык тоюттар берилгени натыйжалуу болот. Чоӊ койго 2-2,5 грамм кальций (козу 5-6 грамм), 1-1,5 грамм фосфор (козуга 2-2,5 грамм), жумасына эки ирет туз берилиши керек. Тоюттун пайдалуулугуна жараша кой 30-40 күн, козу 50-60 күндө семирет. Кой багылган жер 15 градус жылуу, асты кургак болууга тийиш. Бир кой бир метр квадрат жерге турушу зарыл.
  • Багууга киргизерден мурун жүнүн кыркып, дарылардан альбен берип, ивермек сайып мал доктурга көргөзүү керек.
  • Жаӊы байлап баштаган койго азыкты аз-аздан берүү шарт. Бордолуп жаткан кой күнүнө 200-300 граммдан кошумча салмак кошуп баштагандан кийин кошумча жем-чөп берип, өлчөмүн көбөйтүү зарыл.
  • Кой ичине май топтогондон кийин азыктарды аз жеп калат. Ошол мезгилде кошумча азыктарды кыскартып койгонуӊуз жөн.
  • Жем-чөбүн бир убакта берүү зарыл.

Бишкек шаарынын жаӊы конуштарынын биринде кой багып пайда таап жаткан Канымет Шыгаев өзүнүн чакан бизнеси тууралуу буларга токтолду:
– Негизи 20-30 койду бир багуу ыӊгайлуу. Көпкө чама-чаркы келбегендер 5-10 койду деле багып жатышат. Мен койлорду багууга киргизерден мурун сөзсүз мал доктурга көрсөтүп алам. Анткени дени сак мал бат семирет жана сатып алып жеген адам үчүн дагы коопсуз. Денесиндеги бит, кенесине каршы ивермек сайдырып, ичиндеги куртун түшүрүү үчүн альбен дарыларын беребиз.
Сенаж (бедени казылган ороого салып, туз кошуп даярдаган малга берчү азык), жүгөрү, арпа берип багам. Чөптөн болсо беде малга жугумдуу. Таластык туугандар төө буурчак берип багып жүрүшөт. Майлуу болгондуктан малды бат көтөрөт экен. Туз багылган мал үчүн абадай зарыл. Үч күндө бир берип турам. Тузга канган мал жебей коюшу мүмкүн, андай учурда тузду жемге аралаштырып жиберем.
Алып сатуучулук да өзүнчө өнөр. Тирүү турган малдын канча салмак берерин, семиз-арыктыгын теринин сыртынан аӊдап, аны бир адамдан алып, экинчисине сатат. Мындай бизнести 7 жылдан бери аркалап келаткан Кубаныч Макешов алып сатуунун жол-жоболору менен бөлүштү:
– Биз Жумгал, Нарын, Каракол, Ат-Башыдан мал алып келебиз, мындан тышкары Чүйдүн, Бишкектин чет жакаларынан байлап саткандардан алабыз. Базарга 30-40 баш козу-кой алып келебиз. Кудайдын куттуу күнү базар десек болот. Борборубузда элдин саны көп болгондуктан, күнүнө соодадан куру эмеспиз. Кээ күндөрү 10 башка чейин сатабыз. Өтпөй калгандарын базарда кармап, жем-чөбүн берип турабыз. Малдын баасы анын көлөмүнө, эттүүлүгүнө жараша. Кочкор этти көп бергендиктен эт саткандар алышат. Ириктерге жана койлорго да суроо-талап жогору.
Алып сатуучулуктан тапкан кирешем, Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдү бакканга жетет. Алып сатуучулук тобокелдин иши. Айрым учурда пайда тапсак, кээде алган баасын актабай калат. Нарын, Ысык-Көл облустарынан алган койлордун ар бирине 200 сом жол кире төлөп алып келебиз. 60 сомго жүнүн кырктырабыз. Сатылып бүткөнчө жем-чөбү бар дегендей.
Айылдардан сатылып алынган койлорду, сатармандардын тили менен айтканда, «сулуулук салондон» өткөзүшөт. Базарда койду сулуулап кыркып берген адамдар бар. Шуулдата кой жүнүн кыркып жаткан Уланбек Абдыкадыров бир койду 3 мүнөттө кыркып бүтөрүн айтып төмөнкүлөргө токтолду:
– Базарга кой алып келгендер канча кой кырктырса, ошого жараша биздин дагы кирешебиз жогорулайт. Бул жерде төрт адам кызмат көрсөтөбүз. Бир баш койду 60 сомго кыркып беребиз. Айына
4 миӊдей кой кыркылат. Ар бирибиз 60 миӊ сом акча табабыз. Ким шамдагайлык кылып көп кой кыркса, анын кирешеси жогору.

Кой-козу үчүн

  • Болжолдуу түрдө бир козуну 3000 сомго сатып алсаӊыз, ал айына 5 таӊгак чөп, 30 килограмм жем жейт. 5 таӊгак чөп 280 сомдон 1400 сом болот. Ал эми арпа-жүгөрүнүн баасы 17 сом болсо, 510 сомдук жем жейт. Кеткен чыгым – 1910 сом. Азыр кой эти базар баасында 350 сомдун тегерегинде. Сиздин семирген козуӊуз 20 килограмм эт берсе 7000 сом акча болот.
  • Кеткен чыгым: 7000-1910=5090-3000=2090 сом таза киреше.

"КЫРГЫЗ КОЧКОРЛОРУНА ТАЖИКСТАНДА СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ"

Тажикстан менен Өзбекстанда кочкорго суроо-талап күч болгондуктан, өлкөнүн түштүгүндө бул жандыкты багып-сатып тиричилик кылгандар көп.

Лейлек районунун тургуну Абдыкуттуз Арзыбаев кочкор сатып алып, белгилүү мөөнөткө чейин баккан соӊ кайра сатып киреше табат.
– Абдыкуттуз мырза, кочкор алып жатканда эмнесине көӊүл буруу керек?
– Эгерде союш үчүн кочкор ала турган болсоӊуз, анда семиз, куйругу чыккан, башы чоӊун алсаӊыз, эти берекелүү болот. Ал эми бизнес кылып, багып сатуу максатында алам десеӊиз, 6-7 айлык жаш козуну алыш керек. Себеби мындай курактагы козулар бат жетилгендиктен, 6-7 айдын ичинде эле сатканга даяр болуп калышат. Ошону менен катар анын сырткы келбетине дагы баам салып, башы чоӊ, тулку-бою узун, куйругу чоӊоё турганына көӊүл буруу шарт. Мындан тышкары анын породасына дагы басым жасоо керек.
– Азыркы тапта кандай породадагы кочкорлор өтүмдүү?
– Лейлек чөлкөмүндөгү мал базарларда Тажикстандан келген гиссар кочкорлору менен өзүбүздүн кара кочкорлорго болгон талап жогору. Тажикстан менен чектешкендиктен, тажик туугандар ушул породадагы кочкорлорду калтырбай алып кетишет. Мындан тышкары бул породадагы кочкорлор Бишкектеги мал базарларда дагы өтүмдүү болуп жатат.
– Гиссар кочкору менен кара кочкордун айырмасы кандай?
– Гиссар кочкорлор кара кочкорго салыштырмалуу көлөмдүү келет. Куйругу дагы чоӊ болот. Жакшы багылган болсо, 1,5-2 жаштагысы 130-150 килограммга чейин эт берет. Баасы 35-40 миӊ сомго чейин болот. Ал эми кара кочкорлор буга салыштырмалуу арзаныраак жана кичине келет.
Мусурманкул Садиров, Лейлек районунун тургуну, сатуучу:
– Мусурманкул мырза, кочкорду кантип семиртесиз?
– Кочкорду семиртүү үчүн күн сайын жем-чөбүн, суусун өз убагында берип туруу абзел. Эртеӊ менен, кечинде арпа бериш керек. Арпаны адегенде 200 граммдан баштап, бара-бара күнүнө 2-2,5 килограммга чейин арпа жей турган болот. Качан гана жеткен чекке жетип, андан ары жей албай калганда кочкорду базарга алып чыгып сата берсеӊиз болот.
– Кандай жайда багуу зарыл?
– Кургак жана салкын жайда багуу туура болот. Себеби кочкор ысыкта турса эттенбейт. Андыктан жайында салкын, кышында жылуу сарайдын ичинде багуу керек.
Эргеш Мамасалиев, Тажикстандын Пролетарск районунун тургуну, сатуучу:
– Эргеш мырза, Кыргызстанга дайыма келип турасызбы?
– Аба ырайына карайм. Күн жылууда келип, кочкорлорду сатып алам. Мен жашаган аймакта жума күнү мал базар болот. Ошого карата Лейлектен Тажикстанга сатып алып кетем. 3-4 күн баккан соӊ базарга чыгарып сатып жиберем.
– Эмне үчүн кочкорго басым жасайсыз?
– Себеби Тажикстандын климаты нымдуу келет. Кочкордун этинде, куйругунда пайдалуу заттар көп болгондуктан, денеге өткөн суукту тез кууп чыгат. Мындан тышкары тажиктер той-мааракелерде дагы кочкорду союшат. Ошондуктан кочкорго болгон талап жогору.

Бир кочкор үчүн

  • Гиссар кочкорун 10 000 сомго алсаӊыз, салмагына карата күнүнө 300 граммдан 2 килограммга чейин арпа берилет. Арпанын килограммы – 18-20 сом. Эгерде суткасына орто эсеп менен 500 граммдан жем бере турган болсоӊуз, күн сайын арпа үчүн 10 сом коротосуз. Жарым жылда 1800 сом. Бирок, башында айткандай, кочкордун эт байлаганына жараша жемди аз-аздан көбөйтө бере турган болсоӊуз, бул сумма жарым жылда 2500 сомго чейин чыгуусу мүмкүн.
  • Бир таӊгак чөп бир кочкор үчүн 2-3 күнгө жетет. Баасы 200 сомдун тегерегинде. 1 айга он таӊгак кетет – 2000 сом. Алты айга 12 000 сом. Кочкорду көлөмүнө жараша баалап, 40 000 сомго чейин сатса болот. Кеткен чыгым: 2500+12 000=14 500 сом 40 000-14 500=25 500-10 000=15 500 сом таза киреше.
  • Эгер беде, арпа-жүгөрүнү өзүлөрү эксе, ага кеткен чыгым эсептелбейт. Андан сырткары көбүрөөк пайда табам десеӊиз, жем-чөбүн күзүндө камдап койгонуӊуз оӊ.

Султан Төрөбеков,
Темирбек Матаев
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кой-козу багып-сатуу кирешелүү иш!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
insap
2015-01-19 17:12:46
Маанилүү кеңешке кулагым канды.
0
erali
2015-01-19 21:03:46
Ото пайдалуу кенештеринер учун чон рахмат Супер Инфо.мага койлорду кыркуу учун машинкалар керек эле,ким билет,Бишкекте же Ош Кара Суу шаарларынан табууга болобу,баасы канча ким билет,рахмат,бар болунуздар.
+1
Ayima
2015-01-19 21:31:54
Azamatsinar ushintip ishtep taap tapkan akchanar ash bolsun jigitter
+1
maksat2016
2015-01-20 10:20:31
Jakshy tema eken super info sizderge chon rahmat uwun jaryalap bergeninizder uchun sizderden suranam buka bakan firmerdi da tap jaryya kylyp koiunuzdar super info
0
admin_superstan
2015-01-20 11:33:05
maksat2016, саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/article/?article=20835
0
nuru95kg
2015-01-20 21:24:56
супер инфо маалымат ото сонун даярдалыптыр рахмат силерге! Ушул маалыматты Приньтер ден басып чыгаруу га болобу?
0
nuru95kg
2015-01-20 21:26:23
супер инфо силерге рахмат абдан жакшы даярдалыптыр маалыматынар, ушул маалыматтарды Приньтер ден кагазга чыгарып алуу га болобу?
0
admin_superstan
2015-01-21 11:24:47
nuru95kg, саламатсызбы! Албетте, болот. Ал үчүн макаланын төмөн жагындагы принтердин сүрөтүн басып, жаңы барак ачылганда Ctrl+P баскычтарын басыңыз.
+1
kubzero
2015-01-21 15:36:04
Бул бишкеке керектуу кенеш экен. А биз жакта натуральный семирет десем болот. Тоонун чокусуна чыгат да анан озу отоп былтыйат. Антип акча коротпой деле шарты келген жерге баксанар зынк эле болот. Айына 2000 жем, чопко кетиргенден коро 50 .60 койго 15 сом менен малчыга кайтарт зынк болот.
0
kubzero
2015-01-21 15:37:38
Ой 20.000 мин
15.000мин адашыпмын кечиргиле
0
Nurgazy0818
2015-01-22 12:13:32
Ассалааму алейкум баарыныздарга! Бул видеону кантип кочуруп алсам болот? Жардам берип койунуздарчы
0
admin_superstan
2015-01-22 12:27:51
Nurgazy0818, саламатсызбы!
Шилтеме менен өтүп, видеонун төмөн жагында "Көчүрүү" баскычын басыңыз:
http://www.super.kg/media/stv/134171/
0
ALBIKA
2015-01-24 22:27:27
Жыра тартпай дебей,жыга тартып деп жазсанар кулакка жагымдуу угулаар беле...
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан