КРИШТИАНУ РОНАЛДУ ДҮЙНӨНҮН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУСУ

12-январь күнү Цюрих шаарында ФИФАнын версиясы боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты футболчулар аныкталды. Анын жыйынтыгында, дүйнөнүн мыкты футболчусуна берилүүчү "Алтын топ" сыйлыгы португалиялык Криштиану Роналдуга ("Реал Мадрид" клубу) ыйгарылды. Ал мунусу менен 2-ирет катары менен, жалпысы 3-жолу дүйнөнүн мыктысы аталып отурат.

ТАЛАПКЕРЛЕР ТИЗМЕГИ
2014-жылдын мыкты футболчусуна Криштиану Роналду, Лионель Месси жана Мануэль Нойер ат салышты. Жыйынтыгында ийгилик Роналдуга жылмайып, ал атаандаштарын басып өтө алды.
Роналду 2014-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуу менен катар, башкы бомбардири боло алган. Ошондой эле ар бир оюнда көзгө толумдуу оюн көрсөтүп, жыл ичинде жалпы расмий оюндарда 67 гол киргизе алды. Жыйынтыгында «гол-машинасы» аталып, анын Дүйнө чемпиондугундагы натыйжасыз оюну көлөкөдө калып калды.
Ал эми анын башкы атаандашы Лионель Месси бул жылы мундиалда мыкты ойноп, Аргентинаны финалга чейин сүйрөп барса да, клубдук оюндарда өз деӊгээлинен төмөн ойноду.
Үчүнчү талапкер Германия жана Бавариянын дарбазачысы Мануэль Нойер азыркы футболдогу дөө-шаалардын арасында ордун таба алды. Дүйнө чемпиондугунун мыкты дарбазачысы аталып, учурда «Бавариянын» алмашкыс №1-оюнчусу болуп келет.

МЕССИ ЖЕӉИШКЕ БИР КАДАМ ЖЕТПЕЙ...
Салтанаттуу кеченин ток этер маалы да келип, атактуу француз футболчусу Тьерри Анри «Алтын топ» жеӊүүчүсүн атаганда эч ким таӊ калган жок. «Бул чек эмес. Дагы бир канча жыл жогорку деӊгээлде футбол көрсөтсөм дейм. Ошондой эле Мессиге да жетишим керек» деп билдирди дүйнөнүн мыкты футболчусу.
Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында экинчи орунга аргентиналык Лионель Месси татыды. Ал: «Чындыгында, Роналду менен Нойердин арасында менин жеӊишим күмөн эле. Кантсе да 2014-жыл Роналду үчүн ийгиликтүү жылдардан болду»,- деп билдирди.ө
Ал эми Мануэль Нойер бардыгы адилеттүү болгонун белгилеп, «Бул мыктылардын үчилтигине илингеним эле мен үчүн керемет. Акыркы жылдары футбол талаасында Месси менен Роналду көрүнүктүү оюн көргөзүп келишет» деп айтып өттү.

КИМ КИМГЕ ДОБУШ БЕРДИ?

• Роналду жана Месси өз добуштарында бири-бирин мыктылардын катарына кошушкан жок. Экөө теӊ өз командасында ойногон футболчуларга добуш ыйгарышты. Роналду Серхио Рамосту мыкты деп тапса, ал эми Месси Анхель Ди Марияны колдоду.
• Белгилүү дарбазачылар Икер Касильяс жана Жанлуиджи Буффон өз кесиптеши Нойерди алдыӊкы сапка чыгарышкан жок. Эки дарбазачы теӊ Криштиану Роналдуга добуштарын беришти.
• Ал эми Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин "Бавариянын" чабуулчусу Томас Мюллерди колдосо, курама команданын капитаны Азамат Байматов Роналдуну биринчи сапка койду.

СЫЙЛЫК ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

• Мыктыларды аныктоого 181 курама команданын башкы машыктыруучулары, 182 капитан жана 181 журналист катышкан.
• Добуш берүүнүн жыйынтыгында Роналду 1844 упай алды. Бул жалпы добуштун 37,7 пайызы. Месси 15,76 пайыз, Нойер 15,72 пайыз.
• Төрт гана журналист өз добушунда Мессини 1-сапка койгон. Ага салыштырмалуу Роналдуга 96 жана Нойерге 31 журналист добуш берген.
• Роналду «Алтын топ» сыйлыгын 3 ирет утуп алган Марко ван Бастен, Мишель Платини жана Йохан Кройф сыяктуу белгилүү футболчулардын катарын толуктады. Алдыда бул
сыйлыкты 4 ирет утуп алган Месси бар.
• Месси мыктылардын үчилтигине 8-жолу кирди. Ал 2-орунду 3-ирет алып отурат.
• Нойер футбол тарыхында мыкты үчилтикке кирген 6-дарбазачы. Мындайга акыркы жолу 2006-жылы Буффон (Италия) илинген.

ЖАЛПЫ БАГЫНТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ:
МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД КУРАМЫНДА:
УЕФА Чемпиондор Лигасынын жеӊүүчүсү (2008-жыл)
Англия чемпиондугу (2006-2009-жылдар)

РЕАЛ МАДРИД КУРАМЫНДА:
Испания чемпиондугу (2012-жыл)
Испания кубогу (2011-жыл)

ПОРТУГАЛИЯ КУРАМЫНДА:
Европа чемпиондугунда 2-орун (2004-жыл), 3-орун (2012-жыл)
«Алтын топ» ээси – (2008-2013-жылдар)


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Diana92kg
2015-01-19 15:57:47
мда, Кутту болсун!!!
0
Bekbol2015
2015-01-19 18:12:02
Адилеттуу болуптур
0
Ayperi94
2015-01-19 18:40:50
Менин журогум сезген болчу Роналдунун утушун...
0
Akman95
2015-01-19 19:14:20
Оооо даааа.бали Роналду.Мессиге жетип андан да ашып кет деп сенин досун Akman95
0
SULUU-KYZ
2015-01-19 19:32:51
Даа,мен да Роналду алса к.к деп ойлогом
0
sekelek96
2015-01-19 19:53:56
Suiomda ushunu
0
milashka7660
2015-01-19 21:39:38
месси деле нормально
+2
talantzhusupov95
2015-01-19 22:55:00
Нойер алыш керек эле!!!
+1
Seitbek.93
2015-01-20 02:04:13
Месси командасы м.н чогуу ойнойт,мындайча айтканда пас берет. А Ранолдо озумчул озум гол киргизсем дейт,и еще артист болгон болбогонго жатып алат жалганды эле.
+1
Seitbek.93
2015-01-20 02:10:03
Ранолдонун бир жылдык кирешеси,Мессиникине салыштырмалуу алда канча коп. А бирок Месси кайрымдуулук иштерге катышып келет.
0
koiluev-m
2015-01-20 13:25:00
Seitbek.93,досум жанылышпасан раналду кооб жардам берет месси еч качан жардам берген емес бир себеб месси ислам олкосуно эки милион акча которгон мусулман бир туугандарды олтургону интернетен окууп кор
0
koiluev-m
2015-01-20 13:26:44
Seitbek.93, сириада урушка ошол месси да колун салыб ок жана башка алгыла деп акча жоноткон менда мурда мессини сыйлачумун бирок ошол окуядан кийин козум ачылды
0
Erniet
2015-01-20 04:00:55
Байматов качан алтын топ алат экен
-1
Maxx
2015-01-21 04:13:36
koiluev-m Мен да Мессини ошентип угуп калам,себеби еврей дейт го.Талантына баа жок бирок.Роналду молодец,легенда болуп калат деп ойлойм как Пеле,Марадонна.
0
kubzero
2015-01-21 12:11:12
Месси деле зынк ойнойт. Эми футболдон да еврейлер 1 алса болбойбу?
0
Jakykg
2015-01-21 16:45:24
красавчик, молодец, эркеек!
0
mairamgul1234
2015-01-22 22:34:51
молодец! ийгилик
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан